Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Байлардын байлыгын ашырган мандат


Мөөнөтү бүтөрүнө бир ай калган кыргыз парламентинде бир эле учурда жети депутаттын мандат алышы кызуу талкууланууда.

Эмне үчүн депутат болууга ашыккандар көп, мандат алуунун жолу оңойбу, анын мыйзамдык жана моралдык жоопкерчилигинде чек болушу керекпи, дегеле парламентаризмди канткенде калыптандырабыз? Ушул ж.б. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө сөз кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер министри, профессор Ишенгүл Болжурова, саясий серепчилер Кубан Абдымен жана Алмаз Тажибай катышты.

“Азаттык”: Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жети депутаты мандатын тапшырса, алардын ордуна жаңы жети депутат ант берип, мандат алды. Мөөнөтү бүтөрүнө бир ай калганда эл өкүлдөрүнүн күргүштөп кетип, куушуп парламентке келип жаткандарын кандай кабыл алдыңыздар?

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

Ишенгүл Болжурова: Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы ар кандай саясий оюндарды койгон өзүнчө эле комедия болду. Түшүнүксүз нерселери көп. Эмне үчүн депутат болууга ашыгышат? Бирөө өзүнүн коопсуздугу үчүн, экинчиси бизнесин коргоп, сакташ үчүн, үчүнчүсү, жакшы пенсияга чыгыш үчүн, башкалары бир аз болсо да өмүр баянына “депутат болгон” деп жазылып калышын ойлоп ашыгат окшойбу.

Мунун баары шылдың да. Кыргызстан өзүн башка мамлекеттерге саясий маданияты жок өлкө катары көрсөтүп жатат. Элди, коомду ойлогон киши жок. Депутаттык орундарды бөлүшүп, бошотуп, жаңылары келип жатканы өз ара мамилелери менен макулдашылган иш болушу мүмкүн. Сыртта турган карапайым калкка одоно, түшүнүксүз нерселер болууда.

Азыр депутаттын кайсы деңгээли бизге үлгү боло алат? Бүгүнкү депутаттын иштегени, жүрүш-турушу эл арасында шылдыңга айланды.

Кубан Абдымен: Учурдагы парламенттин беш жылдык иши кызыктуу, чыр-чатактуу жана күлкүлүү да болду. Парламент өлкөнүн жүзү, анын өнүгүшүнө жол ача турган, көп нерсеге мүмкүнчүлүк бере турган платформа болушу керек эле. Тилекке каршы, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш андай миссияны аткара алган жок.

Уят кыла турган окуялар көп болду. Депутаттардын дүңү менен кетип жатканы – түшүнүктүү нерсе. “Беш жыл иштедим, дагы беш жыл парламентте отурайын” деген ниетте кайра шайлоого кетип жатышат. Алардын ордуна отургандар депутаттык күбөлүк, төш белги алып, эмгек китепчесине депутат болгон деп жаздырып коюш үчүн эле келишүүдө. Мурда парламент өкүлдөрүнүн деңгээли коомдун жалпы деңгээлинен жогору, бардык жагынан үлгү болчу. Азыр депутаттын кайсы деңгээли бизге үлгү боло алат? Бүгүнкү депутаттын иштегени, жүрүш-турушу эл арасында шылдыңга айланды. Жалпы коомдун деңгээлинен артта калды. Тескерисинче, депутаттарда мансапкорлук күч алды...

Алмаз Тажибай: Жаманбы-жакшыбы бүгүнкү бийликте отургандар – биздин саясий элита. Бийликти эч ким өз эрки менен бербейт, тактыны күрөшүп, талашып алыш керек.

Бийликти алуунун мыйзамдуу жолу – бул шайлоо. Азыркы биздин элита дагы эле бийликте калуу аракетин жасап жатат. Айрымдары мандатын жоготсо жашай албай тургандай ооруп калышты. Биздин элита үчүн кызматтан бошоп калуу чоң трагедияга айланууда. Ошондуктан жогору жактан түшпөй жүрө бериш үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табышкан.

2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизгенде, 72-берененин 3-пунктуна “депутат премьер-министр, вице-премьер-министр боло алат, бирок андан бошоп калганда кайра депутат болуп ордуна келе алат” деген норма киргизип коюшкан. Депутат болгондордун пенсиясы жакшы, ар кандай дивиденд, жеңилдиктерге ээ болушат. Ошонун баары адамды азгырат окшобойбу. Парламентте бир күн иштесең да “экс-депутат” деп тааныштырганга сыймыктанышат.

“Азаттык”: Мындан үч ай мурда эле бир депутат айым вице-премьер-министр болуп дайындалып, пандемия менен күрөшүүнүн башкы жоопкери эле. Эми ал кызматын утурумдук токтотуп, депутат болууга аттанып жатат. Муну кандай түшүнүп, кандай бааласак болот? Анын өкмөттөгү жоопкерчилиги эмне болот?

Ишенгүл Болжурова: Бул көрүнүштүн өзү – мамлекеттик кызматтын аброюн, кадыр-баркын кетирүү.

Азыр “мамлекеттик кызматта жүрсөң эч нерсеге жарабайсың, депутат болсоң көп нерсе колуңан келет, бизнесиңди өнүктүрөсүң” деген түшүнүк калыптанып калган.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаттарынын 73 пайызы ишкерлерден турат. Алар өлкөнүн кадр маселесин чечип жатышат, кабыл алган мыйзамдары бизнестерин сактоого иштеп берүүдө.

Мамлекет жөнүндө ойлогон жан жок. Вице-премьер болуп иштешкен А. Өмүрбекова, А. Исмаилова үчүн быйылкы “кара июль” айындагы жүздөгөн кишилердин өлүмүнүн жоопкерчилиги кимге тиет деген суроо жаралат.

Акыркы 10 жылда Жогорку Кеңешти багыш үчүн 7 миллиард сом сарпталыптыр. Ал каражат өзүн актадыбы, парламенттин жарыгы элге тийдиби?

Келерки Жогорку Кеңешке дагы байлар келе жатат. Алар өлкөнү өнүктүрүүнүн программасын айтып жатышабы? Азыр Кыргызстан үчүн эң чоң көйгөй – жумушсуздук, анын айынан миграция күчөдү, аны токтотуу жөнүндө кандай программа бар?

Июнь-июль айларында коронавирус күчөп турганда бир депутатты элдин арасынан көрдүңөрбү, баары качып кетишти. Эл өзү менен өзү калды. Эл үчүн иштебеген мындай парламенттин эмне кереги бар?

(Талкууну толугу менен аудиодон уга аласыз)

Эмнеге баары депутат болгусу келет? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:47 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG