Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Жапаров жемкорлорго мунапыс убада кылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялады.

Ал бул аралыкта коррупциялык жол менен табылган кирешелерди, мыйзамсыз мүлктү, жашырылган салыктарды ачыкка чыгарууга, мамлекетке кайтарууга чакырды. Өлкөдө тар маанидеги мунапыстар буга чейин да болгон жана жаңы аракеттен күмөн санагандар арбын.

Экономикалык жаңы өнөктүк

Президенттик жана өкмөт башчылык милдетти бир колго алган Садыр Жапаров өзүнүн жаңы демилгесин видео кайрылуу аркылуу шардана кылды. Анда ал 21-октябрдан тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялаганын, буга бир айлык мөөнөт коюлганын маалымдады.

Мамлекет лидери мунапыстын максаты бюджетти толтуруу, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды, оффшордук эсептердеги акчаны кайра кайтаруу, көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу экенин айтты.

Жапаров бул өнөктүк менен ишкерлерге бирдей шарттар түзүлөрүн, макроэкономикалык оң натыйжалар болорун, өлкө экономикасына зарыл каражат жана мамлекеттик тышкы карыздарды төлөөгө мүмкүнчүлүк табыларын кабарлады.

«Максатка жетүү үчүн, соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен жана башка тармактарда өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге, ар кандай компанияларга басым кылып үлүшкө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузган чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күндүк убакыт берем! Силер, өзүңөр деле, ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле! Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла», - деди Садыр Жапаров өз билдирүүсүндө.

Парламенттик шайлоодон кийин жарым-жартылай ишке ашкан төңкөрүштүн шарапаты менен бийликке келген саясатчы бул иш-чара бир гана жолу болорун эскертип, ушул учурду колдонуп калууга чакырган.

Жапаров укук коргоо, тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаны экономикага кайрып бергендерге административдик жана экономикалык кечирим берилерин билдирди. Декларация боло турган мүлк менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик бере турганына, ыктыярдуу түрдө декларациялоо жараяны сыр боюнча сакталарына убада берди.

Өз билдирүүсүндө ал экономикалык мунапысты пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн белгилеген.

Бул демилгени коомчулук кызуу колдоо менен кабыл алды. Медиа каражаттарында жана социалдык тармактарда аталган аракетти кубаттагандар өз пикирлери менен байма-бай бөлүшүүдө.

Анын ичинде айрымдар Жапаровдун кадамын Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын чаралары менен окшоштуруп жиберишти.

Баттулга 2017-жылы бийликке келери менен 49 жаранга 49 күндүк мөөнөт берип, оффшордук эсептердеги капиталын кайтаруусун талап кылганы кабарланган. Монгол лидеринин ультиматуму ишке ашпай калганы өзүнчө сөз деңизчи, бирок кыргыз мамлекетинин башчысыныкы эми башталды.

Экономист Кубанычбек Идинов бул чара азыркы кризистик маалда зарыл болуп турганына токтолду.

Кубанычбек Идинов.
Кубанычбек Идинов.

«Мен дайыма кыргыздардын арасынан ушундай лидер чыгып, ушуну айтаар бекен деп ойлоп жүрчүмүн. Өзгөчө ушул Монголияда балбан киши президент болуп, ушул нерсени киргизип, «оффшордо жаткан акчаны алып келип, бюджетке салды» дешкенде азамат дедим эле. Азыркы шартта балким парламентте карап, антип-минткиче жыл бүтөт. Ички дүң өнүм болжол менен 10% түшүп жатат, эгерде ушинтип дароо баштап салсак, балким аны өз деңгээлинде алып калышыбыз мүмкүн. Мына Райымбек Матраимовду 2 млрд. сом төктүрөт деп жатпайбы, дагы жүздөй-миңдей кишини ошончодон төктүрсө эле быйылкы бюджет аткарылган жатпайбы. Ошону үчүн балким шашып баштап жатышы мүмкүн».

Жыл башында дүйнөнү, анын ичинде Ала-Тоону да коронавирус пандемиясы каптаганда Кыргызстандын экономикасы жабыркап, бюджет да кыскарган. Баштапкы маалыматтар боюнча 2020-жылкы бюджетте 28-30 млрд. сомдук дефицит болору белгиленген. Кийин өкмөт башчылыкка шайланып жаткан учурда Садыр Жапаров таңкыстык 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымалдыгын кыйыткан. Ушундан улам да ал өз сөзүндө белгилегендей, экономикалык мунапыс менен быйыл бюджетти толтурууга аракет кылып жаткандай.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министрдин билдирүүсүндө экономикалык мунапысты ишке ашыруу үчүн кыска мөөнөттүн ичинде укуктук-ченемдик негиздер даярдалары, акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу ошонун негизинде ишке ашары көрсөтүлөт.

Бирок түшүнүксүз жагдай, ошол мыйзамдык база эми каралып жатканында болуп жатпайбы. Алгач механизмдер иштелип чыгып, анан өнөктүктү баштаса болбойт беле? Мурдагы премьер-министр Темир Сариев да ушундай маселени кабыргасынан коюп жатат.

«Мен өкмөттө жүргөндө, экономика министри болуп турганда мунапысты киргизгенбиз. Анда мыйзам менен ишке ашырганбыз. Бул же мыйзам менен киргизилиши керек, же жарлык менен киргизилиши керек. Жакшысы шашылыш мыйзам кабыл алып, ошо менен башташ керек эле. Жол-жобосу жарыяланышы шарт. Ишкер адамдар ишениши шарт. Байлыгын ачыкка чыгарам дегендер, мыйзам, мамлекет коргой турганына ишениши шарт. Болбосо бул жөн эле каалоо же декларация сыяктуу болуп калат», - деди ал.

«30% ишке ашса сүйүнүшсүн»

Арийне, экономикалык мунапыс деп аталбаганы менен тар маанидеги өнөктүктөр Кыргызстанда мурда да болгон.

Тагыраагы алгач 2007-жылы жана 2009-жылы, кийин 2010-жылы жана 2013-жылы ишке ашкан. Алар негизинен салыктарды көбөйтүү максатын көздөгөн жана жалпы декларациялоого даярдык катары кызмат кылган.

Башкача айтканда, өнөктүккө катышкандар кирешелерин жана мүлктөрүн ачыкка чыгарып, мунапыс алышы керек болчу.

Ачык маалыматтарга таянсак, биринчи-экинчи өнөктүктөр өз жемишин берген эмес, үчүнчүсүнүкү белгисиз, ал эми төртүнчүсүнө 10 миңдей адам катышкан. Анын ичинен 83ү байлыгы 45 миллион сомдон көп экенин ырастаган. Алар байлыгынын 1% же 450 миң сомду мамлекетке төлөп, мүлктөрүн легалдаштырышкан.

Быйыл жыл башында декларациялоонун алкагында мүлктү жана капиталды мунапыс кылуу боюнча өнөктүк өткөрүүгө даярдык көрүлүп, мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жаткан. Бирок пандемияга байланыштуу анын мөөнөтү артка жылган.

Ал эми Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык мунапыс андан такыр башка жана коррупциялык көрүнүштөр орун алган бардык тармактарды камтыйт.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев жаңы өнөктүктү ишке ашыруу механизмдери тууралуу азырынча маалымат бере албай турганын «Азаттыкка» билдирди.

Бекболот Алиев.
Бекболот Алиев.

«Сиздердин сурооңуздарды алдык. Бирок биз өкмөт тарап менен макулдашып алалы, андан кийин гана комментарий беребиз. Ага чейин түшүндүрмө бере албайм. Мурдагылар башка мунапыс болчу. Азыркысынын укуктук жактарын тактап алышыбыз шарт».

Экономикалык мунапыс, демекчи бул Европада XX кылымда согуштук жылдардан кийин кирген көрүнүш деп эсептелет. Алгач мындай чаралар Швейцарияда колдонулуп, Үчүнчү рейхтин банктык аманаттарына жана капиталдарына мунапыс берилгени маалымдалат.

Бизнеске мунапыс 1980-90-жылдардан кийин Аргентинада, Францияда, Индияда колдонулган. 2000-2001-жылдары Италиядагы мунапыстар ийгиликтүү деп саналат, анда капиталдын сыртка агуусунун жана салык жашыруунун себептери жоюлганы көрсөтүлөт.

Орусияда жана КМШнын башка өлкөлөрүндө да кирешелерди легалдаштыруу боюнча мыйзамдар соңку жылдары кабыл алынып, жарым-жартылай ишке ашканы айтылат. Бирок анын көбү ишке ашпай калганы сындалып келет.

Экономист Эркин Абдразаков жакшы даярдык болбосо, Кыргызстандагы экономикалык мунапыс да ишке ашпай калышы мүмкүндүгүн эскертүүдө.

«Өздөрү коюп жаткан максаттардын 30% ишке ашса чоң иш, ошого сүйүнүшсө болот. Бул көп күчтү талап кылган иш. Ошол мунапыс деп келген кишилердин мүлкүн далилдеп, мойнуна коюш керек да. Анүстүнө ишкерлер өз ыктыяры менен келе койбойт. "Мал боор эт менен тең" деп айтылат, мурда байлык топтобогон көчмөн элдин арасында көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп, мүлккө жеткенге курсант болгондор көп. Алар колундагысын оңой менен бере койбойт. Керек болсо атышат, керек болсо криминалга өткөрөт, сатып алган документтерин бурмалайт. Көп байлык топтогондор аны бергенден көрө түрмөгө кетип калганды артык көрүшөт. Ошондуктан муну жалпылап, комплекстүү түрдө алып барбаса, бир айдын ичинде аткаруу кыйын».​

«Кайра коррупцияга жол ачышы ыктымал»

Адатта расмий түрдө Кыргызстандын экономикасынын 28-30% көмүскө деп саналат.

Расмий эмес эсептерде бул көрүнүш 40-50% чейин бааланат. Анда негизинен мыйзамсыз жүгүртүлгөн бизнес жана мүлктөр кирет. Ушул жагынан алганда ачыкка чыкчу капиталдын көлөмү чоң десек ашыктык кылбайт.

Бирок ЖИА ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев бул демилге Кыргызстан үчүн азыр эрте экенин маалымдап, ал башка кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн айтууда.

Жоодар Омошев.
Жоодар Омошев.

«Максат-ой, багыты да жакшы. Бирок аны ишке ашыруу стратегиясы аябай маанилүү. Анан 30 күндүк мөөнөт берилип жатат, бул убакытта анын ишке ашып кетүүсүнө мен ишене албайм. Бул жерде биринчи коррупциялык элементтер, элдин акчасын уурдагандар болуп жатат. Экинчиси - ишкерлерге, көмүскө экономикага тиешелүү жагы турат. Менин оюмча азырынча бул демилгени ишке ашырууга эртелик кылат, өзгөчө ишкерлерге тиешелүү жагы. Себеби, аз салык төлөп жаткандарды көп салык төлөтүүгө, көмүскө экономикадан легалдуу экономикага чыгарууга орто жана узун мөөнөттүү план керек. Отуз жыл жашынып келген кишилер отуз күндө чыга койбойт. Анүчүн башка ыкмалар керек, системдүү аракеттер зарыл. Биринчи кезекте аткезчиликти жоюу керек. Азыр эми бул экономикалык мунапысты ишке ашыруу кимде болот? Ортоңку звенодо же ишкерлер менен түздөн-түз иштеген мамлекеттик кызматкерлерде болот. Алар келип алып, «силер момунча жашырып жатыпсыңар» деп ишкерлерди болбогон нерселер менен опузалашы ыктымал. Мындайча айтканда коррупциялык элементтер кайрадан чыгышы мүмкүн».

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болсо башка жагдайларга көңүл бурууда. Ал эки-үч төңкөрүштү баштан өткөрүп, туруксуз абалда турган өлкөдө жарандар мүлкүн ачыкка чыгаруудан тайсалдайт деп эсептейт.

«Экономикалык мунапыс боюнча мурдараак мыйзамдарды караганбыз. Менимче азыркы кырдаалдагы мунапыс аткаминерлердин бир тобуна гана иштеши мүмкүн. Ишкерлер азыркыдай кырдаалда мамлекетке, же органдарга ишенбейт. Алар өз эрки менен келбейт. Азыр бул жерде капиталды ачыкка чыгармак тургай, көбү капиталды сыртка чыгарып кетүүнү болжоп жатат. Анткени Кыргызстанда улам ызы-чуу болот, мыйзам толук иштебейт, натыйжада алардын иши жүрүшпөй турганын бизнесмендердин көбү көрдү».

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG