Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Августтагы кыз ала качуу боюнча иш сотко өтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түп районуна кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши сотко өтпөй, тергөө иштери создугуп жатканын «Кылым шамы» укук коргоо уюму 23-сентябрда «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, ишти Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергеп жатат. Кыз ала качууга шектүү адам камакка алынган. Бул иш боюнча тергөө качан аяктай турганын райондук милиция кабарлай элек.

Кыз ала качуу фактысы быйыл 7-августта болгон. Бишкектен Түп районуна 23 жаштагы кызды ала качуу аракети үчүн шектүү катары үч киши кармалган. Укук коргоочулардын жана милициянын кийлигишүүсү менен ала качууга кабылган кыз Бишкек шаарына жеткирилген. Анын психологиялык жардамга муктаж болуп жатканы айтылган.

Шектүү тарап комментарий бере элек. Кыргызстанда кыз ала качуу кылмыш болуп эсептелет. 2013-жылы кыз ала качкан адамды 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам долбоору ишке кирген. Бирок кыз ала качууга толук чекит коюлбай жатат.

Өз алдынча иликтөөлөр жаңы үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде курулуп жатканын, кыз ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрыларын көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG