Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

БШК Аравандагы мушташтан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. БШКнын 24-сентябрдагы жыйынында бул чечимди комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдошту.

Файзуллаев «Биримдик», Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болуп катталган.

Жыйында партиялардын да жоопкерчилигин кароону комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок.

20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG