Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Исламдын кыргыз маданиятына таасири


Бишкек окулган айт намаздардын бири. 2015-жыл.

Ислам дининин кыргыз тилине жана маданиятына таасирин тийгизүүдө.

Айрым замандаштарыбыз диний түшүнүктөр мусулманчылык аркылуу кыргыз элинин салтына азыр сиңирилип жатат дешсе, кээ бирөөлөр ислам дининин жөрөлгөлөрү эзелтен бери бизге жат болбогонун айтып келишет.

Түркиянын «Стамбул Айдын» университетинин доктору, арабист Инаятулла Азимов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов ушул маселе боюнча маектешти.

– Салттуу ислам дегенде биз ханафий мазхабын, матрудий акыйдасын түшүнөбүз. Ушул түшүнүктү чечмелеп берсеңиз. Кыргызстандык мусулмандар тутунган ислам башка ислам агымдарынан эмнеси менен айырмаланат?

Ислам дини кайсы бир улутка, мисалы, арабдарга эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын баарына таандык. Бул жалпы адамзатка жиберилген соңку, толукталган дин. Ошентсе да исламдын универсалдуулук жагы менен катар ар бир элге сиңген экинчи жагы да бар. Диндин универсалдуулугу – анын глобалдуу өзгөчөлүгү, аны кайсы бир элдин өзүнө ыңгайлаштырып кабыл алуусу улуттук маданиятка жараша болот.

Cалттуу ислам – бул өлкө мусулмандары үчүн негиз болгон Куран менен сүннөттү карманууда, исламга каршы келбеген жергиликтүү өзгөчөлүктү жана маданиятты тааныган дин.

Инаятулла Азимов
Инаятулла Азимов

Салттуу ислам – бул исламга ишенүү жана кабыл алуудагы фундаменталдык эмес, мелүүн жол, Кыргызстанга жана Борбор Азияга салттуу болгон, эзелтеден ата-бабаларыбыз карманып келген ислам.

Биз тутунган ханафит мазхабы башка мазхабдардан өзүнүн толеранттуулугу, ыңгайлуулугу, улуттук каада-салттарды исламдын баалуулуктарына каршы койбогондугу жана мамлекет менен дин ортосундагы өнөктөш мамилени бекемдөө үчүн идеологиялык негизи бар экендиги менен айырмаланат. Салттуу исламдын бул мүнөздөрү советтик мезгилдеги атеисттик үгүткө карабастан мамлекет менен чыр-чатаксыз жашап кетишине мүмкүнчүлүк берген.

Азыр коомдо болуп жаткан диний көп түрдүүлүк маселелеринде биздин маданият менен салттуу болбогон диний көз караштардын карама-каршылыгынан улам чыгып жатат. Өлкөдө диний негиздеги, анын ичинен бир эле диндин ичинде түшүнбөстүктөр болбошу үчүн, мамлекеттин жана коомдун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн “салттуу ислам” деген аталыштагы диний саясат жүргүзүлүшү керек.

Жоолук күнүнүн урматына Ош шаарында уюштурулган иш-чара. 2-февраль, 2020-жыл. Элечек оронгон жана жоолук салынган аялдар.
Жоолук күнүнүн урматына Ош шаарында уюштурулган иш-чара. 2-февраль, 2020-жыл. Элечек оронгон жана жоолук салынган аялдар.

– Кыргыздарга ислам дини качан тарай баштаган?

Кыргыздардын ислам динин кабыл алуу жараянын башка тектеш түрк элдеринен бөлүп карай албайбыз. Тарыхтагы маалыматтарга караганда, 960-жылдары Кашкардагы Караханилердин падышасы бүткүл Борбор Азияны Хивага чейин башкарып, Өзгөн шаарын борбор кылып турган. Ошентип, Караханилер мамлекети – түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын алгачкы мусулман мамлекети.

Сатык Бугра хан заманында Борбор Азияда 200 миң түтүн киши мусулман болгон. Сатык Бугра хан өзү "түшүмдө Мухамбетти көрдүм" деп, динге киргендигин айткан.

Кытайдагы кээ бир булактарга караганда, 1408-жылда “Жети-Сууда ойрот жана мусулман көчмөн, тиккени боз үй, ичкени кымыз, жегени эт түркий эл турат”, – деп айтылган. 1505-жылдары Ысык-Көлдөгү кыргыз ханынын аты Мухаммет Хайдар болгонуна караганда, анын өзүн жана элин мусулман болгон деп айтууга негиз бар.

Кыскача айта турган болсок, кыргыздар IX-X кылымдардан баштап мусулманчылыкты кабыл ала баштаган.

– Эми тил маселесине келсек. Исламдын кыргыз тилине тийгизген таасир кандай болгон?

Өтө чоң таасир тийгизген. Кээде кыргыздардын төл сөзүндөй көрүнгөн сөздөр арабча экенин айтсаң, ишенишпейт. Айрым окумуштуулар араб сөздөрү кыргыз тилине тикелей кирген дешсе, кээ бирлери коңшулаш жашаган уйгур, өзбек, тажик жана казак тилдери аркылуу кирген дешет.

Тарыхтан белгилүү болгондой, Талас согушунан башка учурларда кыргыздар арабдар менен тике карым-катышта болгон эмес. Анын үстүнө кыргыз тилиндеги ар бир араб сөзү башка маанилерге да өтүп кеткен учурлар кездешет. Азыркы кыргыз тилиндеги арабизмдердин өздөштүрүлүшүн ислам дининин жайылышы менен тыгыз байланышта кароо керек. Анткени ошол эле сөздөр Борбор Азиядагы башка тилдерде сөзсүз кезигет. Кыргыз жана араб тилдеринин, ошондой эле ортомчу тилдердин фонетикалык системасындагы айырмачылыктар да таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошентип, кыргыз тилиндеги арабизмдер бир топ тыбыштык өзгөрүүгө учурап, бүгүнкү күндө кыргыздын лексикасына биротоло сиңип, төл сөздөрдөй эле болуп калган.

Кыргыз тилиндеги арабизмдердин көпчүлүгүн диний маанидеги сөздөр түзөт. Калгандары ар түрдүү абстракттуу маанилерди, илим жана сабаттуулукка байланыштуу түшүнүктөрдү туюндурат. Мындан тышкары, ар түрдүү жаратылыш кубулуштарын, азык-түлүк жана курал-жарак, буюм аттарын билдирген араб сөздөрү да бар.

Ислам динине байланыштуу араб тилинин таасири азыр да тийип жатат. Мисалы, байыркы мезгилде “халал” деген сөз кыргыз тилине киргенде фонетикалык жактан өзгөрүп “алал” же “адал” болуп кеткен. Азыр ошол эле сөз эч кандай форматы өзгөрбөй “халал” деп кайрадан кыргыз тилине кирип жатат. “Алал”, “адал” деген сөздү бир нече жылдын ичинде “халал” деген ошол эле маанидеги, фонетикалык жактан өзгөрбөгөн түрү сүрүп чыгышы мүмкүн.

Диний терминдерге көнүл бурсак, акыркы кезде диний ишмерлерди атаган “шейх”, “устаз” деген сөздөр көп колдонула баштады. Демек, ислам дининин кыргыз тилине таасир этүү процесси токтой элек.

Жыйынтыктап айтсак, ислам дини кыргыз тилин байытты жана мындан кийин да байыта бермекчи. Тил өзү да өзгөрүп, өнүгө турган бир система болуп эсептелет. Араб сөздөрүнүн айынан кыргыз тили жок болуп кетпейт. Тескерисинче, байып, андан ары өнүгөт.

Маектин аудиосун угуңуз.
Исламдын кыргыз маданиятына тийгизген таасири
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:11 0:00
Түз линк

Мурзахалилов: Дин, анын ичинен ислам кыргыздын салтын, үрп-адатын жана кулк-мүнөзүн өзгөртө алдыбы?

Азимов: Албетте, диндин маданиятта, цивилизацияда өзгөчө орду бар. Кыргыз маданияты менен ислам дини бири-бирине каршы келбестен, тескерисинче, толуктап турат.

Кыргыздын маданияты үч түркүктөн турат. Биринчиси – исламга чейинки байыркы кыргыз маданияты (теңирчилик, шаманизм). Экинчиси – кыргыздар мусулман болгондон кийинки ислам маданияты. Үчүнчүсү – азыркы батыш же орус маданияты. Кыргыз маданиятын бул үч түркүксүз да элестете албайбыз. Анын сыңарындай, исламдын кыргыздын салтындагы, үрп адатындагы, маданиятындагы таасирин эч качан тана албайбыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG