Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:46

Кыргызстан социологдор коомунун төрагасы, Евразия социология биримдигинин теңтөрагасы, мударис Кусеин Исаевдин 80 жылдыгына арналган шакирттик блог.

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору, социология профессору, Орусия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Кыргызстан социологдор коомунун төрагасы, Евразия социология биримдигинин теңтөрагасы, мударис (профессор) Кусеин Исаев өмүрдүн 80-ашуусун жигердүү багындырууда.

К.Исаевдин өмүр жолунун илимий-чыгармачылык бийиктиги, масштабы, тереңдиги, көрөңгөсү, педогогдук устаттыгы, аксакалдык ариети ж.б. жашоонун ар кыл жолундагы кырларын узун сабак кеп кылсак болот. Бул жолу анын публицисттик ишмердүүлүгүнө гана токтолсок деп турам.

Мударис Кусеин Исаев өмүрүнүн 65 жылын публицистикага арнап келе жатат. Анын алгачкы, тырмак алды журналисттик макаласы окуучу кезинде 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. Кийин студент кезинен баштап “Ленинчил жаш” гезитинин туруктуу авторуна айланганын байкайбыз. Совет заманындагы Кыргызстанда чыгып келген “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия”, “Кыргызстан маданияты” гезиттерине дагы публицистикалык макалалары байма-бай жарыяланып келген.

Профессор Кусеин Исаев публицист катары советтик гезит-журналдар менен тыгыз кызматташкан. Айтылуу “Коммунист” журналынын редакция мүчөсү (1978-жылдан баштап), Билим берүү министрилигинин Редакциялык-басма кеңешинин башчысы, республиканын “Билим коомунун” президиум мүчөсү болгон. СССРдин (Москвада) “Илимий коммунизм” журналынын редколлегия мүчөсү, (1982-жылдан баштап) СССРдин Жогорку жана орто билим министрилигинин коомдук илимдер башкармасынын президиумунун мүчөсү, Бүткүл союздук “Билим коомунун” башкарма мүчөсү сыяктуу тапшырмаларды аткарган.

Кусеин Исаев агайдын Кыргызстанда кайра куруу заманында (1986-1990-жылдары) популярдуу болгон “Асаба”, “Кыргызстан маданияты” басылмаларына жарык көргөн аналитикалык курч макалалары кыргыздын улуттук аң сезимин көтөрүүгө жана көз каранды эместикке умтулуусун өстүрүүгө чоң түрткү болгон.

Кыргызстан көз каранды эместигине жетишкен 1991-жылдан кийинки мезгил Кусеин Исаевичтин публицисттик чеберчилигинин жаңы этабы десек болот. Моюнга ала турган бир көрүнүш: кыргыз маданий элитасыбы, илимий элитасыбы, саясий элитасыбы, алардын арасында публицистика жазган (өз колу менен!), аны күндөлүк жашоосунун бир бөлүгү катары кабыл алып келаткандары саналуу гана.

Ошол саналуулардын сап башында Кусеин Исаев агай турат десем жаңылышпайм.

Агайдын публицистикасы темасынын актуалдулугу, мейкиндиги, тереңдиги, эмоционалдуулугу менен айырмаланат, ошонусу менен өзгөчөлүү. Мударистин публицистикасы коомдогу маселенин ачык айтылышы, көйгөйдүн себептеринин так көргөзүлүшү, чечмелениши, суроонун жандырмагынын берилиши менен бийик турат.

Автор коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү сындап эле койбой, аны чечүүнүн жолдорун айтат, келечегин, жаман жагын болсо кесепетин да ачык айтат.

Агайдын публицистикасында өз улуту, кыргызды сүйгөндүгү ачык, даана көрүнүп турат. Бул жагынан мударис Кусеин Исаев – улутчул публицист.

Социолог окумуштуу Кусеин Исаев.
Социолог окумуштуу Кусеин Исаев.

Кусеин Исаевдин публицистикасын көп багыттуу, көп тармактуу катары 3 чоң топко бөлүп карасак болот.

1. Саясий публицистика: Мударис Кусеин Исавдин бул багыттагы макаларында мамлекеттүүлүк негизи эмнеде, демократия прициптери эмне үчүн иштебейт, мамлекеттин башкаруу формасы, мамлекеттик идеология кандай болушу керек, Кыргызстандагы көп партиялуулук көйгөйү жана келечеги, кыргыз саясий элитасынын бедели, революциялар сабагы, шайлоо шарапаты, парламентаризмдин параметрлери, эл аралык мамиле маселери ж.б. өзөктүү темалар түзөт.

2. Социалдык публицистика: Агайдын бул багыттагы публицистикасында балдарга карата зомбулук кыргыздын дүйнө түшүнүгүнө чыккынчылык, илим - тозбогон кудук, билбеген киши дудук, мугалим - социалдык чечүүчү күч, социалдык маалымат – туура чечимге өбөлгө, рухий дөөлөт менен билимдин үстөмдүгү жетишпей жатканы ж.б. социалдык көйгөйлөр жөнүндө чоң сөз кылып келатканын байкайбыз.

3. Кыргыз таануу публицистикасы: Кыргыз ким болгон? Кыргыз ким болот? деген суроолор агайдын жазгандарынын өзөгүн түзөт.

Автор ал суроолорго бардык макалаларында жооп табууга аракет кылат. Кыргыздар - көчмөндөр цивилин түзгөн улуу калк. Уруулук кызыкчылыктан элдин кызыкчылыгы бийик туруш керек. Манасизм – кыргыз таануунун негизи. Улут жана улуттук кайра жаралуу. Мекенчилдик, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук – кыргыз идеясы. Кыргыздар – көчмөндөр цивилин жогорку деңгээлге жеткирген улуу калк. Иденттүүлүк, иденттешүү, иденттештирүү – кыргыз мамлекетин бекемдөөнүн булагы. Баарын жыйыттыктап келгенде Кыргыз мамлекетинин келечеги, Кыргыздын ооматы Чыгышта экенин ж.б. көптөгөн актуалдуу маселелерди ар тараптуу ачып берүүгө, далилдөөгө аракет кылат.

Кусеин Исаев агайдын публицистикасында портреттик очерктер өзгөчө орунда десек болот.

Улуу ойчулдар, даанышмандар: Абу Наср ал-Фараби, Ибн Халдун, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари Барскани, Ахмед Йассавинин; кыргыз баатыр Алыбектин, кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан инсандары: Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимовдун, өз замандаштары: Чыңгыз Айтматов, Азиз Нарынбаев, Ракым Усубакунов, Ильяс Касендиев, Бектемир Мырзаибраимовдун ж.б. мекендештерибиздин портреттерин чоң чеберчилик менен ачып берген.

Кусеин Исаев – балдарын, үй-бүлөсүн сүйгөн инсан, Бостеридеги туугандарын, бостериликтерди сүйгөн инсан, Ысык-Көлдүн ар бир тамчысын, ар бир ташын сүйгөн инсан.

Кусеин Исаев – жети дубан Ала-Тоо жергесин – улуу Кыргыз мамлекетин жанынан артык сүйгөн инсан. Мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн дурус маанидеги улутчул публицист КЫРГЫЗ!

Бакыт Орунбеков,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика кафедрасынын башчысы, саясий илимдердин кандидаты

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG