Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Дарыгердин Интернетке жарыяланган кайрылуусун атайын комиссия териштирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №1 оорукана боюнча маселени Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу 9-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул маселе Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда каралып, премьер-министр Кубатбек Боронов эртең комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө тапшырма берди.

«№1 оорукананын дарыгеринин видеосу социалдык түйүндөрдө тараган. Ал оорукананын башкы дарыгери бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай, ошол жердеги медицина кызматкерлеринин иш шартына көңүл бурбай жатканын айткан. Ошонун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинде атайын көз каранды эмес комиссия түзүлдү», - деди Акматова.

Бир нече күн мурда оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов «Фейсбуктагы» баракчасына чөнтөк телефонго тартылган видео кайрылуусун жарыялап, бул мекемеде жеке коргонуу каражаттары жетишпей, дарыгерлер ооруп, ал эми жетекчиси Жусуп Бошкоев обсервация эрежелерин бузуп жатканын айтып чыккан.

Башкы дарыгер Бошкоев бул дооматтарды четке кагып, коргонуу каражаттары жетиштүү экенин айткан жана Ибраимов менен соттошууга даяр экенин, бирок азыр антип териштирүүгө убакыт жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG