Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Кудайдын атынан сүйлөөгө эч кимдин акысы жок


Мусулман илимпоздору да түркөйлүктү четке кагат. Фейсбук. 2015.
Мусулман илимпоздору да түркөйлүктү четке кагат. Фейсбук. 2015.

Башка цивилизация очокторунун, бөлөк этностун, диндин, расанын өкүлдөрүнө каршы тукуруу далаалаттары Исламдын жана башка диндердин негизги принциптерине каршы келет. Дин жана философия өңүттөрүн иликтеген серепчи Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Саясий маанидеги күч ар дайым артыкчылык берип турат. Так ошол себептүү саясий мааниде күч топтоо үчүн адамзат тарыхында коркунучтуу окуялардын катталгандыгы бардыбызга маалым. Дегеле өндүрүштүн бардык тармагы, анын ичинде өзгөчө курал-жарак өндүрүшү, биржа атаандаштыгы, согуштар буларга мисал... «Адамдын карышкыры – адам» демекчи, булардын бардыгы адамдардын кайсы бир топторунун ынтымакта жашоону эптей албай, жырткычка айланган бөлүгүнүн бири-бирине болгон үстөмдүк кылууга арзуусунун кесепети десек болот.

Эми, жырткыч адамдардын так ошол үстөмдүк согушунда динди кантип колдонгондугу тууралуу бир аз кеп кылалы.

Күч топтоо тууралуу сөз болгон жерде инсан ресурсу зор мааниге ээ экендиги белгилүү. Жүз миңдеген, балким, миллиондогон калайыкты бир же бир нече кишилер аркылуу башкаруу мүмкүн болгон жерде саясий кызыкчылык рол ойнобой койбойт. Бул үчүн, адатта, диний популярдуулугу жогору болгон инсандар колдонулары тарыхтан белгилүү.

Ээрчиме илдети жана тарых

Алсак, Европада «Кайра жаралууга» («Ренессанска») чейинки доордо чиркөөнүн таасири аябай күчтүү болгон. Кечилдин, диниятчынын же башка дин кызматкеринин айтканы дээрлик акыйкат катары кабыл алынчу. Кечилдер өздөрүн Кудайдын жердеги өзгөчө өкүлү катары коомго кабыл алдыра алгандыгы үчүн, массаны башкаруу алар үчүн кыйынга турган эмес.

Көпчүлүктү кыңк эттирбей баш ийдирген түшүнүк – мына ошол «Кудайдын өзгөчө өкүлү / ыйык киши» түшүнүгү болгон. Элдин аң-сезими төмөн, бир беткей ойлом басымдуу болгон. Кийинчерээк айтылуу Галилео Галилейдин билимге таянган гипотезасы жомок, догма менен эл башкарып жыргаган диниятчылардын «алтындан уютулган тагын» кулатып сала жаздаганда, жамы христиан эскичилдери жапатырмак жабышып, Галилейди чиркөөдөн четтетип, «Кудайдын душманы» кылып жарыялап тынчышкандыгы белгилүү.

Эми бул окуя тарыхта калды. Бир нече кылым мурдагы тийиштүү чөйрөнүн аң-сезимин, жалпы деңгээлин, диний түшүнүгүн, маданиятын, жашоо шартын эске алганда, балким, аларды түшүнсө болоор. Бирок мени таң калтырган нерсе – XXI кылымда, өнүгүүгө толук шарт түзгөн бардык маалымат ар бирибиздин колубуздагы алакандай аспапка сыйып калган мезгилде, дагы эле тарыхтагы катага кайрадан малынып жаткандыгыбыз.

Жеке диндарлыкпы же жамааттык диндарлыкпы?

Исламдын негизги булагы болгон Курандын эң алгачкы, маанилүү буйругу – бул «Оку!» деген буйрук болуп эсептелет. Ошол эле Курандын 273 жеринде Кудайдын «Ой жүгүрткүлө, акыл калчагыла, кылдат талдагыла» деген үндөөлөрү айтылган. Булар жетпесе: «Билгендер менен билбегендер бирге боло алмак беле?» (Зумар сүрөөсү, 9) деген түз кайрылуусун эске алуу керек.

Курандын жогорудагы принциптери Кудай менен кишинин ортосундагы алака-катышты талдоодо маанилүү рол ойнойт. Анткени, көрүнүп тургандай, Куран кишини толугу менен эркин болууга, Кудайдан башка эч кимге көз каранды болбоого үндөп жатат. Жогорудагы принциптер адамды таанып-билүүгө, билимдүү болууга, эркин ой жүгүртүүгө үндөп жатат. Мына ошондой агарган киши гана акырет менен коркуткан, өкүм берип кишилерди башкарууга келгенде Кудайдан «ашып түшкөн», динди калың журтту башкаруу үчүн колдонгон кара мүртөз жана түркөй дин кызматчысынын капканынан кутула алат!

Кудайдын киши менен болгон алакасы ар дайым жекелик гана мааниде мүмкүн болот. Буга эң чоң далил катары Куранда Кудайдын кайрылуулары жалпыга карай айтылгандыгын көрсөтүү мүмкүн. Тактап айтканда, бир үгүт-насаат же буйрук айтылаарда: «Оо инсандар!», «Оо ыйман келтиргендер!» деп кайрылган. «Каф» сүрөөсүнүн 16-аяты Кудай ар бир пендесине жекелик мааниде канчалык жакын экендиги айтылган. Булар Кудай менен кишинин ортосундагы алака-катышта эч кандай ортомчуга орун жок экендигин айгинелейт.

Демек, бүгүн эч кимди Кудайдын өзгөчө кулу катары көрүп, ага баш ийүүнүн, анын айткандарына дароо ишенүүнүн эч кандай кажети жок. Анткени ар бир кишинин өзү – Кудайдын өзгөчө кулу, сүйүктүү пендеси боло алат, аны менен болгон карым-катнашты ортомчусуз эле жүргүзө алат.

Бардык нерсени кылдат эсептеп, анан жараткан Кудай, бул маселеде да чоң коркунучтардын алдын алган, дешет билимдүү диниятчылар. Тактап айтканда, пендеси менен болгон карым-катнашта ортомчунун кереги жок экенин баса белгилөө менен куулардын жоош-момундарга үстөмдүк кылуу ыктымалын Кудай жокко чыгарган. Антпесе «Ренессанстан» мурдагы Европадагыдай болуп, христиандык эскичил диниятчылардын бейиштен жер, так сатып «жыргаган» кылыгы бүгүн да улантыла берип, далай пендени жүдөтмөк болчу.

Бул «ортомчулук» маселеси бүгүн деле мусулман дүйнөсүндө кадимкидей сес көрсөтүп келе жаткандыгы, бир тараптан, таң калтырса, экинчи тараптан, чочулатпай койбойт. Толугу менен билимдүү жана эркин болууга үндөгөн китепке ээ диндин мүчөлөрүнүн жанында өз шайыгы таңуулаган түркөй түшүнүктү жактап кеткен топтор чыккандыгы таң калтырат. Ал эми бир кишинин сөзү аркылуу миллиондогон түркөй кишини башкара билүү механизми, чындыгында, кооптонтпой койбойт.

Мунун жандуу өрнөгүн Жакынкы Чыгыштагы жакынкы өтмүштө болуп өткөн бытырандылыктардан көрүүгө болот... Эгерде ар бир киши диний мааниде Кудай менен жекече гана эсептешип, анын адептик принциптери менен гана жашагандын ордуна, эскичил айрым аалым, шейх, имамдарга, айатоллаларга түз баш ийип, алардын айтканын акыйкат катары кыңк этпестен кабыл ала берсе, анда бул нук бара-бара мамлекеттик деңгээлдеги жана, балким, эл аралык деле деңгээлдеги жиктелүүнүн, баш-аламандыктын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланышы толук ыктымал.

Так ушул себептерден улам бир канча айдан бери Исламда бардык киши бирдей деңгээлде жаратылгандыгына басым жасадым; чапанды канчалык келиштирип кийип, кишилерди түз эле өзү жаратып алгансып текеберденип, бир беткей насаат айтса да, эскичил диниятчылардан коркуштун кереги жок экендигин, аларга алданбаш керектигин, эскичил диниятчылардын кадимки эле кишилерден экендигин аңдоого үндөгөн макалаларды жаздым. Бул жазгандарым, арийне, кээ бир катмарлар тарабынан дароо эле «аалымдарга асылды, Исламга душмандык кылды, молдолорду жамандады» деген сөздөр менен коштолгон терс жооп тапты.

Эми, жекелик эмес топтук, жамааттык диндарлыкты алдыңкы планга чыгаруу кандай гана оор жоготууларга себеп болорун аңдабастан, ким акыйкаттын / жакшылыктын жанында, ал эми ким мунун каршысында экендигин терең ой жүгүртпөй туруп эле каралоону көнүмүш адатка айланткан айрым замандаштарым дагы бир жолу ойлонуп көрөт ко деген ойдомун.

Ээрчиме илдети жана күнүбүзгө саресеп

Жогорудагыдай коркунучтуу кесепеттер болуп кетпеши үчүн диний мааниде аша чаап, бир беткей насаат айткан кишилерди бүгүнкүгө чейин жакшы ниет менен сындаганмын. Аларды Кудайдын өзгөчө эмес, карапайым эле кулу катары кабыл алууга үндөгөм. Тактап айтканда, кайсы бир молдонун Кудайдын атынан сүйлөшүнө каршы чыктым.

Өзгөчө мусулман чөйрөнүн айрым өкүлдөрүнөн оңой эмес сынга калдым окшойт. Кудайдын атынан сүйлөгөн мынчалык коркунучтуу экенине тынчым кетип жаткан учурда, өзүнүн түз эле Кудай экендигин айтып чыккан кишинин сөзүнө да күбө болдук.

Өзүн «Арстан Алай» деп атаган замандаштын өзүн Кудай катары жарыялоосу, балким, азырынча коркунуч туудурбашы мүмкүн. Бирок, биз деген кишибиз. Кызыкчылыктар кээде кишини түз жолдон чыгарып кетиши толук мүмкүн. Мен Арстан Алай деп өзүн атап алган мырзаны жеке тааныбайм. Бирок жалпы киши баласы ким болоорун, инсандын табиятын тааныйбыз го...

Ар кандай диндер сыяктуу эле, Ислам дини деле мынчалык текебер болуучулукка жана түркөйлүккө, ой жүгүртүүдөгү жармачтыкка каршы турат.

Арстан Алай мырза түшүндө аян алгандыгын айтып, өзүнүн Кудай экендигин жарыялагысы келди. Мындай түш көрүү эч бир учурда коомдук өзгөчө макамга ээ болууга негиз боло албайт.

Жыйынтыктап айтканда, эч бир киши Кудайга башкалардан өзгөчө жакын эмес. Эч бир диний лидердин өз сөзүн гана чындык катары таңуулап айткандары Кудайдын сөзү, мүдөөсү, максаты боло албайт. Так ошол себептүү, Кудайдын атынан сүйлөө жана террор сыяктуу кылмыштарга үндөө, башка цивилизация очогунун, этностун, диндин, расанын өкүлдөрүнө каршы тукуруу далаалаттары Исламдын жана башка диндердин негизги принциптерине каршы келет.

Элмурат Кочкор уулу,

серепчи.

XS
SM
MD
LG