Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 25-май, 2020 Бишкек убактысы 14:03

Төрт залкардын аларман күткөн сүрөттөрү


Ч. Айтматов жана В. Гремитских. Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү эс алуу үйү. 1983-жыл. Фотосүрөт А. В. Гремитскихтин менчиги.

Орусиянын көркөм сүрөт сайттарынын биринде Кыргызстандын тарыхы менен чыгармачылык өмүрү тыгыз байланышкан орус жарандарынын портреттери көптөн бери сатыкта турат.

Чыңгыз Айтматовдун, Аалы Токомбаевдин, Кайыргүл Сартбаеванын жана Бексултан Жакиевдин сүрөттөрү өткөн кылымда соцреализм стилинде май боёк менен тартылган. Автору - москвалык живописчи Владимир Гремитских.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын айтымында, сүрөткер Кыргызстанга өкмөттүн чакыруусу менен келген экен.

«Андан бери, айланайын, 50 жыл өтпөдүбү?! Портретти тарткан сүрөтчүнүн ысымы эсимде жок. Еврей жигит болчу, өзү айткан. Сүрөттү (портретти) Москвага алып кетиптир. Улуттук сүрөт музейинен тапкан эмеспиз, издеп. Азыр айтсаң, эсиме түшүп жатат. Чыңгыз Айтматовду жана мени тарткан ошондо, Ысык-Көлдө. Кийин Ч. Айтматовдун сүрөтүн көрдүк. Аябай жакшы болуптур. Ошо кишинин (Ч. А.): «Иий, ысыктын күнүндө тартты эле. Аябай бетим күйүп, бетмай сыйпап, сүрөттөгүдөй болдук»,- деп күлдүргөнү азыр эсиме түштү».

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Кайыргүл Сартбаеванын портрети. Художник В. Г. Гремитских. 1983-жыл.
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Кайыргүл Сартбаеванын портрети. Художник В. Г. Гремитских. 1983-жыл.

Орусия искусствосунун ардактуу ишмери Владимир Гремитских - Москвадагы В.И. Суриков атындагы Көркөм сүрөт институтунун 1942-жылкы бүтүрүүчүсү. Белгилүү окуу жайында айтылуу устаздар, болочок академиктер жана СССРдин Эл сүрөтчүлөрү Игорь Грабарь жана Сергей Герасимовдон таалим алат. Академик И. Грабарь «История русского искусства» деген эмгектин жана «Русские художники» деген көп томдуу монографиянын редактору катары да белгилүү. Улуу муундагы сүрөт күйөрмандары академик С. Герасимовдун «Партизандын энеси» деген эмгегин жакшы билишет.

В. Гремитскихтин эмгектерин Орусиянын ондон ашык сүрөт музейлеринде, ошондой эле айрым чет өлкөлүк галлереялардан көрсө болот.

Кайыргүл Сартбаева портретте артист кийимчен турат. Менин баамымда, сүрөтчү эженин ички сезимин, шар мүнөзүн, айжаркын ажарын түркүн боёкторду күн шооласындай жайнатып таамай берген. Кайыргүл эже аны Гремитских өзү «сизди «Алтын кыз» драмасындагы Чынардын образында тартам» деп айтканын эстеди:

«Бир жумага театрдан уруксат алып, Ысык-Көлгө алып кетишкен. Мен сүрөткердин бет маңдайына беш жолу отуруп бердим, ошондо... Анда Советтер Союзу эмес беле. Чыңгыз Айтматовду тартып, анан келип мени тартып жатты. Ал мага: «Сиз «Алтын кыз» драмасындагы Чынырдын образында болосуз», - деп айтканын: «Эми өзүңөр билгиле. Мен силерге таңуулай албаймын», - дедим. Сүрөттү (бүткөндөн кийин) көргөн жокмун».

Сүрөткердин Жоомарт Бөкөнбаевдин айтылуу драмасындагы Чынарды билгенине караганда, ал Кайыргүл эженин репертуарын жакшы билген. Балким Кыргыз адабияты менен искусствосунун 1939-жылы Москвада өткөн декадасында «Алтын кыз» драмасын көргөн да болушу мүмкүн. Себеби, Гремитских ал жылдары Суриков институтунда окуп жаткан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:49 0:00

Ал эми экинчи каарманыбыз Бексултан Жакиев Ысык-Көлдөгү өкмөттүк Эс алуу үйүнө сүрөтүн тартыш үчүн атайын чакырылган эмес. Драматург «көлдүн абасынан дем алганча бир чыгарма бүткөрө келейин» деп барып, В. Гремитскихке кездешип калат.

«Мени өкмөт чакырган эмес. Мен Бишкектен эптеп жолдомо алып, бир нерсе жазайын деп бардым. Улгайып калган киши экен. Тааныштык. «Мен сүрөтчүмүн. Мени өкмөт чакырды» деди. Ары-бери бастык. Бир күнү балкондо отурсак, маңдайымда отуруп алып, бир нерсе чиймелеп жаткан. Көрсө менин портретимдин эскизин тартып жатыптыр. Республиканын бир майрамынын алды болсо керек эле. «Дагы бир топ кишилерди тартам» деди. Аттарын айтты. Көпчүлүгү аялдар болсо керек эле. Мени эмне максат менен тартып жатканына көп деле маани берген жокмун. (Портретти) тартып бүткөндөн кийин көрсөттү. Чыгармачылык жактан дурус эле өңдөндү да. Кеп окшош болгонунда эмес. «Мен муну өкмөткө сунуш кылам. Алар сатып алат» дегенсип айтты. «Өкмөткө айтсаңыз албайт го» дедим. Ал киши менен башка жолуккан жокмун».

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери Б. Жакиевдин портрети. Художник В. Гремитских. 1983-жыл.
Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери Б. Жакиевдин портрети. Художник В. Гремитских. 1983-жыл.

Бексултан агайдын портрети Аалы Токомбаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун портреттеринен айырмаланып, эркин жана импрессионисттик манерада тартылган. Ойлуу драматург богема чөйрөсүнөн экени ырасмий каадага сыйбаган чачтарынан, көк пиджагынын стилинен, көйнөгүнүн кочкул кызыл өңүнөн жана стулду бура тартып отурушунан даана көрүнүп турат.

Кайыргүл эженин айтымында, совет доорунда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон Жамал Ташибекова айым өз портретин Москвага барып сатып алган экен.

«Жамал Чойбековна Ташибекова деген эжеке бар эле. Ал убакта Жогорку Кеңеште иштечү. Ал айтып келди, Москвада бир галереяда көргөн го, «эже, сиздин сүрөтүңүз укмуштуудай сонун экен. Мен өзүмдүн портретимди сатып алдым. 10 000 сом акча төлөдүм. Сиз да өзүңүздүн сүрөтүңүздү сатып албайсызбы?» - деп. Анда менин СССРдин Эл артисти деген наамым жок. Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти деген биринчи наамды алгам. Артист союз убагында деле аябай аз маяна алчу эле да. «Маданият министрлиги аракет кылса балким сатып алар. Алар аракет кылбаса мен сүрөттү ала албайм. Андай чоң суммадагы акча менде жок» дегем».

Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиевдин портрети 600 миң рубль же 9300 АКШ долларына бааланган.

Кыргыз Эл жазуучусу, Ленин сыйлыгынын жана СССРдин Мамлекеттик сыйылыгынын эки жолку лауреаты Ч. Айтматовдун портрети. В. Гремитских. 1983-жыл.
Кыргыз Эл жазуучусу, Ленин сыйлыгынын жана СССРдин Мамлекеттик сыйылыгынын эки жолку лауреаты Ч. Айтматовдун портрети. В. Гремитских. 1983-жыл.

Үчүнчү каарманыбыз - 55 жаштагы Чыңгыз Айтматов сүрөттө ачык сары түстөгү сербаа көйнөкчөн, саргыч боз шымчан турат. Пиджагын желкесине таштап койгон. Эми күмүш аралай баштаган коюу кара чачтары арткы фондогу ак мөңгүлүү Ала-Тоо, көгүлтүр асман, жаратылыш менен жуурулушуп кетет. Коросон калемгердин күнгө тотуккан жүзү жапжашыл табиятка нурун чачып, аалам да сүйүнүчкө толгондой. Сүрөткердин Чыңгыз Айтматовду кара сөздүн чебери катары терең урматтаганы сүрөттөгү ар бир деталды кылдат иштөө аракетинен байкалат. Дүйнөгө ысымы белгилүү жазуучунун портретинин баасы 1 225 000 рубль же бүгүнкү нарк менен 19 миң доллар.

Владимир Гремитскихтин уулу Александр Владимирович телефон аркылуу болгон баарлашуу учурунда Жамал Ташибекова эже Москвада болгон кезде өзүнүн портретин сатып алганын тастыктады. «Ж. Ташибекова атайын келип, сүрөтүн долларга сатып алды», - деди ал.

Кенже Гремитских атасы мурдагы Советтик Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын портреттерин тартууга ким тарабынан чакырылганын билбей тургандыгын айтып, атасы Ч. Айтматовду тартып жаткан фотосүрөт бар экенин кошумчалады:

«Атамды ким чакырганын билбеймин. Мен ал учурда Сьерра-Леоне мамлекетинде иш сапарында жүргөн болчумун. Менде атам Чыңгыз Айтматовду натурадан тартып жаткан фотография бар. Айтматов кандайдыр бир пейзаждын фонунда турат. Атам этюднигин жайып алып Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тартууда. Бул 1983-жыл. Атам бардык адамдарды Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүнөн тарткан. Сүрөттөрдүн баасын инсандын дараметине карап эмес, эмгектин сапатына карап коём».

Маектешибиз - совет живописи боюнча Орусиядагы жеке менчик эң чоң коллекциянын ээси. Анын коллекциясында 1200дөн ашуун живопистик жана графикалык эмгектер бар.

Мураскер-коллекционер мындан төрт-беш жыл илгери атасы 1983-жылы Ысык-Көлдө тарткан береги сүрөттөрдү сатканы Бишкекке да келген экен. Ал жөнүндө Бексултан Жакиев агай мындай деди:

«Мындан төрт-беш жыл мурда го дейм... Маданият министрлигиби же музейденби, портреттин баракка көчүрүлгөн эскизин көргөзүп: «Мына бул сүрөттү тааныйсыңбы?» - деп айтып калышты. «Ой, тааныйм. Өзүмдү кантип тааныбайын? Муну илгери бир орус тартып кетти эле» десем. «Сүрөткердин көзү өтүп кетиптир. Уулу калыптыр. Уулу «сатам» деп жатат. Кымбат сурап жатат. Акча жок» дегендей кылышты. Андан кийинки дайынын билбейм. Уккан жокмун. Эгерде өкмөт менин сүрөтүмдү тарттырса, илгери эле алып калмак да. Портреттин оригиналын мен кийин көргөн жокмун».

Кайыргүл Сартбаева болсо 1983-жылы москвалык сүрөтчү тарткан портретинин баасын билгенде таң калып, аны сатып алганга чөнтөгү жука экенин айтты:

«500 бирдеме (доллар) дейсиңби? Ага менин пенсиям жетпейт да, алтыным. Мен пенсияда отуруп калдым да, азыр».

Улуттук жана дүйнөлүк классикалык операларда башкы каармандардын арияларын аткарып, эчендеген өлкөлөргө Ата журтун даңазалаган Кайыргүл Сартбаеванын портретинин базарга коюлган баасы 590 миң рубль же 9200 доллар.

Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Токомбаевдин портрети. В. Гремитских. 1983-жыл.
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Токомбаевдин портрети. В. Гремитских. 1983-жыл.

1916-жылкы Үркүнгө арналган «Таң алдында» («Кандуу жылдар») романын жана башка өлбөс чыгармаларды жараткан Кыргыз Эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры Аалы Токомбаевдин ырасмий портрети үчүн 520 миң рубль же 8100 доллар суралат. Буурул чачтары артка тегиз таралып, сакал-муруту куудай ак жазуучунун костюмунун жакасына баатырдын Алтын жылдызы жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын төш белгиси тагылган. Мойнундагы кооз жагоосу костюмуна куп жарашкан. Колунда башы ийилген аса таяк.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин директору, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жогорудагы төрт портретти сатып алганга музейде каражат жок экенин айтты:

«Акча жок да. Маданият министрлигинде 1 тыйын да жок. Андай акча жок. Сатып алганга мүмкүнчүлүк жок. Азыр С. А. Чуйковдун сүрөттөрү араң 15 000-20 000 доллар турат. Гремитскихти эч ким тааныбайт. Анын эмгектери анча кымбат турбайт. 5000 долларга да албайт, анын сүрөттөрүн. Мен билем да, бизге 5000 доллар деп сунуш кылганда «акча жок» деп алган эмеспиз. Илгери Ибрагим Жунусов маданият министри болуп турганда «ушундай портреттер бар экен, алып койбойлубу» десем «ой, кымбат» деп албай коюшкан».

Менимче, маселе В. Гремитскихти сүрөтчү катары эл билеби же жокпу - анда эмес. Кеп сунуш кылынган баада да эмес. Базарда кардар сатуучу менен дайыма соодалашат. Маселе, кыргыз элинин сыймыгы болгон төрт орошон таланттын портрети бир нече жылдан бери онлайн базарда сатыкта ээси жоктой турганында.

Батыш дүйнөсүндө тагдыры өлкө тарыхына ширелишкен атактуу уул-кыздарынын сүрөттөрүн мамлекеттик же жеке менчик музейлер же коллекционерлер сатып алыш үчүн олжо издеген сүлөөсүндөй аңдып күтүшөт, издешет. Же байгер жарандар музейлерге сатып беришмек.

Айтсак, былтыр эле франциялык жубайлар Клод жана Франс Леманд (Claude & France Lemand) Париждеги Араб дүйнөсү институтуна (L'Institut du monde arabe) теги араб өлкөлөрүнө тиешелүү 1400 сүрөт жана башка баалуу артефактты тартуу кылышкан. Ал эми он жыл мурдараак орус олигархы В. Векселберг 100 жылдай илгери Орусиядан чыгарылып кеткен Фаберженин алтын жумурткаларын 100 миллион долларга сатып алып, өлкө кыдыртып, мекендештерине көрсөткөн. Теги өзбек миллиардер Алишер Усманов атактуу өнөрпоздор Мстислав Ростропович менен Галина Вишневскаянын артколлекциясын Лондон аукционунда кеминде 92 миллион еврого сатып алып, Орусияга кайтарган.

Аалы Токомбаевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Бексултан Жакиевдин, Кайыргүл Сартбаеванын сүрөттөрү эмнеси менен баалуу? Биринчиден, төрт портрет тең бүгүн тарыхка айланган советтик соцреализмдин Москва мектебине таандык эмгектер.

Экинчиден, төрт портреттен тең ошол доордогу ысымдары Кыргызстандан да тыш жактарга, ал түгүл дүйнөгө таанымал даркан таланттардын образын көрөбүз.

Үчүнчүдөн, төрт жаран тең элибиздин руханий жан дүйнөсүн байытууга үлкөн салым кошкон таланттуу уул-кыздарыбыз, алар жанынан же натурадан тартылган. Ошон үчүн мындай сүрөттөр Улуттук көркөм сүрөт музейинде турушу керек деп ойлойм. Балким Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине жана Аалы Токомбаевдин үй-музейине В. Векселберг жана Алишер Усманов сыяктуу кыргыз олигархтары бирден сүрөттү сатып беришер.

Тактоо: Сүрөттөрдү пайдаланууга сүрөтчү В. Г. Гремитскихтин уулу жана мураскери Александр Гремитских өзү уруксат берди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG