Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Орусиялык басылмалар: Кремл күтөт...


Москва Бишкектеги абалдын турукташуусун күтөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү чечимине эмоцияга таянып баа берүүгө мүмкүн эмес. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун мындай пикирин РБК басылмасы жарыялады.

Журналисттер Путиндин өкүлүнө «Кремлдин Жээнбековдун бийликтен баш тартышын жоопкерчиликтүү кадам деп эсептейби же алсыздык катары баалайбы?» деген суроо менен кайрылган.

«Абалды турукташтырууга жана конституциялык нукка кайтууга багытталган бардык аракеттер керек», - деген Песков.

Бейшембиде таң эрте «Орусия Кыргызстанга каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун» кабарлаган РБК «Кыргызстанда туруктуу өкмөт куралмайынча, Кремл мындай чечимди туура көрөт» деп кошумчалайт.

Ал эми орусиялык басылмалар Жээнбеков мындай кадамга өлкөдөгү ички күчтөрдүн кысымы менен барганын жазып жатышат.

«Росбалт» басылмасы «Кыргызстандын президенти митинчилердин кысымы астында кызматтан кетти» деп кабарлады.

«EurAsia Daily» басылмасы Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Куловдун «Фейсбукка» жазгандарына шилтеме жасап, «Жээнбековду белгисиз күчтөр согуш чыгарабыз деп коркутуп, кызматтан кетиришти» деген билдирүүсүн жарыялады.

Басылма ошол эле кезде премьер-министр Садыр Жапаровдун Бишкекте чогулган тарапташтары тарабай турганына басым жасап, «алар сүймөнчүгү Жапаровдун жеке бийлигин каалашат» деп кабарлайт.

Орусиянын Илимдер академиясынын Борбор Азияны изилдөө борборунун серепчиси Станислав Питчин «Жээнбековдун кызматтан кетиши кооптуу көрүнүш, өлкөнүн келечеги бүдөмүк» деп баалады.

«Көтөрүлүштөн алынган сабактардан кийин ал келерки парламенттик шайлоодо ортодо баланс сактай ала турган бийликтеги жалгыз легитимдүү саясатчы болчу. Садыр Жапаров бийликке элдин колдоосу менен келди деген менен бул өлкө кооптуу жолго түшүп баратканын көрсөтөт.

Кийинки парламенттик шайлоо мамлекетти башкарууда тажрыйбасы жок жаңы бийликтин көзөмөлү менен өтөт. Бул депутаттардын кийинки курамы бардык аймак менен тараптардын өкүлдөрүнөн тең кураларынан күмөн жаратат. Кыска мөөнөттүү легитимдүүлүк менен туруктуулук боюнча да шек бар», - деп жазды "Фейсбуктагы" баракчасына серепчи Станислав Питчин.

Москвадагы Жогорку экономика мектебинин профессору Андрей Казанцев да өлкөдөгү саясий турбуленттик бир топко созулат деген ойдо.

«Жапаров бийликти бир колго кантип алганын эске алып, кийинки президенттик жана парламенттик шайлоолор кандай өткөрүлөрүн элестете берсе болот. Либералдык демократия тууралуу кеп жок бул жерде. Популизм кескин курчуп, саясий атаандаштарга кысым күчөйт», - деп болгоолойт Казанцев.

Саясий кырдаал: Мыйзам жана талап
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:18 0:00

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин «Национальная служба новостей» агенттигине «Жээнбеков өзү кан төгүүнү каалабайм дегени менен, Кыргызстанды оор кырдаалда башкара албастыгын көрсөтүп койду. Ал Атамбаевди катаал жазалап, пандемия маалында парламенттик шайлоону өткөрүп чоң жаңылыштык кылды. Өзүнүн анык күчүн биле албады. Кыргызстандагы бир топ окуялар элдин кыжырдануусуна – карантин чаралары жана Орусия менен чек ара жабыктыгынан келип чыкты » деп билдирди.

Бул макала «Нес болуп, постту таштап кетти» деген аталышта жарык көрдү.

Дагы бир орусиялык депутат Александр Шерин Жээнбековдун мындай саясий чечимин жогору баалап, мындай кадамы менен Орусиянын Кыргызстандагы саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштаган жардамдан баш тартканын кыйытты.

Эки күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак Бишкекке келип кеткен. Анда президент Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров менен жолугушуулар болгону кабарланган. Эмне сөз болгону, кайсы маселе талкууланганы ачыкталган эмес.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG