Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:14 17.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 17-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2583 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 83 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 567 адамга жетти.

Бир күндө 113 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 589 адам жатат, дагы 910 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 015 киши.

12:06 15.9.2021

Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 короновирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик. Бул тууралуу брифинг учурунда Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.

Анын айтымында, лабораториялык аныктоо ПЧР ыкмасы менен жүргүзүлөт. Ошондой эле скрининг үчүн экспресс ыкма, ал эми шашылыш учурларда Genexpert ыкмасы колдонулат.

Пандемиянын башталышынан бери 2021-жылдын 15-сентябрына чейин жалпы республика боюнча 1 824 071 изилдөө жүргүзүлдү.

12:05 15.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 15-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2578​ адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 81 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 389 адамга жетти.

Бир күндө 117 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 603 адам жатат, дагы 978 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 171 767 киши.

14:37 14.9.2021

15-сентябрдан тартып Республика боюнча билим берүү уюмдары (мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы, кесиптик билим берүү уюмдары, жогорку окуу жайлары) салттуу режимде иштеп баштайт. Бул боюнча мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.

“2021-2022-окуу жылында билим берүү уюмдарында пандемия шарттарында окутуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, ар бир билим берүү деңгээлинде атайын Нускама, Алгоритмдер иштелип чыкты. Ага ылайык, билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана формасына COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга, ошол эле учурда тарбиялануучулардын, окуучулардын, персоналдын, мугалимдердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана ден соолугун коргоо боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш”, - деди Касымова.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG