Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:51 10.5.2020

Тажикстандагы кыргыздар Бишкектен жардам күтөт​

Жерге-Талдагы кыргыз кыштактарынын бири.
Жерге-Талдагы кыргыз кыштактарынын бири.

Тажикстанда он күндүн ичинде эле коронавирус менен катталгандардын саны 600дөн ашты. Кыргыздар көп жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорунда да илдетти жугузуп алгандар болгон.

Кыргыз улутундагы жарандар аталган аймактарда тамак-аш, дары-дармек тартыш экенин билдирип, коронавирустун алдын-алуу үчүн журтташтардан көмөк сурап жатышат.

Тажикстандан Кыргызстанга журт которуп келген жазуучу Аким Кожоевдин тууган-уругу Жерге-Талда. Ал райондун борборунда карантин киргизилгенин, вирустан бир киши каза тапканын, бир нече жашоочу аны жугузуп алганын билдирди.

«Карантинге бир эле район борбору болгон Жерге-Тал айылы алыныптыр. Башкаларда карантин жок. Башкалаа Дүйшөмбүгө таксилер каттайт экен. Борбор менен байланыш бар дешти. Сактануучу каражаттар, антисептик, дары-дармек жок экенин айтып атышат. Өздөрү беткап тигип алып колдонуп жатышыптыр».

Ушу тушта Кыргызстанда жүргөн Рамис аттуу жаран да Тажикстандын Мургаб районунда калган жакындары менен күндө кат-кабар алышып турат. Ага туугандары, айылдаштары азык-түлүк, дары-дармек жана вирустан коргонуучу каражаттар тартыш, дээрлик жок деп маалымдашкан.

«Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунда турабыз. Биздин айылга да дүрбөлөң жетиптир. Ал жакта абал оор эле. Бирок дагы деле жашырып жатышат. Медициналык мекемелердин кызматкерлери толугу менен маалымат беришпейт. Канча киши кандай оору менен жатканын айтышпайт. Сурасаң эле пневмония же сасык тумоо деп коюшат. Мен реанимацияда бир нече киши оор абалда жатканын эшиттим. Алардын арасында Дүйшөмбүдөн келген студенттер бар. ИВЛ (Ред: дем алдыруучу жабдуулар), дарылар жок десе болот. Мурда дарылар Оштон ташылып келчү. Вирусту аныктоочу тест тууралуу айтпай эле коелу».

Тажикстандык кыргыздардын кайрылуусуна Кыргызстандан азырынча расмий жооп боло элек. Коомчулукта коңшу өлкөнүн ички ишине Кыргызстан кийлигише албайт дегендер да бар.

Бирок Жерге-Талда туулган журналист Жолдош Турдубаев Тажикстандын ички ишине киришпей эле жардам бере турган ыкмаларды колдонууга чакырды.

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

«Тажикстанда кырдаал чын эле оор болуп жатат окшойт. Карантин жарыялабай, убакыт өткөрүп ийишпедиби. Кыргызстан тараптан аз болсо да жардам берилиши керек деп эсептейм. Кошуна республикага, андагы улуттук азчылык болгон кыргыздарга көӊүл буруп, колдон келишинче зарыл каражаттарды камдап, жок дегенде 3-4 вирусологду жиберсе, алар тияктагы догдурларга эӊ зарыл нерселерди үйрөтүп, кеп-кеӊеш берип, жардамды жеткирип келсе, коңшулук мамилени жакшыртуу үчүн да, ал өлкөдөгү кыргыз боордошторубуздун көӊүлү үчүн да абдан жакшы иш болмок. Жеке жактар да салым кошо алат деп ойлойм».

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов да Кыргызстан шартына карап чет жактагы кыргыздарга гуманитардык жардам берсе болот деп эсептейт.

«Өкмөт дагы, биздеги бай адамдар да кол сунса көйгөй чечилмек деген ойдомун».

Ушу тушта карантинден улам ондогон тажикстандык кыргыздар үйүнө кете албай жүрүшөт. Теги жергеталдык жазуучу Аким Кожоев 200дөй киши жазгы талаа иштеринен кеч калбоо жана үй-жайына баруу үчүн кыргыз бийлигинен жардам сурап жатканын билдирди.

Тажик президенти Эмомали Рахмон 8-майда Жеңиш күнүнө карата тараткан куттуктоосунда коронавирус боюнча абалга кайрылып, бийлик дартка каршы күрөштө болгон аракетин көрүп жатканын жана жакын арада эл аны жеңип чыгаарына ишенерин белгиледи. Ал медицина кызматкерлерине ыраазылык билдирип, кризистен кийинки жагдайга да көңүл бурууга чакырды.

«Коронавирусту көзөмөлгө алгандан кийин дүйнө оор финансылык-экономикалык кризиске, жумушсуздукка, азык түлүк жетишсиздигине жана кымбатчылыкка туш келет. Ошон үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, ресурстарыбызды ырааттуу жана акыл-эстүүлүк менен колдонуп, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүп, базарды азык-түлүк менен камсыз кылууга күч жумшашыбыз керек», - деди тажик президенти.

Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Расмий Дүйшөмбү өлкөдө COVID-19 дарты менен ооругандар бар экенин 30-апрелде гана моюнга алган. Ага чейин коронавирус жок деп ишендирип келген. Ошентип, өлкөдө расмий маалымат боюнча коронавируска чалдыккандар бир жума аралыгында 612га жетип, кайтыш болгондор 14 кишиге жетти.

Илдет жуктургандардын 18и Мургаб району караган Тоолуу Бадахшан автоном облусунда, 83ү Жерге-Тал кирген райондорунда экени маалым болду.

Ошол эле кезде тажик коомчулугу иш жүзүндө мамлекеттин аймагында коронавируска чалдыккандар мартта эле пайда болгон жана алардын саны мындан алда канча арбын деген пикирди карманышат.

Тажикстандагы Жерге-Тал районунда калктын 70 пайызын кыргыз улутундагылар түзөт. Ал эми Мургабда алардын саны мындан бир топ көп. Жалпысынан Тажикстандагы кыргыздар алтымыш миңге чамалайт.

Айта кетүүчү жагдай, Жерге-Тал району 2016-жылы Лахш, ал эми 2008-жылы райондун ушундай эле аталыштагы борбору Вахдат кыштагы болуп өзгөртүлгөн.​

10:02 10.5.2020

Москвада ооруканадагы өрттө бир бейтап каза болду

Москвада коронавируска чалдыккандар жаткан ооруканада өрт чыгып, бир бейтап көз жумганын "Интерфакс" өз булагына таянып кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт алты кабаттуу имараттын биринчи кабатында 9-майда кечке жуук тутанып, саат 21:00дө өчүрүлгөнүн билдирди. РБК 200 эвакуцияланганын жазды.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоого жабдууларды колдонуудагы этиятсыздык себеп болгон. Күбөлөрдүн бири өрт реанимациядагы кычкылтек баллонунан чыкканын жазды.

Москванын мэри Сергей Собянин каза болгон адамдын жакындарына көңүл айтып, кырсыктын себеби иликтенерин айтты. Бейтаптардын баары башка ооруканага которулду.

10:36 10.5.2020

СОVID-19: Кыргызстанда бир суткада 71 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 71 адам жаңы катталып, 17 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу илдетке каршы Республикалык штабдын 10-майдагы брифингинде саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жаңы табылгандардын 55и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан бир автобуста келип, Чүй облусунда обсервацияда жаткан мигранттар.

Андан тышкары Бишкек шаарында эки, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда беш, Баткен облусунда төрт, Нарын жана Чүй облустарында бирден учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус 1002 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 675 бейтап айыгып чыкты.

COVID-19 жуктуруп алган 1002 адамдын 232си медицина кызматкери, алардын 166сы айыкты, бирөө каза тапкан.

Кыргыз бийлиги 11-майда өлкөдөгү өзгөчө абал режими алынарын, бирок өзгөчө кырдаал режими улана берерин билдирген.

12:14 10.5.2020

Дүйнөдө коронавирус жуккандар 4 миллиондон ашты

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 10-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 4 миллиондон ашты.

Алардын 280 миңдейи жашоо менен кош айтышса, дээрлик 1 миллион 375 миңден көбү сакайды.

Оору эң көп жуккандар АКШда, ал жакта вирусту жугузгандар 1 миллион 300 миң адамдан ашты. Илдет кеңири жайылган он мамлекеттин катарында Испания, Италия, Британия, Орусия, Франция, Германия, Түркия, Бразилия жана Иран бар.

Борбор Азия чөлкөмү боюнча 10-майга карата маалымат:

  • Казакстанда 5036 киши ооруп, 1766 киши сакайды, 31 адам көз жумду.
  • Өзбекстанда 2387 адамда табылып, 1846 бейтап айыгып кетти, 10 киши жашоо менен кош айтышты.
  • Тажикстанда 612 кишиден COVID-19 аныкталды, алардын 20сы каза тапты.
  • Түркмөн бийлиги мамлекетте бул оору жоктугун айтып келет.
  • Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган. Андан бери коронавирус 1002 адамдан табылды, алардын 12си кайтыш болду, 675 бейтап айыгып чыкты. Ооруканаларда 315 киши бул илдет менен күрөшүп жатат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG