Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:10 21.9.2021

21 сентябрында Бишкек шаары боюнча бир сутка ичинде 53 учур катталды.

Бишкек шаарынын райондорунда коронавирустун 36 учуру катталды::
Биринчи май району –19
Ленин району – 8
Свердлов району – 5
Октябрь району – 4

Өлкөнүн башка аймактарынан медициналык жардам сурап 15 бейтап кайрылып, каттоого алынды.

Симптомдору - 53
Стационардык - 26
Амбулатордук - 27
Жеке кайрылуу -45
Байланыш - 8

12:09 21.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

14:55 20.9.2021

Кайсы неврологиялык илдет менен жапа чеккен бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөшү керек?

Неврологияда кээ бир бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу брифингтин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев айтып берди.

14:52 20.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 20-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2583 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 83 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 567 адамга жетти.

Бир күндө 113 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 589 адам жатат, дагы 910 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 015 киши.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG