Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Феликс Кулов: Кыргызстанды кимдир-бирөө башкаргысы келип атат


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткени тууралуу president.kg сайтына маалымат чыккандан кийин «Азаттыкка» комментарий берди.

Анын пикиринде, президенттин отставкасына байланышкан окуя алдын ала максатты көздөгөнүн жана кимдир-бирөө башкарууга умтулган механизм бар экенин ачык көрсөттү.

«Адегенде Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка сунуш кылып, дээрлик күч менен парламентти чогултуп, ал шайлангандан кийин президенттин отставкасы боюнча маселе көтөрүлүп, эми парламентти таркатуу талап кылынып жатат. Эми Жогорку Кеңешти таратып, бийлик анын колуна өтүп кетпеши үчүн спикерди күч менен кетирүүгө аракеттене башташат. Ошондо бийлик бир адамдын - премьер-министрдин колуна өтөт. Эл үчүн жана Садыр Жапаровдун өзү үчүн бул бийлик ага эмне үчүн керек деген суроо туулат. Эгер ал мамлекеттеги акыбалды күч менен оңдогусу келсе, аны кудай колдосун. Бирок ага бийлик башка максатта керек болсо, эртеби-кечпи бийликке мындай жол менен келген кайсы адамга болбосун, өзүнө бумеранг болушу мүмкүн», - деди Кулов.

Ал азыркы кырдаалга эл аралык коомчулук кандай баа бере турганын, башка мамлекеттердин кандай кабыл аларын жана эл аралык багыттагы кесепеттерди унутпаш керек экенин кошумчалады.

«Чек аралар жабылып, эч ким жардам бербей калат, инвесторлор келбейт. Мигранттар жапа чегет. Коронавирустун экинчи толкуну баарына таасирин тийгизет. Кыргызстандын тарыхында мынчалык жагымсыз көрүнүш дээрлик болгон эмес. Ушундай кырдаалда Садыр Жапаров мамлекетти башкара алабы? Ошондуктан, Садыр Жапаров жоопкерчиликти өзүнө алдыбы - мамлекет үчүн мен ага ийгилик каалайм. Эгер ал иштей албаса, карьерасы ушуну менен бүтөт», - деди Кулов.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон бери Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени тууралуу маалымат president.kg сайтына жарыяланган.

14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

13-октябрда Канатбек Исаев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган.

Учурда Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында буга чейин Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө үндөп жаткан митингде эми Жогорку Кеңештин таркашы жана анын жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевдин кетиши тууралуу талаптар айтылууда.

XS
SM
MD
LG