Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ташибекова: Мамлекет ар бир адамды сакташ керек


Жамал Ташибекова.

Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Жамал Ташибекова 11-августта 83 жашында каза болду.

Ал элүү жылга жакын Министрлер Советинин төрага орун басары - тышкы иштер министри, өкмөттүн алдындагы аялдар иштери боюнча комиссиянын, “Достук” коомунун жетекчиси өңдүү кызматтарды аркалап келген.

Ташибекова байлык топтогонго кызыккан жок, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин иштеп, ак эмгеги менен жашады. Бул тууралуу Жамал Ташибекова 2014-жылы “Азаттыкка” курган маегинде айткан. Төрт жыл мурун уюштурулган ошол маек белгилүү дипломаттын жаркын элесине арналат.

- Сиз азыркыга чейин эле иштеп жүрүптүрсүз. Убагында башкалардай байлык топтой алган жоксузбу?

- Жок. Мен СССР туруктуу кезде иштеп калдым да. Компартиянын күчү да чоң болчу. Кийин билдик, жеке өзүмдү баксам, тигинтсем-минтсем деген ойлор болуп калган экен. Биз ага жете элек болчубуз. Мен көбүнчө чет жак менен иштештим. Биздин турмуш жакшы, биз элге билим берип атабыз, ден соолугун сактап атабыз, акча албайбыз деп аларды ишендиргенге аракет кылчумун да.

Ошол ишимдин жакшы жери - дүйнөнүн көп жерине бардым, бардык жерде трибуна берип турушту, сен туура эмес сүйлөдүң деген сөздү эч кимден уккан жокмун.

- Сизди СССРдин делегациясынын курамы менен катышкан БУУнун башкы ассамблеясынын 1980-жылдагы 35-сессиясында Кытайдын социалдык маселелер боюнча сунушун колдоп добуш берген, кийин ошол добуш Кытай менен СССРдин алтымышынчы жылдары бузулган мамилесин жакшыртууга салым кошкон деген легенда айтылып жүрөт. Чынбы ошол?

- Бул чоң саясат экен. Кылдын учунда турган кыйын маселелер болот экен да. Анда баары эле (капиталисттик, социалисттик өлкөлөр-ред.) укмуштай санааркап турушту. Менден "эмне кыласыз?" деп сурашты. "Колдойм" дедим. Добушумду басып койдум. Ал кезде социалисттик 16 өлкө бар эле, алар СССР макул болсо макул, болбосо каршы беришет экен.

Добушту капысынан басып алды дештиби же СССР Кытайды эмнеге колдоду дештиби, айтор, жарым минутадай табло эч нерсени көрсөтпөй турду. Анан эле табло жапжашыл болуп чыга келди. Социалисттик мамлекеттердин бардыгы колдоду. Капиталисттик өлкөлөр деле колдошту. Бул октябрда болгон иш. Анан 7-ноябрда биринчи жолу Кытай бийлиги СССРди Октябрь революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады.

Мен анда Башкы ассемблеянын сессиясы бүткөндөн кийин эле Москвага токтобой, Кыргызстанга кетип калгам. БУУнун башкы ассамблеясынын делегациясынын отчетун угуу үчүн февраль айында Москвага чакырышты. СССРдин ал кездеги тышкы иштер министри, ассамблеяга делегацияны жетектеп барган Андрей Громыко делегацияны мактап, мага алкыш жарыялады. Ошондо алкыш барагын жазып бериңиз дебетирмин (күлөт). Жаш кез да. Анын эмнеси бар экен дегендей мамиле жасаптырмын. Ошондон легенда болуп айтылып калдым.

- Тышкы саясатта кылдаттык эле эмес, чечкиндүүлүк да керек дегенди далилдептирсиз да. Эми Кыргызстандын бүгүнкү тышкы саясатына кандай баа берип жатасыз? Туура нукта баратабы?

- Жалпысынан туура нукта эле баратат. СССРдин убагында Москванын планына кирмейинче четке чыга алчу эмеспиз. Азыр өз алдынча саясат жүргүзүп атышат. Саясатын карап отурам: ким эмне кылды, кайда барды, кайсы жерден ката кетирип койду. Жакшысына кубанам, катасына жүрөгүм ооруйт.

Өтө күчтүү боло албай жатышат. Мурунку кызматкерлер менен азыркылар бири-биринен ажырап калды. Мисалы, мени бир да жолу чакырбайт. Мен деле таарынган жерим жок. Байланыш болсо туура нукту көрсөтүп турмакмын. Мурунку кадрларды чакырып, кеңеш алып турса туура болмок.

- Сиз абдан таасирдүү кызматтарда иштедиңиз. Бирок байлык топтой алган жокмун деп атасыз. Азыр ошого өкүнбөйсүзбү?

- Байлыкты ойлобоптрумун. СССР кулап, менчиктештирүү башталганда "үй алыңыз, башканы алыңыз" деп сунуш кылышты. Мен ынаган жокмун, эртең кайра бер деп сураса уят да дедим. Акырында шаардын соода тармагынын жетекчиси “Сиздин эч нерсеңиз жок, мобул жактагы бир базарды алыңыз. Арзан, 25 миң сом турат” деп сунуш кылды. “Жо-ок, андай акчам жок, албайм” дедим. Ал кезде болгону 300-400 сом айлык алчубуз.

Мисалы, бир депутаттын 200гө жакын аптекасы бар, дагы бирөөнүн дүкөндөрү бар. Элдин, коомдун кызыкчылыгынан өзүнүкүн жогору коюп атпайбы.

- Бүгүн мамлекеттик кызматкердин ишкердикти жанаша алып жүрүшүн канчалык туура деп ойлойсуз?

- Мага жакпайт. Ал мамлекеттин ишин таза аткарышы керек. Эл эмне үчүн каршы болуп атат? Мисалы, бир депутаттын 200гө жакын аптекасы бар, дагы бирөөнүн дүкөндөрү бар. Анын баарын эмне кылат? Аны карашы керек, депутаттык ишин да аткарышы керек да. Элдин, коомдун кызыкчылыгынан өзүнүкүн жогору коюп атпайбы.

- Сиз эки доордо жашадыңыз. Бүгүнкү элдин турмушуна кандай баа берип атасыз?

- Моралдык өсүштү байкаган жокмун. Материалдык жактан эми адам болгондон кийин оокатын жасайт экен да. Кичинекей жерин иштетип, тырмалап оокат кылып атат. Жалпы караганда элдин турмуш деңгээли өтө түшүп деле кеткен жери жок. Бирок, өзү тапкан маянасы менен эмес, миграцияда жүргөн балдарынын, туугандарынын эсебинен жашап атпайбы. Ошолордун эсебинен там салып, машине, эмерек алып, ошону менен мактанып атышат. Жер айдаганга, мал бакканга көңүл жок. Мен илгери совет убагында онунчу классты бүткөн балдар чарбада иштегенге, мал бакканга кезекке туруп калышчу деп айтып калам. Азыр айылда эч ким калбайт.

- Билим деңгээли кандай көрүнөт?

- Жакшы эмес. Диплом сатып алганга мүмкүнчүлүк болуп атса, окуп эмне кылат? Мугалимдерди сатып алыш кадыресе көрүнүшкө айланды. Жаштар баягыдай чоң окуу жайлардан чындап билим албай калышты. Ошондой окубаган балдарды байкасам дайыма урушам. Жогорку билими бар адамдын иши дагы, эл менен мамилеси да башкача болот да. Мунун бардыгы системанын алмашуусунан келип чыккан өксүк болду.

- Муну кантип өзгөртүш керек?

- Мунун кыйынчылыгы деле жок. Бардыгы башчыга байланыштуу да. “Балык башынан сасыйт” деп бекер айтылбайт.

- Кыргызстандын аялдары билимдүү, чечкиндүү, эркин жүргөн калк эмеспи. Буга өзүңүз баш болуп далилсиз. Бул аялдардын маселеси чечилди дегенди түшүндүрбөсө керек. Кандай дейсиз?

- Аялдар маселесин чечтик деп айта албайбыз. Бирок, алдардын билими чынында жогору. Азыркы чаласабат учурунда да кыздар жакшы билим алып жатышат. Аялзаты чыдамкайлыгы, калыстыгы, тактыгы менен айырмаланат турбайбы.

Бирок, укуктарын коргой албай, азап чегип аткан кыздарды аябай аяйм. Жардам берүүгө кудуретим жетпейт.

- Сиз Кыргызстандагы “Достук” коомун жетектеп турган жылдары "Ташибекова корейлерге кыргыздын топ кыздарын сатып атыптыр" деген кеп тарады эле. Ошол долбоордун чоо-жайы кандай эле?

- “Достукту” 11 жыл жетектедим. Кыздарды саткан жокмун. Маселе мундардын диний уюмуна байланыштуу болду. Биздеги корейлердин коомунан кореялыктар менен таанышсак болот эле деген сунуш түшүп калды.

Кийин ал жактан келген корейлер биздин кыздарды жүрүм-турумга, тамак-аш бергенге окутуп жүрүштү. "Анан корейлерде кыздар жетпейт, бул жактагы кыздарды келин кылып алат элек, Түштүк Кореяга алып барып, балдарга тааныштырат элек" деген сөз чыкты. “Кантип аласыңар? Биздин кыздар жакпаганга турмушка чыкпайт. Кааласаңар бул жакка алып келгиле” дедим. Ошондо 40 бала келди. Аларга бул жактагы кыздарды ылайыктап, бөлүштүрүп коюшкан экен. Таанышып, белек-бечкек алып беришиптир. Ошолордун ичинен эки-үч кыз эле корейге турмушка чыкса болорун айтышып, алардын ичинен да бирөө эле чыкты.

- Ошол кыздын тагдырына кийин кызыктыңызбы?

- Ооба, ошол жакта жашап, эки балалуу болду. Жакшы жашайт.

Жаштар жолдон адашып калбашы керек. Ар бир адамдын жашоосуна мамлекет көз салып, аларды сакташы керек. Антпесе чачырап кетет.

- Негизи ошол кезде ошол аракеттердин артында тыюу салынган мундардын саясаты бар экенин билдиңиз беле?

- Биринчи билген эмесмин. Көрсө буларда үй-бүлө куруш үчүн башчысы сыртынан эле балдарына кыздардын сүрөтүн көрсөтүп, сен ушуну аласың деп буюруп коет экен. Ушул өңдүүлөрдү билгенден кийин “Достук” коому токтоткон. Бирок, алар ишмердигин улантып эле калышты. Бул жактагы корейлерден деле алар менен тымызын кызматташып кетишти.

Эми мунун бардыгы глобализациянын таасири болду. Азыр эми тилди сактап калуу, динди жолго коюу сыяктуу аракеттер жүрүп жатат. Азыр бардык диндер жаштарды өзүнө тартуу аракетинде.

Мусулманчылыкта деле ар кандай бөлүнүүлөр бар. Ошентип атып жаштар жолдон адашып калбашы керек. Ар бир адамдын жашоосуна мамлекет көз салып, аларды сакташы керек. Антпесе чачырап кетет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG