Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

КУСЕИН ИСАЕВ: ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ БОЮНЧА ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН МАСЕЛЕ КӨП


Саясат иштери боюнча адис, профессор Кусеин Исаев Кыргызстанда жаңы Конституциянын кабыл алынганына байланыштуу өзүнүн ой-пикирлерин «Азаттык» менен бөлүштү.

- Жаңы Конституцияны интеллегенция жамааты кандай кабыл алды, кандай ой-пикирлериңиз бар?

- Бул Конституция боюнча, албетте, азыр бир бийлик жалпы журтта калыптана элек. Ноябрь айынын биринчи чейрегиндеги бийлик менен оппозициянын элдешкис тирешүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын шашылыш, Жогорку Кеңеште талкуусуз кабыл алуу менен аяктады. Республиканын коомчулугу, жарандары Ата мекендин улуттук жаңылануусунун тарыхый баш мыйзамын күткөн эле да. Акыркы бир жарым жылдын ичинде республикада жыйырмага жакын Конституция долбоору жарыяланган. Анын ичинде Конституцялык кеңештин долбоору, президент түзгөн жумушчу топтун даярдаган башкарунун президенттик, парламенттик, же болбосо аралаш президенттик-парламенттик башкаруусу деген үч долбоор бар болчу. Республиканын маалымат каражаттарында жаңы Баш мыйзам кандай болуш керек деген кеңири талкуу болгон. Бирок ноябрь айынын биринчи чейрегиндеги саясий оппозициянын президентке жана бийликке каршы болгон күрөшүүсүнүн натыйжасында алардын биринчи талабы Конституцияны реформалоо маселеси коюлган болчу. Ошентип, эч жерде талкууланбай туруп эле президент сунуш кылган Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынып калды.

- Өзүңүз айтып айткандай, бир жарым жылга созулган талкуулардын натыйжасында деле Кыргызстан Баш мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алууга бышып жетилип калган жок беле?

- Коомчулук жетилип калган. Бирок мен айтып атпаймбы, Конституциянын 20 долбоору бар эле деп, андан тышкары президенттин өзүнүн долбоору, Конституциялык кеңештин үч добоору, мына ушулардын барын салыштырып, кайсынысы жакшы, кайсы жоболорун алсак болот, ушул жоболор Кыргызстандын улуттук жаңылануусун камсыз кыла алабы, дүйнөлүк өнүгүүсүндө кандай салымдарды кошо алат деген маселелер кеңири талкууланыш керек эле. Бирок андай болбой калды. Конституциянын биринчи статьясында карап көрүңүз, ошондо улуттук, жарандык жана социалдык өнүгүү деген маселелер анчалык болгон эмес. Сиздер Батыштан жакшы билесиздер, ФРГнын Конституциясынын 14-статьясында социалдык мамлекет деген түшүнүк бар.

- Жаңы Конституцияда жазылды го Кыргызстан социалдык мамлекет деген?

- Ошол социалдык мамлекет деген бизде жок болуп атат. Конституцияда жазылды, бирок ошол чечмеленген жок. Кандай болуш керек социалдык демократия, социалдык жетиштүүлүк, акыйкаттык, бакубаттык жашоонун, эркиндиктин социалдык маселелери каралыш керек эле, чечмелениш керек эле. Менин пикиримче, Конституциянын мазмунунда ушул маселелер чечмеленген жок. Андан тышкары партиялык жөнүндө болду, депутаттарды көбөйттүк. 45 депутат партиялык тизме менен шайланат деп айтылып калды. Бирок Кыргызстанда бүгүнкү күнү 70тен ашык партиялар атайын расмий каттоодон өткөн. Демек партиялык тизме менен кандай шайлоо өткөрүлөт, же эмки шайлоого чейин партиялар биригишип чоң саясий күчкө айланабы. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык оң, сол жана аралаш болуп саясий программаларда такталабы. Бизде азыр партияларды түзүү боюнча лидерлердин тегерегинде чогулган анча-мынча адамдардын партиясы болуп жатат. Демек жаңы Конституция кабыл алынганы менен көп маселелерди туудуруп атат. Ошон үчүн республикабызда бул маселелер боюнча Конституциянын мазмуну, маңызы, келечектеги тагдыры боюнча бирдиктүү пикир түзүлө элек, дискуссия жаңыдан эле башталып атат.

- Кусейин мырза, бирок факт, бул Конституция кабыл алынды. Эми жок дегенде Кыргызстан ушул Баш мыйзам менен дагы он жыл жашап көрүш керек го, туурабы?

- Ал туптуура. Бирок азыркы оппозиция дагы кандай талаптарды коет, эмне болот, бул боюнча дагы Конституциянын канчалык деңгээлде Баш мыйзам катары ошону менен иштейт. Бул дагы чечиле элек маселе.

XS
SM
MD
LG