Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

КУСЕИН ИСАЕВ: КОНСТИТУЦИЯБЫЗ КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК ТАЛАМДАРЫНА ЖООП БЕРБЕЙТ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши профессор, саясат таануучу Кусейин Исаев болду. Профессор менен маек өлкөдө бүтпөй көп талаштан башы чыкпай келаткан конституциялык реформа жөнүндө жүрдү.

- Бүгүн Конституциялык сот Баш мыйзамдын ноябрь, декабрь редакцияларын жокко чыгаруу боюнча эки депутаттын арызын караганы турат. Атамбаевдин тобу иштеп чыккан долбоорго таандык арызды кошкондо учурда Конституциялык сотто дагы үч арыз жатат. Кээ бир саясатчылар Констиуциялык сот өлкөнү 2003-жылкы Конституцияга кайтып келиши мүмкүн дешүүдө. Сиз кандай чечимди күтүп жатасыз?

- Кандай чечим болсо дагы бул Конституция эч убакта кыргыз элдин эртеңки талабына, кызыкчылыгына жана максатына жооп бербейт. Мына биз 17 жылдан бери азаттыкта жашап атабыз, 7 Конституцияны көрдүк. Бүгүнкү күндүн күн тартибинде дагы Конституциянын 4 долбоору туруп жатат. Ушулардын баарын карап көрсөңүз бири дагы кыргызча жазыла элек. Экинчиден, биринде дагы кыргыздын келечек максаты, эмне үчүн азаттыкка чыккан, жакынкы жана алыскы кошуналар менен кандай жашаш керек, жеринин бүтүмдүгү, элинин тынчтыкта байкерликтүү жашашы жөнүндөгү маселелер коюла элек. Ошон үчүн бүгүнкү күнү талкууланып аткан маселе менимче кыргыздын негизги максатына жооп бербейт. Карап көрүңүз, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияны Акаевдин учурунда төрт жолу референдумда карап атып, аны жокко чыгардык. Андан кийин үч жолу Конституцияны өзгөрттүк. 1993-жылкы 5-майдагы Конституциянын деңгээлине жете элекпиз. Мындан кийинки Конституциянын долбоору батышташууга көбүрөөк ык коюп жатат.

- Демек сиз 93-жылкы Конституцияны жактайт турбайсызбы?

- Аны мен жеке өзүм жактагандыкта эмес, ошол Конституцияда көбүрөөк кыргыздын нукура максаты жана тилеги калыптанышкан болчу.

- Бирок эми анын реалдуулугу, ыктымалдыгы канчалык ошого кайтып баруунун, азыр саясий күчтөрдүн ортосунда талаш-тартыш абдан көп болуп атат. Акыркыcы Атамбаевдин долбоору делип атат. Бирок ошондон майнап кандай өңүткө чыгышы мүмкүн реалдуу караганда?

- Реалдуу караганда, албетте, бүгүнкү биздин саясат күчтөрү жана жүздөн ашык партиялардын максаты элдин кызыкчылыгы эмес, ар бири жеке өзүнүн саясий кызыкчылыгын коюп жатат. Ошон үчүн менимче эгерде саясатчылар жана саясат жетекчилери анча-мынча намысына келип, баш кошушуп, бирдиктүү элдик, улуттук конституциянын үстүндө иштей алса, анда алда канча максаттуу болор эле. Анын үстүнө конституцияны жалпы эл жана көпчүлүк жаза албайт. Аны адистер гана жазышы керек.

- Азыр президент Курманбек Бакиев өзү реформаны каалабай жатат, декабрь конституциясы толугу менен аны канаттандырат деген пикирлер айтылып атат. Сиз президенттин реформага каалабай жатышына ынанасызбы?

- Мен президенттин жанында жүргөн жерим жок. Бирок президент деле өзүнүн эртеңки тагдырын ойлосо, албетте, анын тагдыры элдин тагдыры менен кошо байланышкан болушу керек. Демек, жакшы Конституция кабыл алганга ал да ынтызар болуш керек. Президент тигиндей-мындай болуп атат деп сыртынан айткандан алысмын. Бирок анын өтө шашпагандыгы, токтоолук кылып жаткандыгы бир нерсе күткөндөй болууда.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG