Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Элди чайкаган «экинчи форма»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан 12 партия №2 формага байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылды.

Бүгүнкү күнгө карата №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 500 миңге чамалады. Бул рекорддук көрсөткүч шайлоочулардын активдүүлүгүнүн белгисиби же айрым партиялардын добуш топтоо амалыбы? Бул көрүнүш шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирбейби?

«Арай көз чарай» талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, шайлоо маселелери боюнча эксперт Тагир Осмоналиев жана коомдук активист Руслан Усманалиев катышты.​

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, мыйзам боюнча кандай учурда, кимге, кандай шартта №2 форма менен катталууга, добуш берүүгө укук берилет? Кандай максатта бул жобо киргизилген?

Абдыжапар Бекматов: - «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын негизинде Кыргызстандын жарандары өз арызы менен шайлоо участогун өзгөртүп алууга укугу бар. Мыйзамга мындай жобо биздин өлкөдө сырткы жана ички миграция процесси көп экендиги эске алынып, шайлоочунун укугун пайдаланууга шарт түзүү максатында киргизилген.

Сырткы миграцияда миллиондон ашык жарандарыбыз жүрөт, Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө ички миграциянын агымы күч. Көптөгөн жарандарыбыздын катталган жери башка, жашаган жери башка дарек болуп жатат. Биздин жарандар ошондой мыйзамдык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жатышат.

Өткөн президенттик шайлоодо 300 миң шайлоочу №2 форма менен катталса, бул шайлоодо 480 миңдин тегерегинде болуп жатат. Учурда ар бир кайрылган шайлоочунун арызы каралып жатат.

Шайлоо: №2 форма добуш сатууга шарт түзөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

«Азаттык»: - Ушул процесс канчалык мыйзамдуу өтүп жатат десек болот?

Абдыжапар Бекматов: - Мыйзам боюнча ар бир шайлоо участогунда шайлоочунун саны 2500дөн ашпашы керек. Ошондуктан башка участокко барганда кезек күтүп калган учурлар болду. Айрым жерлерде техникалык мүчүлүштүктөр болуп, убактылуу ыңгайсыздыктар жаралды. Бизге кайрылган өлкөнүн сыртындагы, ичинде болобу бардык шайлоочулардын арыздарын белгиленген мөөнөттө кабыл алууга үлгүрдүк.

Бул көрүнүштү биздин жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгү күчөп жатканы жана партиялардын добуштарды көбүрөөк алуу максатын көздөгөн аракети менен да байланыштырсак болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3,5 миллиондун тегерегинде шайлоочубуз бар.

«Азаттык»: - Руслан мырза, сиз жашаган Ош шаарында шайлоо участокторуна элдин агым күчөп, кезек күткөндөр көп болгону айтылууда. Сиз байкаган акыркы кырдаал кандай болду?

Руслан Усманалиев: - Менин байкоомдо Ош шаарындагы шайлоо участокторунда №2 форма менен катталгандар көп болду, кезекке туруп калган учурларды көп көрдүм. Айылдагы жарандар шаарга келип катталып жатканын байкадым. Таң калыштуу көрүнүш, баары уюшкандыкта, мурдатан даярдалган автоунаалар менен келип жатканында болду. Алардын көбү бири-бирин тааныбаса, кантип 15-20 адамдан чогула калып, келип жатышканы суроо жаратат. Кимдир-бирөөлөр уюштуруп жатканы байкалып турат. Ош шаарында ачылган кошумча участоктордо мындай көрүнүштөрдү көп көрүүгө болот.

Биз билген маалыматтарга таянсак, бул шайлоодо ушундай ыкмалар менен добуштар 2-3 миңдин тегерегинде сатылып жатат. Калган акчасын добуш салып чыккандан кийин берилери айтылууда.


«Азаттык»: - Тагир мырза, жогоруда айткан көрүнүштөрдү кандай бааласак болот? Чындап эле эл мыйзамда көрсөтүлгөн укугунан пайдаланып, шайлоого катышууда активдүүлүгүн көрсөтүп жатабы же партиялардын ушундай жол менен добуш алуу амалыбы?

Тагир Осмоналиев: - Парламенттик шайлоодо №2 форманын таасири абдан чоң болот. Ошондуктан партиялар, талапкерлер шайлоочунун добуш берүү участогун өзгөртүп, катталып алууга жардам берүүгө кызыгышууда. Шайлоо мыйзамы боюнча аймактык босого шартын жеңиш үчүн, жалпы жети пайыздык босогону өтүш үчүн партиялар ар кандай айла-амалдарды жасап жатышат.

Мыйзам боюнча шайлоочу бир аймактан экинчи аймакка которулуп, шайлоого катышууга укугу бар. Биздин баамыбызда жогоруда айтылган 500 миңге жакын шайлоочунун 100 миңи активдүү болушу мүмкүн, алар өз каалоосу менен участогун алмаштырып жатышы мүмкүн. Чындап эле биздин шайлоочулар кайсы жерде жашабасын, бул жобо шайлоого катышууга жакшы мүмкүнчүлүк. Эгерде катталган 500 миң шайлоочунун 200-300 миңи кайсы бир партиянын пайдасына добуш берсе, анда шайлоо жыйынтыгында чоң кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Бул жол партиялар үчүн парламентке келүүнүн кепилдиги болуп жатат. Добуш берүү электрондук түрдө өтө баштагандан бери партиялар башка амалдарды издеп жатышат.

Бир маанилүү жагдай - №2 форма толтуруу, каттоо процессинде партия, талапкер же агитатор шайлоочуга келбейт. Шайлоочу менен партиянын ортосундагы бул ишти башка ортомчулар ишке ашырышат. Эгер №2 форма менен мыйзам бузуу катталса, партия, талапкер эмес, ошол ортомчу жооп берип калышы мүмкүн. Биз билгенден партия менен ортомчунун ортосунда кол коюлган келишим же башка документ жок. Шайлоочуну бир аймактан экинчи аймакка көчүргөндөр да ошол ортомчулар. Ошондуктан бул ишти өтө жашыруун түрдө жасашат.

XS
SM
MD
LG