Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Толкундоодон кийинки Кыргызстан: Экономикалык реформа көйгөйлөрү


2020-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстан товарын чыгарган өлкөлөр. Карта.
2020-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстан товарын чыгарган өлкөлөр. Карта.

Белгилүү укук адиси Гүлнара Каликова 5-октябрдан кийинки кырдаалда Кыргызстанда экономиканы жана мамлекеттик башкарууну реформалоо жаатындагы өз көз карашы менен бөлүшөт.

Кыргызстан 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки эки жуманын ичинде шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарып, массалык нааразычылыкты, парламенттин башчысынын жана Президенттин кызматтан кетишин башынан өткөрдү.

Учурда бир эле адам премьер-министр да, президент да болуп, бийликти толугу менен колуна алган. Түзүлгөн кырдаал бир катар юридикалык суроолорду жаратууда. Бир катар замандаштар муну бийликти басып алуу жана узурпациялоо деп да аташты. Окуяны элдик толкундоонун мөмөсү катары да баалашууда.

Ошентсе да, 2020-жылдын 16-октябрында Премьер-министр С.Жапаров Кыргызстандын элине кайрылып, бир катар маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Алардын катарында адилеттүү коомду куруу, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү, сот реформасы, өлкөнү башкарууга жаштарды тартуу сыяктуу убадалары бар.

Ошондой эле экономикалык реформалар боюнча комитет түзүү, керексиз мамлекеттик структураларды жоюу, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, тышкы карыздарга болгон көз карандылыкты азайтуу жөнүндө да айтылды. Түшүнүксүз саясий кырдаалга карабастан, билдирүүлөр көңүл жибитет. Бул макалада автор мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча көз карашы менен бөлүшөт.

(ушул макалада көтөрүлгөн бир катар маселелер автордун алгачкы жарыяларында кеңири баяндалган:

(1) https://rus.azattyk.org/a/30748883.html;

(2) https://rus.azattyk.org/a/30756373.html;

(3) https://rus.azattyk.org/a/30775775.html

  1. МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ ЖӨНҮНДӨ

Мамлекет кайсы кирешенин негизинде жашайт? Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мугалим менен дарыгерлердин, полиция менен аскер кызматкерлеринин, прокурорлор менен соттордун айлык маянасына акча кайдан алынат? Пенсиялар жана пособиелер кайсы булактардан төлөнөт? Жолдор кайсы каражаттын эсебинен курулуп, оңдолот?

Бул чыгымдардын баары узак жылдар бою өнөкөт тартыштыкты башынан өткөрүп келе жаткан мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. Мамлекет бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы менен пенсияларын зорго төлөп келет. Ал эми жаңы жолдорду, мектептерди, ооруканаларды жана бала бакчаларды курууга иш жүзүндө каражат жок.

Өлкөдө дээрлик 600 мектеп жетишпейт. Учурдагы 2300 мектептин ичинен жүздөн ашууну жараксыз абалда. Бала бакчалардын курч жетишсиздиги байкалууда. Натыйжада 600 миңге жакын мектеп жашына чейинки балдар мектепке чейинки билим берүүдөн кур калууда. Ооруканалар дээрлик курулбайт. Жолдордун сапаты боюнча Кыргызстан дүйнөдө 123-орунда турат.

Бюджет салыктардын эсебинен 80%га , калган бөлүгү салыктык эмес төлөм менен тышкы жардамдардын эсебинен толтурулат. Чогултулган салыктын көлөмүнүн аздыгы адамдар аны аз төлөгөндөн эмес. Мунун себеби өлкөнүн экономикасы өтө начарлап, өнөр жайы жок болуп, айыл чарбасы өнүкпөй калганында. Экономика канчалык күчтүү болсо, ошончолук ишканалар менен жумуш орундары көп болуп, ишкерлер да, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр да көбөйүп, жумуш көп болот. Канчалык жумуш көп болсо, ошончолук адамдардын кирешеси да жогору болот жана ошого жараша салыктардан бюджеттин кирешеси да көбөйөт.

Бюджетке салыктык кирешелерди көбөйтүш үчүн, экономика өсүш керек. Бул, өз кезегинде, салык төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, өндүрүштүн , жүгүртүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.

Салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүш үчүн, экономиканы жүргүзгөн адамдарга адилеттүү, жөнөкөй жана так эрежелер керек. Кыргызстанда экономиканы товарларды өндүргөндөр, кызмат көрсөткөндөр, үй кургандар, жеке компаниялар менен миңдеген микро, чакан жана орто ишканалар менен ишкерлер, ошону менен бирге, дыйкандар жүзөгө ашырышат. Жеке компаниялар менен ишкерлердин ИДӨгө жана экономикага кошкон салымы 85% ды түзөт. Өлкөдөгү экономикалык жүргүзүүчү субъекттердин 98% - жеке ишкерлер. Кыргызстандагы бардык жумушчулардын 84% жеке ишканаларда иштейт. Өлкө экономиканы өнүктүрүүнү жана мамлекеттик бюджеттин чыңдалуусун кааласа, анда, биринчи кезекте, жеке ишканаларды өнүктүрүп, ишкердиктин өсүшүнө шарт түзүшү зарыл.

  1. ТЫШКЫ КАРЫЗДАР

Пост-советтик Кыргызстанда көп жылдар бою насыя менен гранттар бюджеттик көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги жолу болуп калган. Мамлекеттик карыздар тынымсыз өсүүдө. 2020-жылы карыз ИДӨнүн 60,19%на жетип, учурда 4,76 миллиард долларды түзөт. Мамлекеттик карыздын дээрлик 95% чет өлкөлөр менен эл аралык уюмдарга болгон карыздар. Тышкы карыздардын жарымына жакынын Кыргызстандан насыя милдеттенмелерин аткарууну талап кылган Кытайдан алган карыздар түзөт.

Карыздар жылдан жылга кошулуп, экономиканын өсүшүнө олуттуу тоскоолдук жаратат. Бирок, аларды да төлөш керек. Салыктар кыскарып, экономика төмөндөгөн шартта карыздарды төлөө оор болот.

Карыздарды төлөш керек. Бирок, ошону менен бирге, өлкөнүн насыя менен гранттарга болгон көз карандуулугун азайтуу жолдорун издеш керек. Учурда өлкөнүн экономикасынын кескин өсүшү гана карыздан кутулуунун бирден-бир чечими. Айта кетсек, жылдык экономикалык 4%га өсүшү (бул орто эсеп менен акыркы 20 жылда болгон) жетишсиз. Экономикалык өсүшкө жетишүү, адамдардын жашоо деңгээли менен сапатын жогорулатуу жана тышкы жардамдан көз карандылыкты азайтуу үчүн экономиканын жылдык өсүшү кеминде 10% ды түзүшү керек.

  1. МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН ЧЫГЫМДАРЫ

Мамлекеттик башкаруу чыгымдары боюнча Кыргызстан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүн артта калтырды. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттин дээрлик үчтөн бири бөлүгү мамлекеттик кызматкерлерди кармоого сарпталат. Бюджеттик чыгымдардын төрттөн бир бөлүгүнөн ашпаган өнүккөн өлкөлөр да мындай чыгымдарга барбайт.

Эмне үчүн мамлекеттик башкаруу органдарында эмгек акы аз болгонуна карабастан, мамлекет ушунча каражат сарп кылат. Мунун себеби мамлекеттик органдар менен кызматчылардын көбөйүшүндө. Алар өтө эле көп. 2020-жылы мамлекеттик башкаруунун санын 60 миң кызматкер түзгөн. 2000-жылы алардын саны 38 миңге жеткен. Мамлекеттик кызматкерлердин санынын өсүү арышы өлкө калкынын өсүү арышынан да ашып кетти.

Мамлекеттик мекемелердин саны дагы өсүүдө. Салык төлөөчүлөрдүн акчасы менен камсыздалган өкмөткө караштуу 87 министрлик жана ар кандай мекемелер бар. Айрым министрликтерде кызматкерлердин саны бир нече миңге жетет. Өлкөнүн экономикасы мындан оңолдубу? Жок, тескерисинче, экономика кескин төмөндөдү. Эми Казакстандын экономикасын кууп жетиш үчүн бизге 52 жыл керек болот! Мындан отуз жыл мурун эле, бардык пост-советтик өлкөлөрдө бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөр болгон.

Мамлекеттик башкарууну кармоого кеткен жогорку чыгымдарды пайдасыз мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен уюмдарды, кызмат адамдарын кыскартуу жолу аркылуу азайтуу керек. Өнүгүп келе жаткан бардык өлкөдөй эле, мамлекеттик башкаруунун чыгымдары бюджеттин төрттөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш.

Мамлекеттик мекемелер жана чиновниктер сыяктуу эле салык төлөөчүлөрдүн акчасы менен камсыздалган мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жөнүндө өзүнчө айта кетиш керек. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын басымдуу бөлүгү өзүн өзү актабайт. Алардын иш аракеттери мамлекеттик бюджеттен жана салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланат. Көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык объектилер эскирип, талкаланып, талап-тонолуп, айрым мамлекеттик объектилер мамлекеттик дайындоочулардын менчигине өткөн.

Мамлекеттик бюджет жана салык төлөөчүлөрдүн акчасы пайдасыз , чыгым алып келген мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды күтүүгө чыгымдалбаш керек. Ураган, керексиз мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү толугу менен кыйроого учуратпай, жеке ишкерлерге инвестициялоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү шарты менен сатыш керек.

  1. НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУ

Мамлекеттик аппаратты, кызматчыларды жана мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу – бул мамлекеттик бюджеттин жана экономиканын көйгөйлөрүн чечүүнүн бир эле кадамы. Мамлекет экономиканы натыйжалуу башкаруусу керек. Натыйжалуу башкаруу деген ар бир адам эркин окуп, иштеп, салык төлөй алган жөнөкөй, так эрежелер менен шарттарды түзүү.

Мындай шарттарды түзүү үчүн өкмөттүн оптималдуу жана ыкчам структурасы керек. Өкмөттө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта терең ойлонуп, чечимдерди кабыл алган жана жасаган иштери үчүн татыктуу эмгек акы алган адистер болушу керек.

Натыйжалуу мамлекеттик аппаратты түзүү бир катар министрликтердин, башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иш-милдеттерин карап чыгууну талап кылат. Пайдасыздардан арылып, калгандары коом менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымынын артыкчылыгын далилдеш керек.

2017-жылы Өкмөт министрликтер менен ведомстволор үчүн программалык бюджетти киргизген. Ал боюнча коюлган максаттарга жеткен учурда гана министрликке акча бөлүнөт. Мисалы, Транспорт министрлиги берилген жолдорду куруп, оңдоп-түзөп, транспорттук тейлөө сапатын көтөрүп, башка тармактык көрсөткүчтөрдү аткарган шартта гана министрлик катары ага бөлүнгөн каражаттарды акташ керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги келтирген пайдасын далилдеш үчүн бир катар көрсөткүчтөргө жетиш керек. Ошону менен бирге өлүм менен оорулардын азайышы менен өзүнүн артыкчылыгын далилдеш керек. Бирок, башка көптөгөн өкмөттүк пландары сыяктуу эле, программалык бюджеттин аткарылышы кагаз жүзүндө калган. Бардык мамлекеттик органдар кызматкерлердин санына жараша каржыланып, алардын саны дагы да тынымсыз өсүүдө.

Мамлекеттик кызматкерлердин санынын көбөйүшү бюрократиянын күчөшүн, жол-жоболордун татаалдашып, керексиз жактыруу менен уруксат кагаздарын көбөйүшүн билдирет. Ал эми мамлекеттик органдын макулдугун же уруксат кагазын алуу талабы болгон жерде, акча талап кылуу да болот. Эреже менен тартиптер канчалык татаал жана түшүнүксүз болсо, ошончолук аткаминерге, опузалап талап кылбай жасай турган милдеттүү иши үчүн, акча талап кылууга оңой шарт түзүлөт.

Мектептерден, ооруканалардан, айыл өкмөтүнөн баштап, министрликтерге, ведомстволорго жана өкмөттүн өзүнө чейин бүткүл өлкөнү каптаган ири жана кичинекей опузалоо экономиканын төмөндөшүнө алып келет.

Мамлекеттик ооруканага түшкөн дээрлик ар бир жаран дарылануу үчүн оорукананын кассасынан тышкары дагы кошумча акча төлөйт. Дээрлик ар бир ишкер өз ишинде көптөгөн мамлекеттик органдардан опузалап акча талап кылган учурларга туш болгон. Ушудан улам адамдар мамлекет менен кызматташуудан, мыйзамдар менен эрежелерден качат. Мындай көрүнүш көмүскө экономиканын өсүшүнө алып келет. Кыргызстанда көмүскө экономика 44,5% ды түзөт. Бул экономиканын жарымы эрежеден тышкары иштеп жатканын билдирет. Мындай пайыздык көрсөткүчтөр ачык эмес иштөө менен бирге мамлекеттик органдар тарабынан опузалап акча талап кылууга негиз түзгөн начар жана адилетсиз мыйзамдардын натыйжасы. Көмүскө экономика да бюджетке салык төлөмдөрүнүн азайышын алып келет. Ал эми салыктар канчалык аз болсо, өлкөдө ошончолук жаңы жолдор, мектептер, ооруканалар аз болуп, пенсиянын көлөмү төмөндөйт.

Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну түзүш үчүн бир катар мыйзамдар менен ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгыш керек. Аларды жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылышы жеңил болуш керек. Жөнгө салуу тоскоолдуктарды жаратпаш керек. Жөнгө салуу ар бир жаран эркин иштеп, татыктуу акча таап, салыктарды ыктыярдуулук менен төлөй турган адилеттүү шарттарды түзүшү керек.

* * *

2020-жылы 5-октябрда башталган эки жума ичиндеги толкундоолор өлкөдөгү саясий бийликтин түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө алып келди. Бирок, саясий өзгөрүүлөр экономиканы өзгөртүп, жашоо деңгээлин көтөрбөйт. Ыкчам, кескин жана туруктуу экономикалык реформалар керек. Реформалар мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик каржылоону башкаруу, экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүү, салыктарды төлөө, лицензиялар менен уруксат кагаздарды алуу үчүн акыйкат, ачык жана так эрежелерди түзүү маселелерин чечүүгө тийиш.

Гүлнара Каликова, Бишкек, Кыргызстан.
Гүлнара Каликова, Бишкек, Кыргызстан.

Экономикалык маселелерди чечүүнүн зарылдыгы менен ыкчамдыгы бир катар өлкөлөрдүн насыя боюнча карызын кайтаруу жана жардамдарын токтотуу жөнүндө эскертүүлөрү менен коштолууда. Мындай кырдаалда Кыргызстандын бир гана жолу бар – бул экономиканы өз алдынча көтөрүп, өз алдынча өлкө куруу. Буга жетиш үчүн экономикалык реформалар өзгөчө талап кылынат.

Гүлнара (Гульнара) Каликова,

Бишкек, Кыргызстан.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG