Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Партиялык тизме –– мезгил талабы


Төлөгөн Карыкеев тарткан азил сүрөт. 02.6.2011.
Төлөгөн Карыкеев тарткан азил сүрөт. 02.6.2011.

Көп партиялуулукка негизделген парламенттик шайлоого каршы чыгып, эскиче бир мандаттуу шайлоого өтүүгө чакыруу алгылыктуубу? Тарыхчынын блогу.

Пияз –– алма эмес

Илгери бийик тоо койнунда жашаган көчмөндөрдү келекелеген мындайча анекдот чыккан дешет. Бул азилди көчмөндөрдүн куудалдары өздөрү деле чыгарышы ажеп эмес.

Базарга түшкөн эки көчмөн “алманын эң арзан жана көпкө чыдаган түрүн сатчы” десе, бир шылуун соодагер аларга бир куржун пыяз сатыптыр.

Жолду ката келе жатышып, энөө тоолуктардын бири айтыптыр:

–– Алиги алмадан бирден жеп көрбөйлүбү!

Мейли деп пиязды аарчып жей башташса, биринин көзүнөн жашы куюлат.

–– Ой, сага эмне болду?

–– Жүрөгүм бир нерсени сезип жатабы дейм. Үйдөгүлөр аман-эсен болсо экен. Былтыр да чоң атам кайтыш болгон эмеспи. Апе-ей, сен өзүң эмнеге ыйлап жатасың?

–– Өлө электе алманын түрүн небересине жакшылап үйрөтүп кетпеген ошол чоң атаңа таарынып ыйлап жатам, –– дептир соодагерге алданганына көзү жеткен берки досу.

Көп партиялуулук үчүн күрөш качан башталган?

Кыргызстанда жана жалпы эле Борбордук Азияда көп партиялуулук үчүн анык күрөш 1917-жылдын февралында Орусияда падышалык режим кулатылган соң кулач жайган. “Алаш Ордо”, “Түркстан автономиясы” үчүн күрөштөн тышкары, Кеңеш бийлигин чыңдоонун алгачкы жылы большевиктер солчул эсерлер (социалисттер) менен биргелешип, Кеңеш бийлигин эки партиянын күчү менен чыңдап алышкандыгы тарыхта жазылган.

Кеңеш бийлигин чыңдаган соң, большевиктер эсерлерди да Кеңештен сүрүп чыгарып, анан акыры бир партиянын диктатурасын орнотууга жетишкен.

1990-жылы 25-26-майда түзүлгөн “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) да алгачкы негизги ураандарынын бири –– көп партиялуулук болгон.

Эгемен Кыргызстандын алгачкы жылдары саясий партиялар идеялары жагынан бири-биринен айырмаланып, жумуриятыбызда чынында да көп партиялуулуктун пайдубалы курула баштаган.

Элитанын өкүлдөрүнүн көп партиялуулук идеясына кедергиси

XXI кылымдын башында көп партиялуулукка шарт түзүлгөнсүгөнү менен, чын-чынында, башкаруучу элита жана партия жетекчилери (коомчулукта аларды “илита” деп келекелей да башташты) көп партиялуулукту мазмунунан ажыратып, келегей түшүнүккө айландырышты.

Бийликтегилер А.Акаевдин режими маалында “Алга, Кыргызстанды” коргоп, анан К.Бакиевдин тушунда бул “алгачылар” жапатырмак “Ак Жол” партиясына өтүп, ал эми А.Атамбаевдин тушунда “акжолчулардын” дээрлик бардыгы тең “социал-демократ” болуп чыга келишти эле, 2020-жылдын 4-октябрындагы натыйжалары жокко чыгарылган соңку шайлоо маалында “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” деген бийликчил партияларга мурдагы “алга, алгачы”, “акжолчу”, “КСДПчылардын” көпчүлүгү “дыр” коюшканы айгинеленди.

Башка партияларда деле ушуга окшогон окуялар болуп жатты.

Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата Мекен” партиясынын 6-чакырылыштагы тизмесинин башына бороон-чапкында чогуу жүргөн үзөңгүлөштөрү эмес, акчалуулар келгендиги маалым. Бир чириген байдын кызы тизмеге илинип, шайлоо өнөктүгүнө эч катышпастан депутат болду, анткени анын атасы олчойгон акча салым кошкон экен, деген сөздөрдү уктук. Айрым байлар кийин Ө.Текебаев досубуз Маевскийдин жалаасы менен камалганда, аны коргоп эч сөз сүйлөбөстөн, ал түгүл аны каматкан президентке “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын бериш керек, деп көшөкөрлөнүштү.

Ошентип, идеяга ылайык партияга баш кошуу принцибин ириткендердин бири өзүбүз сыйлаган Өмүкө эле болду. Өзүнө каршы пикир айтып койгон аксакал саясатчыны ал Жогорку Кеңештин жыйын залында омуроологону да тарыхта калды.

Болбосо, өзүн каматкан президентке кошомат кылган “партиялашына” караганда, партиялык боссту ачык сындаган Ө.Абдыракманов идеясы жагынан Ө.Текебаевге кыйла жакын.

“Эркин Кыргызстан” (“ЭрК”) партиясы алгач көп партиялуу демократиялык айдыңдык (орусча “светский”) мамлекеттик түзүлүш үчүн күрөшөм, деген ураан менен жаралган. Анын кийинки лидери, досум Турсунбай Бакир уулу өзү ислам жолуна түшүп, бирок атеисттердин жана айдыңчылардын (секуляристтердин) партиясынын курамында парламентке илинүү аракетин жасап келди.

Эми Тукебиз “партиялык тизме болбойт экен, бир мандаттуу шайлоого өтөлү” деп Садыр Жапаровду колдоп сүйлөп чыкты. “Бул сөзүңдү “ЭрКтин” партиялык курултайын чакырып, партиялаштарың менен такташып алдың беле?” деп сураган киши жок.

Ал эми коммунисттик идеяларды алдыга түртүшү керек болгон коммунисттердин жолбашчысы антикоммунистердин партиясынын катарында парламентке илинген учурлар да эсте.

Азыркы парламентте да бир буту “КСДП” партиясында туруп, бирок шайлоого “Биримдик” жана башка партиялардын курамында аттанган кыйла саясатчылар бар.

Мында А.Ш.Атамбаевдин да зор күнөөсү бар. Ал өз партиясына чыныгы социал-демократиялык идеяларга берилгендерди эмес, иши кылып бул партиянын “сүтүн саап”, бийликке келейин, дегендерди күргүштөтүп киргизген. Андан тышкары, чыныгы социал-демократтар жемкорлукка каршы турушат, биздегилер болсо Матраимов жана башкалардын жемкорлук системасын ошол А.Атамбаев бийликте кезинде эле чыңдоого алышкандыгы, азыр бул спрут өз алдынча “Мекеним Кыргызстан” партиясын да каржылоого алып жаткандыгы тууралуу байма-бай айтылууда.

Демек, көп партиялуулукту чыңдоого каршы болуу, партиялык тизмеге каршы чыгуу –– жегичтердин “илитасынын” эле айла-амалы. Анткени жер-жерлерде бир мандат үчүн күрөшкөндө идеяга эмес, урууга, тууган-туушкандыкка бөлүнүү, акчага сатылуу ого бетер араанын ачат да, айлакерлер, шылуундар ылай суудан өз балыгын оңой кармап туйтуна беришет.

Акыбалдан чыгуу жолу –– партиялык тизменин ичинен конкреттүү талапкерге артыкчылык берип шайлоо

Бул блогдон соң далай эски досторум, КДКдан бери чогуу келген далай замандаштарым мага саал-паал таарынышы мүмкүн. Бирок элибиз таптакыр эле сабатсыз түркөй эмес. Элибиз бардыгын өз алдынча ылгап алат деп ишенем. Замандаштарыбыз саясий лидерлердин пикирлерин эле эмес, менин карапайым калемгер катары пикиримди, башка атаандаш сунуштарды деле угуп коюшсун, анан өз алдынча салыштырышсын.

Садыр Жапаров бир мандаттуу шайлоо ыкмасына чакырган жол –– көп партиялуулуктан баш тартуу, партиялык тизмени жокко чыгаруу –– бул орусиялык болшевиктер түзгөн тоталитардык доорго жана орто кылымдарга кайтууга тете.

Тескерисинче, Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары улам азайтылышы керек, ал эми жеңген көп партиялуу коалициялык күчтөр президентке багыныңкы болбостон, парламентте өз өкмөт башчысын шайлап, ал жетектеген өкмөт мүчөлөрү болсо аткаруу бийлигин президентке кылчактабастан, өз партияларынын шайлоо платформасында айтылган идеяларды эл үчүн жүзөгө ашырууга тийиш.

Биздей чакан болуп туруп, бирок мыкты өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн абсолюттук басымдуу бөлүгү парламенттик башкарууга таянат. Биз Түндүк Кореяга жана Түркмөнстанга карай багыт албашыбыз керек.

“Асыл – таштан, акыл – жаштан” демекчи, Жанар Акаев, Жоодар Сайдилканов сыяктуу жаштар партиялык тизмени чыңдоонун эл аралык тажрыйбасын изилдеп, “добуш берүүдө артыкчылык берүү системасын” (“преференциячыл добуш берүү” усулун) сунуш кылышууда.

Бул усулга ылайык, шайлоочу тийешелүү партияны гана колдобостон, бул партиянын тизмесиндеги алгачкы он саптагы кишилерди эмес, акыркы же ортодогу саптагы кишилерди да колдошу мүмкүн. Ошондо, маселен, шайлоочу иши кылып тизме көркү катары 73-орунда турган дарыгерди, 97-орундагы мугалимди талапкер катары тандап, алгачкы ондуктагы айрым саясатчы кишилерди оңой-олтоң четке кага алат.

Ошондо ар бир шайлоо чөлкөмүндө бир мандаттуу шайлоодогудай “бул партияда тууганым, куда-сөөгүм бар эле” деген принцип менен аракет кылууга жол жок болот; кишинин туугандары көз караштарына ылайык ар башка партияга чачырашы ыктымал.

Эгерде А.Атамбаевдин балдарынын бардыгы, маселен, социал-демократтар партиясына гана үйүлүп кирип алышса, анда ал өзү “кландык башкарууга каршымын” деп сөз жүзүндө айтып, иш жүзүндө бир партияны өзүнүн бала-чакасынын карамагына тапшырып жаткандыгы айгинеленет да калат. Анын партиясын колдогондо да, маселен, шайлоочулар тизмедеги башка татыктуу социал-демократтарды колдоп, бирок “Атамбаев” деген тегаты бар талапкерлерге эч добуш бербей коюшу ыктымал.

Дегиңкиси, партиялык шайлоо платформасы элге таасын тааныштырылууга тийиш. Маселен, либерал-демократ болгондордун партиясы коммунисттик же улутчул-фашисттик же тар диний чакырыктарды жасаган инсандарды өздөрүнө караандатпашы керек. Коммунисттер болсо базар экономикасын колдогон капиталисттерден обочолонуусу абзел го дейм.

Эгерде артыкчылыктуу добуш берүү маалында партия лидери эң аз добуш алып калса, анда анын партиясы жеңип чыккандыгына карабастан, бул лидер партиялык жетекчиликтен кетүүгө тийиш. Ошондо жаш кездеги Ангела Меркел сыяктуу реформачыларга ар бир партия жетекчилиги жол ачат.

Карыя болуп туруп реформачы болгондор да, бай же жарды экендигине карабастан, партиялык тизмеге кирип, өзүнүн татыктуу артыкчылыктуу добушун алып, өз айылында эле эмес, бүткүл өлкө тарабынан коомдук сый-урматка ээ болот. Ошондо маркум Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаевдей, азыркылардан -- Аалыбек Акунов, Чолпон Жакупова, Клара Сооронкулова, Кыяс Молдокасымов, Сейтек Качкынбай, Өндүрүш Токтонасыров, Улан Үсөйүн, Айбек Турдалиев, Ыдырыс Исаков, Али Токтакунов сыяктуу акчасы жок, акыйкат сөзү бар инсандар кайрадан Жогорку Кеңешке тим эле агылып келет. Сыртта жүргөн профессор Бакыт Бешимов, Каамыт Савай, сүрөтчү Ибрагим Бакиров, журналист Чолпон Орозобекова сыяктуу инсандарды да (эгерде алар башка мамлекеттин жараны болбосо) Жогорку Кеңешке тартуу зарыл.

Бул артыкчылыктуу тизменин өзү эле кошумча акча коротулбаган элдик люстрациянын милдетин аткарат. Эркин маалымат каражаттары ар бир талапкердин бейнесин элге таамай тааныштырат. Жемкорлук жана зөөкүрлүк доосу менен соттолуп чыккандар өзгөчө талдоого алынат.

Эгерде көпчүлүк калайык болочокку шайлоодо да азыркыдай жактайбы, анда Садыр Жапаров да парламентке оңой-олтоң өтө алат. Бул үчүн, бирок, ал кворумсуз шайлануу ыкмасы менен убактылуу бийликке жан талашпастан, болочокку жаңы шайлоого талапкерликке камынышы абзел (убактылуу өкмөт башчы алдыдагы шайлоого өз талапкерлигин эч койбой турган калыс мамлекеттик ишмер болууга тийиш; бул милдетти кыйшаюусуз аткарса, анда ал бийликте аз убакыт отурса деле, атажурттук тарыхта жакшы ат менен кала алат).

Ал эми партиялык тизме менен шайлоодо кайсы бир шайлоо чөлкөмүндө 70тен көп добуш бир гана партияга берилип калгандыгы аныкталса (Кара-Кулжадагы бир шайлоо чөлкөмүндө тизмеде Асилбек Жээнбеков да болгон жап-жаңы “Биримдик” партиясына 100 пайыз добуш берилгендиги айтылып келет эмеспи!), БШК бул сыяктуу шайлоо чөлкөмдөрүндөгү добуш берүүнүн натыйжасын автоматтык түрдө жокко чыгарууга милдеттүү болушу керек.

Партиялык өтүү босогосу керек болсо 3–4 пайызга чейин түшсүн, ал эми күрөөгө коюлчу акча 5 миллион сом эмес, 800 миң сом деле болсун. Бул жагдай –– акчасы жок айдыңдар, илимпоздор, эркин ой жүгүрткөн атуулдар курган партиялар көп партиялуу атаандаштыкка эркин кириши үчүн жол ачат. Мындай шартта акчага, бийликке, бандиттерге таянган эсирген кишилердин партияларынын мыйзам ченемдүү жеңилиши үчүн жагымдуу жагдай жаралат.

Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... Төлөгөн Карыкеевдин азил сүрөтү. 02.04.2011.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... Төлөгөн Карыкеевдин азил сүрөтү. 02.04.2011.

Анекдоттун мазмунуна кылчайып...

Жогорудагы анекдотко кайтып келсек. Азыркы тапта биз чыныгы көп партиялуулуктун алмасынын ордуна жемкор, өзүмчүл партиялык “илиталар” суна койгон пиязды жеп жатабыз. Демек, алманын өзүн каргап-шилебестен, ошол шылуун соодагерлердин ордуна эркин базар экономикасына таянган адилет кишилерди лидер катары алмаштырышыбыз керек, өзүбүз да илгерки мектептеги билим менен чектелбестен, “алма менен пияз тууралуу кеңири адабиятты” ырааттуулук менен өз алдыбызча кошумча окушубуз зарыл.

Алтынбек Сулайманов (Фейсбук): 1 барак бюллетень - 1 партия - 1 талапкер. Эч кандай ашыкча чыгым болбойт!

P.S.

Мандела жана биздегилер

Айтмакчы, Садыр Жапаровду абактан бошонгондугу үчүн эле Нелсон Манделага (Nelson Rolihlahla Mandela; 1918––2013) окшоштурган кишилер көп. Миллиондогон кишилерди кырган бир партиялуу коммунисттик диктатураны курган Иосиф Сталин деле падышалык абакта карактоого катышкандыгы үчүн жаткан. Сталин жаш кезинде өз доорунун рэкетири болгон.

Нелсон Мандела абактан бошонуп чыккан күнү жубайы Виннинин колун кармап келүүдө. Кэйптаун, ТАР. 1990-жылдын 11-февралы.
Нелсон Мандела абактан бошонуп чыккан күнү жубайы Виннинин колун кармап келүүдө. Кэйптаун, ТАР. 1990-жылдын 11-февралы.

Мандела болсо абакта жатып, Лондон университетинде сырттан окуп, укук адистиги боюнча бакалавр даражасын алган. Ал Түштүк Африкадагы апартеидди гана эмес, өз партиялаштарынын адам укуктарын тебелеген жоруктарын да катаал сынга алган. 1990-жылы февралда боштондукка чыккан. 1993-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгын алган. 1994-жылы ал Түштүк Африка Республикасынын кара түстөгү алгачкы президенти болуп мыйзамдуу жол менен шайланган жана 1999-жылга чейин ушул кызматты аркалаган. Бийликтен кеткен соң сыйы менен эл атасы болуп жашаган анын өрнөгү да тарыхта калды. Бизде ошондой өрнөктү азыр Роза Отунбаева көрсөтүүдө.

Тынч өтүп жаткан атаандаш митингдин катышуучуларына С.Жапаровдун тарапкерлеринин тобунун кол салуу учуру. "Ала-Тоо" аянты, Бишкек. 09.10.2020.
Тынч өтүп жаткан атаандаш митингдин катышуучуларына С.Жапаровдун тарапкерлеринин тобунун кол салуу учуру. "Ала-Тоо" аянты, Бишкек. 09.10.2020.

Садыр Жапаров чындап Мандела сыяктуу ишмер болгусу келсе, анда ал “Садыр!” деп ураан чакырып келип, жаш саясатчы Тилек Токтогазиевди сабаган тентек, депутат айым Элвира Сурабалдиевага кол көтөргөн сакалы жайкалган аксакал жана атаандаш тынч митингге кол салган башка бейбаштар үчүн кечирим сурашы, өлкөдөгү чыныгы демократиялык жүрүмдү колдоп бериши, парламенттик демократияга бөгөт болбошу, реформачыл жаштарды өгөйлөбөшү, кворумсуз шайлана калбастан, бийликке мыйзамдуу жол менен келүүнүн саясий өрнөгүн көрсөтүшү керек.

Ред.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG