Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Эргешов: Жөрөлгөдөн адам өмүрү кымбат


Оштогу мечит.
Оштогу мечит.

Мусулмандар үчүн негизги майрам саналган Курман айт быйыл дүйнөдө коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди.

Мындан улам ажылык зыярат амалдары токтотулду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бир катар чектөөлөрдү киргизген. Курман айт намазына жаамат менен окууга жана башка диний жөрөлгөлөрдү топтолуп аткарууга тыюу салынды.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин түрмөгүнүн» кезектеги чыгарлышында ошол эрежелер тууралуу кеп кылдык.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов талкуулашты.

- Акимжан Эргешов: Жалпы калкты, Кыргызстан мусулмандарын кирип келген Курман айт майрамы менен куттуктайм. Кудай Таалам Курман айттын урматына эл-жерибизге тынчтык, аманчылык берсин. Башыбызда турган оор күндөрдөн батыраак куткарсын. Биздин кечээги куунак жашообузду кайра тартууласын. Кайра мурдагы жашообузга кайтып, эл-жерибизге шаттык орносо деген тилекти айтып өтөйүн.


- Муфтият Курман айт намазы жааматташып окулбай турганын айтты. Бирок курмандыкка жандык союу үчүн эл чогулат эмеспи. Пандемия шартында бул жаатта да сунуш, буйрук барбы?

- Пандемия мезгилинде эл төрт-бештен болуп дарыканага деле барып жатышпайбы. 30-40 киши базарга деле барып жатат. Мал сойгон жерде бир киши аны мууздайт. Бир киши терисин сыйрып, этин бөлөт. Бир киши баштыктарга салат.

Мусулманчылыкта союлган мал тазалыкты талап кыларын билебиз. Мал мууздалып, акыркы эт баштыкка салынып, муктаж адамдын колуна тийгенге чейин жогорку деңгээлдеги тазалык, санитардык эрежелер сакталат. Мына ошондуктан, бул нерсеге биз эч кандай буйрук чыгарган жокпуз.

Малды кандай союш керек? Кандай санитардык эрежелер сакталышы абзел? Бул шарияттын өзүнүн буйругунда камтылган. Бүгүнкү күндөгү пандемияга байланышкан шарттар албетте ар бир мусулмандын, ар бир акылы бар адамдын көңүлүндө камтылган деп ишенип турабыз. Андыктан, курмандык союуда өзгөчө буйруктарды чыгарып, аны бекемдеген жокпуз.


- Учурда Интернет айдыңында түрдүү коомдук уюмдар, ыктыярчылар тарабынан курмандыкка мал союу үчүн акча чогултуу акциялары жүрүп жатат. Бул шариятка ылайык келеби? Деги эле курмандыкка байланыштуу акча чогултуунун эрежелери кандай?

- Бул жүрүп жаткан акциялар шариятта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келсе, ага эч кандай тоскоолдук жок. Качан гана шарият койгон талаптарга так келбей калганда, алардын курмандыгы өз ордун таппай калат. Курмандыкка байланыштуу акча чогултуунун эрежелери кандай? Аталган эреже адамдарды жакшылыкка чакыруу, жакшылык келген мезгилде адамдарды ойготуп калуу, жакшы иштерди эсине салуу. Бул мусулман жааматынын бири-бирине калтырган жоопкерчилиги.

Бүгүнкү күндө дин кызматкерлери, түрдүү коомдук уюмдар менен фонддор социалдык тармактардан өздөрүнүн чакырыктарын жасап кайрылып жатышат. Ушул курмандык кылуу ишинен артта калбаңыздар, курмандыктын сооп мүмкүнчүлүктөрүнөн куржалак калбаңыздар деген. Бул эч кандай шариятка каршы келбейт.

- Учурдагы пандемияга байланышкан кырдаалды эске алуу менен Курман айтты кантип майрамдоону шарият, каада-салтыбызга ылайыктап өткөрүү боюнча өз сунуштарыңызды айта кетсеңиз.

- Шариятта көрсөтүлгөндөй биздин динибизде эки улуу майрам бар. Биринчиси - Орозо айт болсо, экинчиси - Курман айт. Курман айт - чоң айт экени айтылат. Бул айттын үч күнү майрам болуп саналат. Ал эми Орозо айттын алгачкы күнү эле майрам катары эсептелет. Ошондуктан, Курман айттын үчүнчү күнүнүн аср мезгилине чейин мал союуга уруксат берилген. Биринчи күнү жетише албай калгандар экинчи күнү, экинчи күнгө жетише албай калгандар үчүнчү күнү сойсо болот. Төртүнчү күнгө жеткирбей курмандык кылганга жетишип калуу керек. Төртүнчү күнү мал союлса, курмандык катары кабыл болбойт.

Муфтият жалпыга сыноо катары келген пандемиялык шартта беш убак намазды да, жума намазды да, бир жылда бир келүүчү айт намазды да токтотууга аргасыз болдук.

Бирок биздин коомдо дин менен каада-салт ушунчалык аралашып кеткен экен. Мурда байкалбаганы менен азыркы оор кырдаалда мунун кедергиси тийип жатат.

70 жылдык коммунисттик доордо адамдар диний жөрөлгөлөрдү кайсы бир каадалык жөрөлгөлөргө аралаштырып, өз көөдөнүндөгү муктаждыкты ишке ашырууга аракет кылышкан. Ушул себептүү адам каза болгондон кийин үчтүк, жетилик, кырктык, айттык, жылдык, аштык сыяктуу нерселер пайда болгон. Шариятта андай нерселер жок.

Азыркыдай оор учурда сабыр кылып, аза күтүп жаткан кишинин үйүнө барбай турганыбыз оң. Биринчиден, улуу майрамды кайгыга айлантуунун өзү туура эмес. Экинчи жагынан ашыкча чыгымга жол ачып, оору күчөп турганда элди топтоп, улуттук каада-салтка да сөз тийип жатат.


- Адат болуп калгандай эле айт күндөрү бири-бирибиздикине айттайбыз. Ушундай оору жайылган учурда маркумду эскерүүгө арналып, анын үйүндө өткөрүлө турган ырасымдарды кандай тартипте ишке ашыруу зарыл?

- Ар бир үйдө, ар бир адамдын, ар бир жаштын, ар бир картаң ата-энелердин колунда турган байланыш каражаттары аркылуу бири-бирибизди куттуктап, шарият койгон милдеттерди аткарып, жүзөгө ашырууга толук шарт бар. Телефон, видео байланыш, социалдык желелер аркылуу куттуктасак болот.

Азыр социалдык тармактарда «Эмне үчүн биз айтты майрамдабашыбыз керек? Эмне үчүн айтка чыкпашыбыз керек? Эмне үчүн айт намазын окубашыбыз керек?» деген сөздөр да айтылууда.

Биз шарияттын милдетин аткарып, адам өмүрүн жогору коюп, анын ден соолугун, коопсуздугун сактап, жараткан берген милдетти так аткарып жатабыз. Башкасын билбейбиз. Жаамат менен окула турган намазды токтотуу эл алдындагы милдет эмес. Кудай алдындагы милдет, жоопкерчилик. Биз динибиздин тууралыгы менен сыймыктанабыз. «Эмне үчүн аянтка чыгып намаз окубайбыз?» деген чакырыктар шарияттын түпкү максатын түшүнбөгөндөрдүн сөзү.

Ошондуктан, бул маселеде «бизге адам өмүрү кымбат» деп кескин, чечкиндүү айта алабыз. Себеби, Алла Таала өзү дагы адам өмүрүн баарынан жогору койгон. Адам өмүрүн сактоону милдет кылган. Адамдын абийирин, ден соолугун, кан-жанын, анын малын сактоо зарыл учурда биринчи орунга чыгат. Айрыкча, азыркы шартта. Учурдагы кооптуу мезгил бизге ушул нерсени милдет кылып турат.

Талкуунун аудиосун ушул жерден уга аласыз.

Пандемия Курман айттын эрежесин өзгөрттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:38 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG