Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Жогорку сот Канатбек Исаев боюнча чечим чыгарды


Жогорку сот парламенттин депутаты Канатбек Исаевдин коррупция боюнча буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрттү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

“Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Канатбек Исаев, Болот Имамадиев, Мирлан Эсенбековго карата 2018-жылы 4-январдагы жер бөлүп берүү, ТИГ, ТЦТ ишканаларын түзүү, “Яшар” дүкөнүн жылдыруу иши боюнча чечими жокко чыгарылды”, – деп маалымдаган Жогорку сот бул иште кылмыштын курамы жок деп тапты.

Канатбек Исаев 2017-жылдын 30-сентябрында камалган. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иштери боюнча коррупция айыбы коюлган.

2018-жылы 5-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй-мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмүн чыгарган.

Бул сот ишинде Исаев менен кошо дагы алты кишиге айып тагылган. Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата "Коррупция" беренеси боюнча райондук сот 12 жылга кескен ишти "мөөнөтү өттү" деген жүйө менен токтоткон. Депутат үй камагына чыгарылган. Ал эми "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG