Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Аравандагы жыйында имамдар партиялардын үгүтүнө катышпашы керек экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-сентябрда Оштун Араван районундагы борбордук мечитте имамдардын жыйыны өткөрүлүп, анда парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын үгүн иштеринен оолак болуу зарыл экени айтылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, нике журналдары боюнча сөз болду. Жыйынга Ош облусунун казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана имамдар катышты.

18-сентябрда «Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жүргүзүп жатат» деген видео Интернетке тараган.

«Азаттык» Жураевдин өзү менен байланышканда ал Интернетте тарап жаткан тасма болжол менен жарым жыл мурда тартылганын, мечитке барып турарын, бирок үгүт башталганы бир да жолу чогулгандардын алдына чыгып сүйлөбөгөнүн айткан. Муфтият диний ишмерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырган билдирүү тараткан.

20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот. Үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG