Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Өлүмдөн коркуу керекпи?


Жалаледдин Руминин китебинин англисче котормосу.

Жаш илимпоз жана блог жазуучу Элмурат Кочкор уулу өмүр жана өлүм тууралуу дүйнөлүк ой мурастын үлгүлөрүнө кайрылат.

«Адам үчүн эң чоң коркунуч – түбөлүккө жок болуу».
Паул Тиллих

«Өлүм – түбөлүккө жок болуу эмес. Ал – бизди чыныгы мекенибизге алып бара турган кеме. Чыныгы мекенде жоктук, сагыныч жана кайгы-капа жок.»
Кинди

Адам баласынын табигый жашоо ыргагына карасак, ал туулат, жетилет жана өлөт. Адам баласы үчүн жашоо канчалык табигый болсо, бул дүйнө менен кош айтышуу да ошончолук табигый болууга тийиш. Өлүм – бир абалдан экинчи абалга өтүү гана!

Кинди, Фараби, Ибн Сина, Фахреддин Рази сыяктуу ислам дүйнөсүнүн жана башка цивилизация очокторунун философторунун дээрлик бардыгы ушул көз карашта.

Адатта өлүмдү «жок болуу» катары сыпаттоо – адамдын жүрөгүнүн үшүн алат. Анткени «жок болуу» – белгисиздикти, белгисиздик – кооптонууну алып келет. Өлүмгө болгон коркуу сезиминин, жакшы көргөн бирөөсүн жоготкондогу терең кайгыруунун/кооптонуунун түпкүрүндө «өлүм» феномени тууралуу тайкы түшүнүк жатат. Бул тайкы түшүнүктүн негизинде билимсиздик жана маалыматсыздык жатышын көрүнүктүү ойчулдардын көбү өтмүштө эле белгилеп айткан тура.

Ушундайда суроо жаралышы табигый көрүнүш. «Өлүм» түшүнүгү кандай болушу керек эле? Келиңиздер, бир канча ойчулдун кебине кулак төшөп, андан соң «өлүм» түшүнүгүн дагы бир жолу көздөн өткөрөлү.

Философтордун «өлүм» түшүнүгү

Албетте баардык философтордун бирдей ой жүгүртөөрүн күтүү туура болбойт. Эркин ой жүгүртүү, эркин түрдө тыянак чыгаруу – философиянын табиятында бар. Биз бул жерде тарыхта из калтырган бир канча ойчулдун ой-пикирине токтоло кетели. Ал эми, өлүм феномени тууралуу кандай тыянакка барууну окурманга коюп берели.

Луций Анней Сенека

Сенека өлүм коркуусу тууралуу «Өлүм – жамандык эмес. Бирок, жамандык сыяктуу көрүнөт. Өлүмдөн коркуунун себептеринен бири – туура маалыматсыздык болуп эсептелет. Анткени, билинбеген нерсе бизди коркутат, сарсанага салат. Рухубузду күчтөндүрүү аркылуу андан коркпоону, ага коркпостон жакындоону үйрөнүүбүз зарыл.» деп айткан.

Эркин ой жүгүртүү, эркин түрдө тыянак чыгаруу – философиянын табиятында бар.
Э.Кочкор уулу

Кинди

Алгачкы ислам философу катары билинген Киндинин оюна караганда, болбой койбой турган нерсеге кайгыруу күнөөгө жатат. Өлүм да ушундай. Анткени, ал – бизди чыныгы мекенибизге алып бара турган кеме гана. Өлүм тууралуу жаман түшүнүктүн калыптануусу – билимсиздиктен улам гана болот.

Кинди бул абалды сонун бир метафора менен түшүндүрүп берген экен: « Боордо жашаган, андан башка эч бир органды тааныбаган заттын акылы болгонун элестетели. Анын өнүгүшүнө жакшыраак шарттарга ээ башка органга көчүрүү сунушталса да, ал бул абалдан улам кайгы-капага батмак. Ал тургай, ага уруктукка айланып, көбөйүп, өнүгүп өсүшүнө шарт түзгөн жатынга көчүрүүнү сунушталса, уруктуктан адамга айлануу жараянын билбегендиги үчүн, бир мурунку абалдан эселеп көп сарсанаага батмак. Ал затка жатындан чыгып, кең дүйнөдө жашоо сунушталса да абал өзгөрмөк эмес. Аныгында, бул кең дүйнөгө чыгып жашап көргөн соң, ага жатынга кайра кайтуу сунушталса, такыр кабыл кылмак эмес. Так ушул сыяктуу, дүйнөдөн көчүп кетүү да аны капалантмак».

Фараби

Абу Наср Фарабинин ою боюнча да, өлүмдөн коркуу – билимсиз (караңгы) адамдарга тийешелүү өзгөчөлүк. Анткени, билимсиз адам бактылуулуктун өлүм менен соңуна чыгаарына ишенет. Аныгында, өлүм кишини азаттыкка чыгарат жана соңсуз бактылуулукка жеткирчү кечит гана!

Фараби жашоонун маани-маңызын – асыл-нарктуулукка (пазилеттүүлүккө) жетүү деп эсептейт. Башкача айтканда, билген, үйрөнгөн жакшы нерселерди күнүмдүк жашоосунда жүзөгө ашырууну мүнөзгө айлантырып алууну – жашоодогу эң улуу максат деп эсептейт. Ушул себептүү, Фараби асыл-нарктуу кишинин өлүмдөн коркуусуна эч кандай негиз жок экендигин жактайт. Түбөлүк бактылуулукка алып барчу жол – дүйнөдө жакшы кулк-мүнөзгө ээ болуудан башталат.

Ибн Сина

Ибн Сина дагы өлүм тууралуу жогорудагыдай көз карашка ээ. Ал дагы өлүм коркуусунун бир нече себептерин санап өткөн. Аларды жыйынтыктап келгенде, Ибн Сина дагы негизги себеп катары өлүм феномени тууралуу билимге, туура маалыматка ээ болбоону айткан. Анын оюнда өлүм – рухтун жетилүүсү гана. Бул философтун дүйнө таанымында өлүм феноменин бүтүүнүн эмес, башталгычтын каалгасы катары кабыл алуу туура болот.

Ибн Сина өлүм феноменин, төмөндөгүдөй метафора менен түшүндүрөт:

Анын ою боюнча, дүйнө жашоосу – деңиз, акырет жашоосу – топурактагы жашоо, кеме – кишинин денеси, ал эми киши өзү – рух. Кишинин дүйнөдөгү жашоосу – кемени башкарып бараткан кишинин деңиздеги сапары сыяктуу. Киши үчүн негизги жашачу жери – топурактын үстү (кыртыш) болгондуктан, сапар карыган учурда деңизчи кемесин таштап, топуракка кадам коюп кете берет. Мындай учурда кеме функциясын жоготкон менен, кемечи жок болуп кетпегендей эле, өлүмдөн кийин кишинин руху жоголбойт, түбөлүк жашоого кадам таштайт.

Жыйынтык

Адамды өлүм коркуусуна түрткөн негизги себеп – белгисиздик же өлүмдөн кийин жакшы жашоонун бар экендигине ынанбоо болуп саналат. Башта философия болуу менен бирге, метафизика, теология илимдеринин салмагы так ушул жерде билинет. Анткени, адам табигый түрдө эртеңи үчүн кабатырланат, аны кепилдикке алууну каалайт. Бул үчүн өлүм феномени, акырет, Кудайдын табияты тууралуу билимге ээ болуу алгачкы шарт болуп саналат. Дал ушул жерде, Курандын негизинде Кудайды жазалоого даяр турган каардуулуктун эмес, мээримдүүлүктүн булагы катары таануу туура болоорун эске түйүп алуу абзел экендигин белгилеп өткүм келет.

Жогоруда биз сөз кылган философтор менен катар Фахреддин Рази, Ибн Мискавейх сыяктуу атактуу ойчулдар да толугу менен жогорудагыдай ойлорду бөлүшкөн.

Жыйынтыктап айтканда, өлүм феноменин кандайдыр бир жок болуу же коркунучтуу бир жүрүм катары көрүү туура эмес. Өлүм – асыл-нарктуу киши үчүн – жыргалчылыктын, начар, адеп-ахлактык принципти карманбаган киши үчүн – азаптын башаты. Бул чындыкты Фараби, түбөлүк бактылуулукка жетүүнүн биздин бул дүйнөдө жакшы киши болуп жашап өтүүбүз менен гана мүмкүн болоорун айтуу менен белгилеген.

«Маселе ушунчалык так, даана, түшүнүктүү болсо, эмне үчүн өлүм феномени биздин аң-сезимге мынчалык коркунучтуу нерсе катары кийирилди? Бул тайкы түшүнүктүн калыптануусунда канчалык салттык жана канчалык диний таасир тийген?» – деген суроо жаралышы мүмкүн.

Албетте, өлүм жана өлүмдөн кийинки жашоонун баскычтары жөнүндө туура эмес түшүнүктөр бул экөөнүн тең таасиринде калган. Мунун канчасы каада-салттык, канчасы диний экенин эсептөө албетте мүмкүн эмес. Бирок, кылымдар бою уланып келе жаткан Ислам маданиятынын эркин ой чабыт жаатындагы кризисинин кесепети чоң.

Бүгүн да исламий делген китептерде өлүм тууралуу Курандын принциптерине, Мухаммед пайгамбардын дүйнө таанымына такыр байланышпаган нерселердин орун алып жана дагы деле диний сукбаттарда жаңырып келе жаткандыгы мусулман ой чабытынын заманбап кризисинин канчалык терең экендигинен кабар берет.

Бирок, бир жагдайды унутпоо керек!

Бир түшүнүктүн көпчүлүк тарабынан кабылданышы, көп жерде айтылгандыгы, көп китепте орун алгандыгы – анын туура экендигин сөзсүз эле айгинелебейт! Менин жеке көз карашымда, ислам маданиятындагы эң чоң көйгөй – мына ошол Куран жана акыл менен эсептешпестен, түркөйлүккө малынып жашап келе жаткан айрым замандаштардын эскичил аң-сезиминен улам көптөрдүн көз караштары бир беткей калыптанып жаткандыгында...

Бир сөз менен айтканда, өлүмдүн маңызы адамдан адамга анын турмуштук таалиминин мүнөзүнө жараша өзгөрөт. Демек, маселе – ар бир пенде, киши катары, атуул катары, бул жалганда кандайча жашап өтүүсүндө гана...

Өмүрдөн өлүмгө алмашаар көз ирмем тууралуу айырмалуу ойду улуу ойчул, сопучул акын, данакер гуманист Жалалиддин Руми:

«...Жасатымды көргөндө «Айрылдык!» деп боздобо.

Ал убак – менин сүйүктүүмө жолуккан убагым!» ––

деп көркөм айтып, адамзатты сабыр кылууга үндөп кеткен экен.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Эң башкысы, эч ким оорубасын, жамандыкты эч ким жолотпосун, эл-жерибиз ынтымак менен азыркы алааматтуу илдетти жеңсин! Ал эми эң соңку көз ирмемдерди Жараткан ар пендеге кечинен берсин!..

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG