Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Шайлоо-2020: Кызыл чеке болгон дебат


«Мекенчил» партиясынан Жылдызкан Жолдошева, «Ата Мекен» партиясынан Элвира Сурабалдиева, «Бир Бол» партиясынан Зарина Чекирбаева, «Замандаш» партиясынан Гүлнара Дегенбаева жана «Ордо» партиясынан Гүлбарчын Медетбекова катышкан КТРКдагы дебат. 23-сентябрь, 2020-жыл.
«Мекенчил» партиясынан Жылдызкан Жолдошева, «Ата Мекен» партиясынан Элвира Сурабалдиева, «Бир Бол» партиясынан Зарина Чекирбаева, «Замандаш» партиясынан Гүлнара Дегенбаева жана «Ордо» партиясынан Гүлбарчын Медетбекова катышкан КТРКдагы дебат. 23-сентябрь, 2020-жыл.

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) жана башка телеканалдарда парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланууда.

КТРКда айым талапкерлердин экинчи тобунун таймашы салыштырмалуу суз өтсө, ЭлТРде мырза талапкерлер урушуп кете жаздады. Партиялар бири-бирин «убадасын аткара албайт» деп сынга алууда.

Аял саясатчылардын беттеши

КТРКдагы дебаттардын айым талапкерлерге арналган экинчи айлампасынын экинчи чыгарылышы 23-сентябрь кечинде өттү.

Ага «Мекенчил» партиясынан Жылдызкан Жолдошева, «Ата Мекен» партиясынан Элвира Сурабалдиева, «Бир Бол» партиясынан Зарина Чекирбаева, «Замандаш» партиясынан Гүлнара Дегенбаева жана «Ордо» партиясынан Гүлбарчын Медетбекова катышты.

Жылдызкан Жолдошева, Элвира Сурабалдиева, Зарина Чекирбаева, Гүлнара Дегенбаева жана Гүлбарчын Медетбекова.
Жылдызкан Жолдошева, Элвира Сурабалдиева, Зарина Чекирбаева, Гүлнара Дегенбаева жана Гүлбарчын Медетбекова.

Телетаймаштын биринчи бөлүгүндө талапкерлер Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы орду жана бюджет саясаты боюнча суроолорго жооп беришти. Биринчи маселеде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), ЕАЭБ, ЖККУ жөнүндө жооптор болсо, экинчи темада мамлекеттик мекемелерди кыскартуу аркылуу казынаны сарамжалдуу пайдалануу тууралуу ойлор айтылды.

Партия өкүлдөрү дебаттын экинчи турунда шайлоочулардын түрдүү суроолоруна жооп беришти. Адаттагыдай эле бул беттеште да бири-бирине берген суроо-жооп бөлүгү кызыды.

Жылдызкан Жолдошева суроолорун жалаң Элвира Сурабалдиевага багыттады. Ал Сурабалдиева алтынчы чакырылышта бийликчил Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курамында болгонун айтып, аны «бийликтин туура эмес иштерине жооптуулардын бири» катары айыптады. Сурабалдиева ал парламентте сынчыл көз карашты карманганын билдирди:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Мурдагы чакырылышты эл «чимкирик» деп атаганын моюнга алыш керек. Ошого жол берген учурлар көп болду. Бирок мамлекетке залакасы тийе турган көп мыйзамдар көтөрүлүп жатканда, мен, азыркы «Ата Мекендин» тизмесинде бара жаткан депутат-талапкерлер ага каршы добуш берип жаттык. Ооба, мен бийликтин партиясы менен баргам. Анткени анда саясатка биринчи жолу аралашкам. Бирок беш жылда көп мыйзамдар боюнча каршы пикиримди билдирип, соңунда оппозициянын катарына өттүм. Бирок каршылар аз болгондо көпчүлүк мыйзамдар өтүп кетет экен».

Мамлекеттик карыз тууралуу анын жообуна канааттанбаган Жылдызкан Жолдошева бул жөнүндө өз пикирин жарыялап, көрсөткүч кызыл чекке жетип калганын, бул өтө коркунучтуу экенин эскертти.

2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы төрт млрд. 773,92 млн. долларды түзгөн. Мунун 86% тышкы карыз (4 млрд. 106,72 млн. доллар), 14% ички карыз (667,21 млн. доллар) болгон.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

«Карыздын айынан Тажикстан өтө чоң облусу Тоолуу-Бадахшандан айрылганы калды. Ал эми биздин карыз үчүн Кытай Кыргызстандын жерлерин сурабайт деп ким кепилдик бере алат? Менин угушумча Бээжин Алай менен Чоң-Алайды сурап жатат дейт. Бул имиш-имиш кеп, бирок бизде имиш кеп барып-барып туура болуп калчу эле. Ошондуктан биздин мамлекет азыр кооптуу абалга келип калды. Урматтуу шайлоочулар, добушуңарды сатпастан, мамлекеттин бүтүндүгү жөнүндө ойлогула», - деди Жолдошева.

Башка талапкерлердин суроолору мамлекеттик турак жай, ипотека, миграция, ишкерчилик, мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөө, саясаттагы тааныш-билиш, тууган-урук маселеси, шайлоодогу №2 форма ыкмасы, аялдарга карата зордук-зомбулук жана башка маселелер жөнүндө болду. Партия өкүлдөрүнүн жооптору да түрдүүчө жаңырды.

«Партияңар алгачкы ишин эмнеден баштайт?» деген суроого «Мекенчилдин» талапкери Жылдызкан Жолдошева коронавирус илдетине каршы даярдыкты жетиштүү көрбөгөнү үчүн экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жоопко тартууну талап кылышарын билдирди.

«Ордо» партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбекова алар татыксыз депутатты кайра чакыртып алуу демилгеси менен чыгарын айтса, «Бир Болдун» өкүлү Зарина Чекирбаева алар шайлоодон утары менен Жогорку Кеңештин коргонун алып салуу жана ар бир депутатты биометрика аркылуу шайлатуу боюнча талап коёрун белгиледи.

Чекирбаева ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, парламенттикин кеңейтиш керек деп эсептейт.

Зарина Чекирбаева.
Зарина Чекирбаева.

«Биз парламенттик өлкө болгондон кийин премьер-министрдин укуктары көбүрөөк болушу керек. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк болуп, парламент өкмөттүн иши боюнча отчётту жакшы ала албайт. Акыркы 29 жылда 30дан ашык премьер-министрди алмаштырыптырбыз, бул жакшы көрсөткүч эмес. Бардыгы ишин чала-була кылып коюп, кете беришкен. Эч ким жоопкерчилик албайт, пандемияда көрдүк, акыркы өкмөт башчыбыз кызматтан жөн эле кетип калды. Ошондуктан биз парламент президенттин институттан же президенттик аппараттан күчтүү болушу керек деп эсептейбиз», - деди ал.

КТРКдагы айым талапкерлердин алгачкы беттеши 21-сентябрда өткөн. Анда «Мекен Ынтымагы» партиясынан Венера Осмонбетова, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова, «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева, «Биримдик» партиясынан Аида Касымалиева жана «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова чыккан.

Анын алдында өлкөнүн башкы телеканалында жаш талапкерлердин дебаты болуп, партиялар жалгыздап кайрылуу жасашкан.

Эми 25-сентябрда калган алты партиянын айым талапкерлери таймашка чыгышат. Андан кийин, 28-сентябрда, 30-сентябрда жана 2-октябрда партиялардын негизги лидерлери КТРКда дебатта кездешет.

Жанаша дебаттардагы талаш

Ал арада башка бир мамлекеттик телеканал ЭлТРде да саясий дебаттар кызуу уланып жатат. Бул каналда 14-сентябрдан бери күн сайын үчтөн партиянын өкүлү талашка чыгууда.

Башкача айтканда, бир партия башка-башка атаандаштары менен бир нече жолу беттешке туш келүүдө. Ушул жагдай дебаттын темпин көтөрүп жаткандай. Анткени шайлоого аттангандар арасында чымчылашмай, сындашмай, катуу айтышмай көбүрөөк байкалып жатат. Ал тургай талапкерлер бир канча ирет урушуп да кете жаздашты.

Соңку, 23-сентябрдагы дебатта да «Чоң Казат» партиясынын талапкери Сыймык Жапыкеевдин, «Ата Мекендин» өкүлү Элдар Абакировдун жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбековдун ортосунда талаш чыкты. Жапыкеев менен Таштанбеков кызыл-чеке болуп, кыйкырышып, мушташып да кете жаздашты.

Сыймык Жапыкеев суроо берип жатып Акбөкөн Таштанбековду салык жашырууга байланыштуу айыптады:

Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

«Эч нерсе болбойт, реформа кылбайт, жөн эле сөз кылып жатат. Акбөкөн мырза, мына Свердловск райондук сотунда 22 млн. сом салыкты төлөбөгөнүңүз боюнча соттошуп жатасызбы? «Ооба» же «жок» деп коюңузчу. Өзү салык жашырып жүрөт, анан салык чогултам дейт. Ошол салыкты төлөп койбойсуңарбы, качпай. Мына, Бишкектеги борбордук универсалдык дүкөндүн артында (ЦУМ) «С легким паром» деген мончоңуз мурда завод эмес беле? Аны кантип менчиктештирип алдыңар? Анан 99 батир кылып, аны сатып, аягында дагы чыр болдуңар. Завод-фабрикаларды силер эле кантип менчиктештире бересиңер? Эмнеге биз ала албайбыз, эмнеге карапайым эл ала албайт? Анан мына, шайлоого канча жолу чыктыңыз? Акыркы жолу канча добуш алдыңыз? Өтпөсөңүз деле кайра-кайра чыга бересизби? Утам деп ойлоп атасызбы? Ар ким өзүнүн рейтингин билиш керек да, мисалы мен «Чоң Казаттын» рейтингин билем. Эмнеге «Афганец?» Каякка алып баратасыңар, согушабызбы эми? Койгулачы ушунуңарды. 30 жылда булар баарын жешкен, кайра эле келатышат».

Акбөкөн Таштанбеков болсо өзүнө карата коюлган дооматтарды четке кагып, кайра Сыймык Жапыкеевге айып койду:

Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

«Бүгүнкү күндө келинчегиме «2006-жылы салыктан качкан» деп иш козгоп, жок салыктарга 14 жылдан кийин кайрылып жатышат. Кошумча нарк салыгы, Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонддун салыгы жана жолду пайдаланууга байланыштуу салыктар. Суммасы тогуз млн. сом, тууму менен кошулган. Ал эми фабрика боюнча айтсам, ал жерде мурда бут кийим тикчү фабрика болчу. Анда 1240 акционер бар. Мен ошонун ичиндеги бир акционермин. А шайлоо боюнча айтсам, парламентке сизге окшогон оорукчандар барбасын деп баратабыз, алтыным. Сен Башкы прокуратурада бей-бечаралардын баарын камап олтуруп, ушул жерге келдиң. Бирөөнүн акчасы менен келатасың».

ЭлТРдеги дебаттар дагы эки күн уланат. Жогоруда айтылган эки мамлекеттик медиадан сырткары TMG, «Нур» жана башка телеканалдарда, «YouTube», «Facebook» платформаларындагы блогерлердин каналдарында да дебаттар өтүп жатат.

Шайлоочулардын бири Бексултан Мамытов соңку дебаттар жаңы нерселерди көрсөткөн жок деп эсептейт.

Бексултан Мамытов.
Бексултан Мамытов.

«Менин оюмча мурдагы парламенттик шайлоодон айырмаланып дебатка жаш талапкерлерди катыштырууга аракет кылып жатышат. Буга элдин эски саясатчылардан жадаганы, социалдык тармактарда «жаңы жүздөрдү көргүбүз келет» деген билдирүүлөрү себеп болду окшойт. Айрым партиялар жарандык коомдо активдүүлүгү таанылган жаштарды, чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп келгендерди партиянын тизмесине кошуп, дебаттарга ошолорду алып чыгыптыр. Ошентсе да «дебаттарда баланча партиянын өкүлү укмуш кеп айтты, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ынанымдуу, жакшы ыкмасын айтты» деген сөздөрдү уккан жокмун. Менин баамымда, дебаттарда деле же кайсы бир жолугушууларда деле партиялар буга чейин болбогон же жаңы программаларды айтышкан жок. Мурдагыдай эле ойлор, мурдагыдай эле убадалар айтылып жатат», - деди ал.

Адистер арасында да Кыргызстандын саясий айдыңындагы жаңы дебаттардын форматы жана мазмуну тууралуу кайчы пикирлер көп. Айрымдар телетаймаштардын жыныстык белгисине карата бөлүнүшүн сындаса, башкалары талкуулардын супсактыгына нааразы.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова кепке кошулду:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Форматы боюнча айтсам, берилген суроолорго жооп берүүгө үлгүрбөй кала тургандай түзүлүптүр. Дебат деген эмне? Дебатта адамдар бири-бири менен талашууга тийиш, бири-бирин ынандырышы зарыл. Алар бири-бири менен беттешпей, окуучулар сыяктуу жооп берип отурушат. «Билеби, билбейби» деп экзамен тапшырып жаткандай. Экинчиден, көп нерсе суроолордон көз каранды, алар да мени канааттандырган жок. Үчүнчүдөн, талапкерлердин көбү «Жогорку Кеңеш деген эмне, ал кандай жумуштар менен алектенет» деген маселени түшүнбөй жатат. Айрым талапкерлер мамлекеттин конституциялык түзүлүшү жөнүндө да билбегенин көрүп, дендароо болдум. Канализация же мектептеги кайсы бир маселелер - бул аткаруу бийлигине тиешелүү суроолор да. Булар болсо ошону талкуулап олтурушат. Парламент аны көзөмөлдөйт, албетте, бирок өкмөт мүчөлөрүн дайындоо аркылуу. Албетте, татыктуулары да бар, бирок басымдуу көпчүлүк талапкерлер райондук жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде экени дебаттарда көрүнүп жатат».

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG