Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Партиялар акчага таянганда мамлекетке доо кетет


Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоодогу мыйзам бузууларды аныктоодо укук коргоо органдары бардыгына бирдей мамиле кылбай, бийликчил партияларга көз жуумп жатат деген сындар айтылууда.

Кандай мыйзамсыз көрүнүштөр орун алууда? Көзөмөлдөөчү органдар кандай чараларды көрүүдө? Шайлоону таза өткөрүүнүн жоопкерчилигин арттыруу үчүн дагы кандай аракеттерди көрүү керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев жана «Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Тариел Алиев катышты.

«Азаттык»: - Тариел мырза, коомчулукта, социалдык тармактарда шайлоонун жүрүшүндө мыйзамсыз көрүнүштөр көп болуп жатканы тууралуу айтылууда. Сиздердин уюм шайлоо процессине көз салып, байкоо жүргүзүп, мониторинг жасап жаткан экен. Кандай фактыларды айта аласыз?

Тариел Алиев: - Биздин уюм бул шайлоодо узак мөөнөткө иштей турган 116 байкоочу жана 8 аймактык координатор менен иштеп жатат. Шайлоо боюнча мыйзамсыз көрүнүштөр аймактарда байкалууда. Биз ушул убакка чейин жер-жерлердеги 20дан ашык мыйзам бузуу боюнча укук коргоо органдарына, аймактык шайлоо комиссияларына кайрылдык. Көбүнөн жооп алдык, калганы каралып жатат деп айтып жатышат.

Кандай мыйзам бузуулар болууда? Биринчиден, үгүт жүргүзүүгө байланышкан мыйзамсыз көрүнүштөр көп болууда, үгүт материалдарын даярдоо, таркатуу боюнча мыйзамсыздыктар катталууда. Бир партиянын өкүлдөрү башка партиянын үгүт материалдарын айрып, же жок кылуу фактылары катталды.

Мандат үчүн канча добуш керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00


Экинчи топтогу мыйзам бузуулар – бул административдик ресурстардын колдонулушу. Ал боюнча да укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз.

Үчүнчүдөн, биздин тынчсыздандырган маселе – бул №2 форманын колдонулушу. Бул боюнча ар бир облустун прокурорлоруна кайрылуу жолдодук. Көп фактылар боюнча тергөө жүрүп жатканын айтышууда. Тилекке каршы, биздин кайрылуулар боюнча укук коргоо органдары мыйзам бузгандарга эскертүү берүү менен эле чектелишүүдө. Көп каттарга жооп алалбай убарабыз. Мисалы, 17-сентябрда жазган кайрылууларга алигиче жооп алалбай жүрөбүз.

«Азаттык»: - Чолпонбек мырза, Кыргызстанда шайлоо болгон сайын бийлик шайлоону таза өткөрөбүз деп убада кылат, талап кылат. Бирок андай болбой революциялар ошол шайлоонун айынан чыкты. Азыркы бийлик да шайлоону адилет өткөрөбүз деп айтууда. Мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча бул жолку шайлоодо өзгөрүү барбы?

Чолпонбек Сыдыкбаев: - Салыштырмалуу баа бергенде бул жолку шайлоодо мыйзамсыз көрүнүштөр күчөп кетти. Тарыхты эске салсак, 2000-жылдардын башында партияларга парламентте 15 орун берилген. Ошол учурдагы бийликчил партиялар «Демократиялык күчтөрдүн биримдиги» деген блокко биригишип, шайлоодо көп орун алышып, күчтүү депутаттар ошондо келишкен. Ошондо коомчулукта көп партиялуулукка жакшы маанай түзүлгөн болчу. Анда партияларда добушту сатып алуу деген ой болгон эмес. Шайлоочу партиянын сунуш кылган программаларына карап добуш бергенин сезгенбиз. Коммунисттик партия да парламентке келген. «Ата Мекен» партиясы да оппозиция күч катары парламенттен орун алган.


2005-жылдан кийинки конституциялык реформадан соң мыйзамдар өзгөрүп, административдик ресурстар кеңири колдонулуп, «Ак жол» партиясы бийликке келди. 2015-жылдан баштап шайлоо процесси теңирден тескери кетти.

Улам убакыт өткөн сайын партиялардын, бийликтин, шайлоочулардын саясий маданияты көтөрүлүп, шайлоо мыйзамдуу өтүп, сапаттуу парламентке ээ болушубуз керек эле. Тилекке каршы, андай болбой баарына акчанын үстөмдүгү орногон заман келди. Ага чейин административдик ресурстар болуп келсе, эми капиталдын бийлиги баарын чечүүдө. Бийлик булардын баарына көзүн жуумп, аларды мыйзамдуу ооздуктап койгонго чамасы жетпей жатканы өкүнүчтүү. «Бармак басты, көз кысты» болуп мыйзамсыз көрүнүштөргө кызыкдар тараптар болгону байкалат.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча шайлоого байланышкан 82 кылмыш, жорук иштери катталган, алардын 40 фактысы добуштарды сатып алуу боюнча иш козголгон. Ушул жагдайлар боюнча Ички иштер министрлиги кандай чараларды көрүүдө?

Бакыт Сейитов: - Биздин министрлик шайлоого байланыштуу Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети менен бирге иштеп жатат. Үгүт иштери башталгандан бери шайлоодогу мыйзамдуулуктун бузулушу боюнча биздин министрликке 236 кайрылуу болгон. Ар бир факты боюнча мыйзам чегинде териштирүү иштери жүрүүдө.

Министрликтен жер-жерлерге дайыма көрсөтмөлөр берилип турат. Кылмышка шектүү деп катталгандардын көбү добуштарды сатып алуу менен байланышта болууда. Кээ бир фактылардын далилдери жок болгондуктан кыскарып калган учурлар бар. Башка фактыларды аныгын чыгуу үчүн тергөөгө убакыт керек экен.

«Бейбаштык» фактысы боюнча да бир топ кылмыш иштери козголду. Биз, баарын тергеп бүткөндөн кийин сот органдарына жөнөтөбүз. Добуш сатуу боюнча эле 20 факт катталды. Алардын жыйынтыгын элге сөзсүз маалымдайбыз.

Шайлоо: №2 форма добуш сатууга шарт түзөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00


Тариел Алиев: - Бишкектеги бир мектепке административдик ресурс колдонулуп жатканы жөнүндө кылмыш иши козголгон. Эгер борбор шаардагы 71 шайлоо участогунун жетекчилери мектеп директорлору экендигин эске алсак административдик ресурс колдонулбайт деп кепилдик бере алабызбы? Мугалимдерди кайсы бир партиянын пайдасына иштетип жатканы байкалууда. Биздин сунуш, мындан кийин шайлоолордо мектеп директорлорун участкалык шайлоо комиссияларынын ишине катыштырбагандай мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG