Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

«Кыргызстанда» канча «Аю» бар?


Канатбек Исаев жана Шаршенбек Абдыкеримов «Кыргызстан» партиясынын жыйынында. 20-август, 2020-жыл.

Партиянын тизмесинде оппозицияда болуп көрбөгөн депутаттар, издесе табылбаган же кызматтан кетирилген мурдагы аткаминерлер, «Аю» компаниясынын ашканасынан тартып жетекчилигине чейин иштегендер бар.

Канатбек Исаев

«Кыргызстан» партиясы өткөн шайлоодо да талапкерлер тизмесин Боршайкомго бергенге чейин ачыкка чыгарбай турган эле. Бул ирет да адатын карматып, коомчулукка да талапкерлер курамы тууралуу маалымат кеч жетти. Мунун себеби тизмедеги алдыңкы орундардын талашка түшүшү экенин беш жыл мурда да, быйыл да партиядагы «Азаттыктын» ички булактары билдиришкен эле.

Доомат негизинен уюмдун лидери, 45 жаштагы Канатбек Исаевге айтылат. Ал түгүл бул жолу айрым нааразы талапкерлер Исаевге кол көтөргөнгө чейин барганы кабарланып, бирок ал ырасталган жок.

Канатбек Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарын башкарган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, республикалык деңгээлдеги саясатка аралашкан. 2017-жылы Исаевге «мэр болуп турган кезинде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга карматкан», «бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген», «китепкананын жерин арзан сатып жиберген» деген айыптар коюлган. Бул иштер боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту аны коррупцияга байланыштуу айыптап, 2018-жылы январда 12 жылга кескен. Андан тогуз айдан кийин Бишкек шаардык соту Исаевди үй камагына чыгарган. 2019-жылдын декабрында Жогорку сот анын иш-аракеттеринде кылмыштын курамы жок деп тапкан.

Ал ортодо, 2017-жылдын 30-сентябрында Исаев «бийликти күч менен басып алууга» жана «башаламандык уюштурууга» байланыштуу айыпталып кармалган болчу. Депутаттын бир жылын абакта өткөрүүгө мажбур кылган ал иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн, чекит коюла элек.

Жумабеков жана Икрамов

Тизмени сыдырганда дароо эле лидеринен мурда спикер Дастан Жумабеков менен депутат Тазабек Икрамовду байкоого болот. Алтынчы чакырылышта бул эки депутат башкалардан көбүрөөк сындын да, шакабанын да бутасында калды. Буга алардын сөздөн жаңылган учурлары гана эмес, жаңылбаган деле билдирүүлөрү негиз болуп келет. Маселен, өткөн жылы жайкы каникулга тарар алдында төрага Жумабеков «депутаттар жакшы иштеген үчүн сын угушарын» баса белгилеген.

46 жаштагы Тазабек Икрамов 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресстин» катарында парламентке келген. Ага чейин «Азаттыктын» милициядагы ишенимдүү булактары Икрамов уюшкан топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турарын айтып беришкен. Ал 2009-жылы мурдагы парламент депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буюртмачы катары шек саналганы көрсөтүлгөн. Бул маалымат Икрамовдун парламентке келишине жолтоо болгон эмес. «Азаттыктагы» маегинде ал мындай дооматтарды да, башкасын да четке каккан.

Ал ошол эле убакта кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн бири катары таанылган «Водолаз» каймана аттуу Максат Абакиров менен дос экенин ырастаган.

Беш жыл илгери Икрамов тууралуу маалымат абдан аз болсо, депутат катары калың элге таанылды. Ошол эле учурда коомчулук анын сүйлөп жатып адашып кеткенин, же бир сөзгө тили келбей калганын, же одоно жүрүш-турушун көбүрөөк эстейт. Мунун кандайдыр таасири болдубу, айтор тааныла элек кезинде талапкерлер тизмесинде 17-орунда болсо, азыр 27-сапта.

«Бирөөнү атып өлтүрүп коюпмунбу?»

Кылмыш дүйнөсүнө катышы бар деп аты чыккандардын дагы бири - Жыргалбек Саматов. Ал парламентке алгач 2010-жылы шайланып келген. Андан кийин «добуш ала албасам мандатымды өткөрүп берем» деп алдын-ала ант берип, кийин партиялаштары ошонусун негиз кылып мандатсыз калтырган эле. Соттошуп жүрүп акыры азыраак убакыт депутат болгондон кийин «Азаттык» менен маектешип, мыйзам чыгарып, аны көзөмөлдөө максатында Жогорку Кеңешке келатканын айтканы бар. Бирок алгачкы депутаттык беш жылында бир да мыйзам долбоорун жеке сунуш кылбаганын мойнуна алып, «өзүм жалгыз мыйзам жазган жокмун, бирок мыйзамдарга авторлош болдум» деген эле. Ага мыйзамдар көп болуп кеткени себеп экенин көрсөткөн.

2015-жылы кайра шайланган Саматов ошол көп мыйзамдарды дагы көбөйтүүгө жетише алган жок. 2016-жылы июлда Жогорку сот аны Орусиянын да жараны деп тапкан. Анын алдында БШК Саматов орус жарандыгын 2001-жылы 19-июлда Казань шаарында алганын ырастаган.

Саматов өзүнө байланыштуу жарандык маселесин да, «криминалга катышы бар» деген кептерди да четке кагып келет:

Мандаты алынгандан кийин Саматов бир топ жыл Көкбөрү федерациясын жетектеп жүрдү.

Буга чейин депутаттар Кубанычбек Нурматов, Таалайбек Масабировго байланыштуу «криминалга тиешеси бар» деген маалыматтар бир канча ирет жарыяланган. Бирок алар мындай дооматтарды жакын жуутпай, четке кагып келишет.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Шаршенбек Абдыкеримов өзбекстандык кримавторитет Салимбай Абдувалиев (Салим байбача) менен байланышы бар экенин танбайт. Чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланганда андагылардын бири депутат Салайдин Айдаров мындай комментарий берген эле:

«Ал спорт жагында жүргөн адам. Өзбекстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти. Ал эч кандай криминал эмес. Спорт дүйнөсүндө жүргөн адам. Берки Шаршенбек Абдыкеримов болсо Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси. Спорт жагынан жолугушкан адамдар. Болгону биздин бир сүрөтүбүз чыкты. Спорт боюнча жолугушууда тартылган. Эки-үч жыл мурун Өзбекстанда болгон. Жолугушуу илгери болгон. Видеого болсо биздин тиешебиз жок».

Айтмакчы, Салайдин Айдаров да ушул эле партиядан кайра парламентке баратат. Негизи эле, «Кыргызстан» партиясы өткөн курамынын көбүн кайра талапкерлеринин катарына кошту. Исаев баштаган тизмеде «кыргызстанчылар» Нурбек Алимбеков, Азиз Турсунбаев, Руслан Чойбеков, Данияр Төлөнов, Жаныбек Исаев, Алмазбек Эргешов, Алмазбек Токторов, Бектен Сыдыгалиев да бар.

«Республика-Атажуртчу» Талант Мамытов менен Экмат Байпакбаев бул ирет «Кыргызстандын» колун кармашты.

Акыркы чакырылыштын бул депутаттары негизинен тизменин алдыңкы сабына коюлган.

Назаров катардан чыкты

Ушул партиядан шайланып келип, кийин «Улуттук энергохолдингди» жетектөөгө өткөн Айтмамат Назаров 21-сентябрда талапкерликтен баш тартты. Себебин өзү чечмелеген жок. Андан бир күн мурда Назаров үгүт ишине кызматын колдонуп жибергени тууралуу арыз түшүп, БШК карай баштаган эле.

«Кыргызстан» партиясы быйыл үгүт өнөктүгү учурунда кетирген техникалык каталары үчүн да талкууга алынып жатат. Алардын биринде баннерге Айтмамат Назаровдун сүрөтүнө Шаршенбек Абдыкеримовдун аты жазылып, ошол бойдон көчөгө илинип калганы белгилүү болгон. Андан тышкары үгүт иши чагылдырылган жылнааманы 30-декабрь менен жыйынтыктап салганын, баннерлердеги тексттен кеткен катаны партиядагылар техникалык мүчүлүштүккө шылташты.

Чырдуу жана сырдуу «экстер»

Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

«Кыргызстандын» катарында «кызыктуу» кишилер аз эмес. Маселен, жол курулушунда «мыйзамсыз тендер өткөрүп, коррупциялык схемаларды түзгөн» деген шек менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов. Ал 2012-жылы депутаттык мандатын таштап дайынсыз жоголгон. 2014-жылы ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал кездеги бийлик министр өлкөгө кайтып келсе, камакка алынып, иши сотко өтөрүн жарыялаган. Башкы прокуратура Сулаймановдун шайлоого катышып жатканынан кабарсыз болуп чыкты. Ал эми ага карата иш 2016-жылы эле «жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти» деген негизде токтотулуп, Сулайманов кылмыш жообунан бошотулганы эми белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 18-сентябрда билдирди.

Аргынбек Малабаев

Сулаймановдун артынан эле тизмеде 19-орунда Аргынбек Малабаев баратат. Ал транспорт министри болуп турган кезинде 2015-жылы Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев менен тендер чатагы боюнча каршылашып, кызматынан кеткен.

Малабаев бул иште ал күбө катары өткөнүн айтып, өзүнүн бул иш боюнча эч кандай айыбы жок экенин белгиледи:

«Эл катары эле шайлоого аттанып жатам. Буга чейинки кызмат орундарым боюнча артымда эч кандай «куйругум» жок. Эч жакка качкан эмесмин. Ушул жерде эле жүрөм. Сунуш түшкөндүктөн «Кыргызстан» партиясына өзүмдүн «Улуу Журт» деген партиям менен келип кошулдум. Балыкчы-Корумду жолу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылгам».

Дамира Ниязалиева

1990-жылдардан бери дары бизнеси менен алектенип келген Дамира Ниязалиева тизмеде 32-орунда. 2007-жылдан 2015-жылга чейин КСДП фракциясынын депутаты, саламаттык сактоо министри, вице-премьер-министр болуп иштеген.

Чолпон Султанбекова

Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

Дагы бир экс-вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова да «Кыргызстандын» ондугунда. Ал 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке дайындалганда анын социалдык блок боюнча орун басары болгон. Кийин Сапар Исаковдун министрлер кабинетинин курамында да кирип, 2018-жылдын апрелинде өкмөт менен кошо кызматынан кеткен.

Жусуп Бошкоев

Жусуп Бошкоев.
Жусуп Бошкоев.

Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев августтун башында чыр менен иштен алынган. Пандемия күчөп турган июль айында бул оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов «Фейсбук» барагы аркылуу видеокайрылуусун жарыялап, бул мекемеде жеке коргонуу каражаттары жетишпей, дарыгерлер ооруп, ал эми жетекчиси Жусуп Бошкоев обсервация эрежелерин бузуп жатканын айтып чыккан. Андан кийин спортсмен жана ыктыярчы Абдурахманхаджи Муртазалиев анын жеткирип берген беткап жана антибиотиктери №1 оорукананын катардагы медиктерине жетпегенин айтып чыккан. Профессор Бошкоев өзүнө айтылган дооматтардын баарын четке каккан. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги маселени териштириш үчүн атайын комиссия түзүп, натыйжада башкы дарыгер кызматтан алынган. Бошкоев азыр «Кыргызстандын» тизмесинде 62-орунда.

Жолдошбек Жунушев

48 жаштагы Жолдошбек Жунушевдин мамлекеттик кызматтагы жетекчи катары карьерасы 2018-жылы башталып, дароо кызматтан жогорулаган. Февраль айында өкмөттүк «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчылыгына келсе, үч ай өтпөй Мамлекеттик экотехинспекциянын жетекчилигине барган. Бирок бирден-бир жооптуу тескөөчү кызматтын башында турган убакта коррупциялык иштерге жол берген деген негизде быйыл жыл башында президент Сооронбай Жээнбековдун кескин сынына кабылып, Коопсуздук кеңешинин кийлигишүүсү менен кызматтан кетирилген.

Жунушевдин биографиясында 2013-жылдан тартып Шаршенбек Абдыкеримовго караштуу «Аю курулуш» компаниясында аткаруучу директор болгону да көрсөтүлгөн.

«Аю» холдингинен Ак Үйгө

Дегеле, партия бул ирет талапкерлер тизмесине 102 адамды киргизсе, алардын кеминде 10% Абдыкеримовдун компаниясында иштегендер же иштеп кеткендер. Андан тышкары бир нече тууганы да бар.

Туугандарынан баштасак. Бардык компанияларынын башын бириктирген "Аю холдингинин" адам ресурстары бөлүмүн башкарган, тактап айтканда кадрларын тейлеген 38 жаштагы Айзада Абдыкеримова Шаршенбек Абдыкеримовдун аялы. Ал тизменин 64-сабында. Анын кыз кезиндеги фамилиясы Исакунова.

36-катардагы Жибек Молдоева - мурдагы социалдык коргоо министри Таалайгүл Исакунованын кызы. Исакунова - Абдыкеримовдун аялынын бир тууган эжеси, чет өлкөлөргө иш сапарына байланыштуу чырдан кийин кызматтан кеткен. Социалдык сайттардагы чет өлкөлөрдөн түшкөн сүрөттөрүнө караганда, 27 жаштагы Жибек Молдоева да саясатты эмес, саякатты жактырат өңдөнөт. Ал «Фейсбук» барагына шайлоого катышып жатканын же партиянын катарында бар экенин туюнткан бир да маалымат чыгара элек.

Чынаркүл Исаева менен Асылбүбү Исаева - Абдыкеримовдун жакын эжелери, Салтанат Исаева - карындашы. Ошентсе да бул талапкерлер тизменин арт жагына коюлгандыктан, партия өтүп калса депутат болуу мүмкүнчүлүгү бар-жогу суроо жаратат.

Жаныбек Исаев.
Жаныбек Исаев.

Бирок Абдыкеримовдун иниси, 29-сапта турган Жаныбек Исаевдин кайра парламентке келүү мүмкүнчүлүгү аз эмес. Ал Жогорку Кеңешке 2018-жылы гана келип, мандат алганына карабастан быйыл майда кайрадан ордун Абдыкеримовго бошотуп берген. Жаныбек Исаев узак жылдар бою арак-шарап өндүрүү менен алектенген «Аю» ЖЧКсын жетектеген. Андан тышкары «Аю» холдингинин вице-президенти Руслан Молдошев да талапкерлердин катарында. Холдингдин арак чыгарган ишканасынын ашкана башчысы Гүлмира Бейшенбекова, финансисти Айзада Султаналиева талапкерлердин арасында. Шарап чыгарган ишканасынын бригадири Гулясар Сануева, суусундук өндүргөн ишканасынын кадрларын тейлеген Лариса Лысенко тизменин артында турганына караганда улуттук азчылык менен аялзатынын квотасын толтуруу максатында кошулган сыяктанат.

Аты билинбеген, артка сүрүлгөн жаштар

Негизи эле тизмедеги айрым жаштар жөн гана квота толтуруш үчүн кошулганын көрүүгө болот. Маселен 44-катардагы кассир Наргиза Маратованын кандайдыр коомдук-саясий ишмердиги тууралуу маалымат жок. 56-саптагы Сабина Адылованын фамилиясын Интернетке салсаңыз Ысык-Көлдөгү коттеждердин биринин кызматкери экенин билүүгө болот. Андан тышкары көпчүлүк талапкерлерин «Гуглдан» да издеп табыш кыйын. Партиянын жаштарынын жүзү катары таанылып, дебаттарга катышып жаткан активист Алмаз Раимбеков 57-катарда.

Ушундан улам «Кыргызстан» жаңы жүздөргө же жаштарга басым жасабаганын, парламентке өтсө көбүнесе 6-чакырылыштын депутаттары кайра келерин байкоого болот.

Кайра жаңырган калың убадалар

Партия бул ирет шайлоодон жеңип келсе Кыргызстанга келген туристтердин санын эки миллионго жеткирүүгө убада берүүдө. Салыштыра электе чоң көрсөткүчтөй көрүнгөнү менен иш жүзүндө мындай. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда:

- 2018-жылы өлкөгө 1,4 млн.

- 2019-жылы 1,8 млн. турист келген.

Акыркы жылдардагы өсүш динамикасын эске алганда, эгер коронавирус пандемиясы болбогондо быйыл эки миллиондон ашуун киши кыргыз жергесине келүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле.

Эми дүйнө жүзүндө саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер пандемиянын кесепети дагы бир нече жылга созуларын, анын айынан саякат кескин азаярын эскертип жатышат.

Турист түгүл Кыргызстанга учурда Орусиядагы мигранттар да келе албай жатышат. Учак билетинин баасы асмандап, автобус менен жөнөгөндөрү орус-казак чек арасында миңдеп топтолууда. Айтмакчы, алардын баарын «Кыргызстан» партиясы «инвестор» атап, соцтармактарда тамашанын бутасына айланды.

Ошентсе да партиянын эң белгилүү убадасы - жаңы төрөлгөн ымыркайга берилчү 50 миң сом сүйүнчү пул. Аны «кыргызстанчы» Дастан Жумабеков 2015-жылдан бери айтып келатат.

Бирок иш жүзүндө 2018-жылдан тартып жаңы төрөлгөн ымыркайга бир ирет гана төрт миң сомдон сүйүнчү бериле баштады. Анда да мыйзамды социал-демократ депутаттар сунуш кылып, ишке ашырышкан.

Спикер Жумабеков менен өткөн жылы маектешкен учурда эмне үчүн убадасы 13 эсе аз аткарылганын сураганбыз.

Ошентип Жумабеков азырынча Кыргызстандагы бардык ымыркайдын эмес, бирөөнүн гана алдында убадасын аткарды. 14-сентябрда ал Таластагы жаңы төрөлгөн наристенин апасына 50 миң сом көрүндүк карматты. Бирок акчаны кайдан таап бергенин коомчулукка түшүндүрүүдө кыйналып, Жогорку Кеңеш өз билдирүүсүн үч ирет өзгөрттү. Бул «берешендиги» үчүн төрага Жумабеков аз жерден талапкерлердин тизмесинен ыргып кете жаздады.

Андан тышкары «Кыргызстан» партиясы 2015-жылкы шайлоо алдында пенсияны үч эсе көтөрүп, шаардык транспортту бекер кылуу, заманбап бала бакча түйүндөрүн ачуу, депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сыяктуу убадаларды кабат-кабат берген. Аны эмне үчүн аткара алышпаганын лидери Канатбек Исаев аларга 18 гана мандат тийип калганы менен түшүндүргөн.

Ошол эле маалда бул партия азыркы парламенттеги алты фракциянын арасында депутатынын саны боюнча үчүнчү орунда экенин, такай көпчүлүк коалициянын курамында болуп, өкмөттү түзүп келген.

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG