Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Шайлоочунун уйкусун келтирген программалар


КТРКда буга чейин өткөн дебаттардын бири.
КТРКда буга чейин өткөн дебаттардын бири.

Шайлоо өнөктүгүнө катышкан саясий партиялардын программалары жана убадалары тууралуу экономист Сапар Орозбаковдун ой толгоосу.

Акаевдин «кантиби» жөнүндө

Программа жөнүндө сөз болгондо менин эсиме мындай бир окуя келет. 1993-жылдын январь айы болсо керек эле. Мен Экономика министрлигине караштуу институтта директордун орун басары болуп иштечүмүн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мүлк бөлүшмѳй маселелери жѳнүндѳ сүйлѳшүүлѳр болуп, мени Алматыга кызмат сапарына жөнөтүшкөн. Келсем жумуштагылар «Экономика министрлигине Акаев келип жыйын өткөрүп, бизди да чакырышты» деп айтып калышты.

«Тез эле Швейцария болуп кетебиз» деген максатыбыз ишке ашпай, алдыда болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар күтүп турганы билинип калган кез болчу. Жомокко ишенип, «кудай буюрса болот, буюрбаса мен эмне кылмак элем» деп, эртели-кеч кудайга жалынып, оозунан «кудай буюрсаны» түшүрбөгөн Атамбаев менен Жээнбековдон айырмаланып, Акаев акыл калчап иш кылган, жомокко эмес, билимге ишенген, рационалдуу ой жүгүртө алган президент эле да. Элден кандай ой чыгат десе керек, министрликтерге барып жолугушуу өткөрүп жаткан. «Каап, сен болбой калдың да. Трибунага чыккандардын баарын Акаев «асмандын башын айтпай, жерге түшүп, конкреттүү сүйлөгүлө» деп кага берди» дешти, чогуу иштегендер.

Акаев «экономиканы кантип көтөрөбүз, оюңарды айткыла» дептир. Биздин институтта экономика илимдеринин бир доктору бар болчу, ал трибунага чыгып «биз туризмди өнүктүрүшүбүз керек» деген экен. Ал кезде азыркы туризмдин жыты да жок болчу. Бул ой конкреттүү айтпаса да баалуу сунуш эле. Акаев ошого карабай аны да кагыптыр. «Профессор, кантип өнүктүрүшүбүз керек? Туризмди өнүктүрүш керек экенин мен деле билем. Кантип өнүктүрүш экенин билбей жатпаймбы. Өзүңүз көрүп турасыз. Бюджетте бир тыйын ашыкча акча жок. Турфирма ача кой дейин десем, туризмди жакшы билген киши да болбой жатат. Сиз мен эмнеден баштап, андан ары эмне кылышым керек экенин - өнүктүрүүнүн жолун айтыңыз», - дейт.

Доктор аны ойлогон эмес экен, эмне дээрин билбей трибунадан түшкөнчө шашат. Мындайда президентке жага турган ой айтып, көрүнүп калайын дегендер көп болот эмеспи. Башкалар да трибунага чыккан экен. Акаев аларды да «Кантип?» деген суроо менен «жайлай» бериптир.

Мен партиялардын программа деп жарыялаган материалдарын окуп отуруп, ошол «Кантип?» деген суроого жооп тапкан жокмун. Мен Акаевдин учурунда көптөгөн программаларды түзүүгө катышып, дүйнөдө жазылган программалардын бир тобун окуп чыккан адаммын. Программа деп «сүйүнчү пулду 50 миңге жеткиребиз»(«Кыргызстан» партиясы), «пенсия, жөлөк пулду эки эсе көтөрөбүз»(«Мекенчил») деген өңдүү алдыга коюлган максатты эмес, ошол максатка жетүүнүн жолу жазылган материалды айтат. Башкача айтканда «Кантип?» деген суроого жооп иретинде жазылган идея болушу керек.

Бизде ошол идея жок болуп, экономика өнүкпөй жатпайбы. Эгемендик алган алгачкы 10-15 жылда биз эл аралык финансы институттарынын идеялары менен ишканаларга эркиндик берип, жеке менчик киргизип экономиканы көтөрүүгө аракет кылып көрдүк. Чынын айтыш керек, башында экономика эбегейсиз төмөндөгөн менен, Акаевдин акыркы жылдарында бир аз өсүш да болду. Бирок абал кардиналдуу оңолуп кеткен жок.

Бакиевдин учурунда экономика жандангандай болду. Бирок андагы экономиканын көтөрүлүшү Бакиев өзү айткандай өндүрүштү жакшы билип, туура саясат жүргүзгөндөн болгон эмес. Ага дүйнөдө мунай менен газга суроо-талап өсүп, алардын баасы болуп көрбөгөңдөй жогорулап, ошондон улам бул кен байлыктарга бай Орусиянын экономикасы тез өнүгүп, биздин эмгекке жарамдуу калк ошол жакка барып акча таап келип жатканы себеп болгон. Алардын баасы түшүп кетти эле, Атамбаевдин учурунда, ага улай Жээнбеков президент болгондо Кыргызстанда экономикалык өсүш дээрлик токтоп калды. Өлкө кайрадан таз кейпин кийип, насыя алып күн көрүүгө өтүп, Акаевдин акыркы жылдарындагыдай тышкы карыздын көлөмү кайрадан кооптуу деген чекке жетип отурат.

Өлкө азыр экономиканы кантип оңдойбуз деген маанидеги программага өтө муктаж. Экономика ирденсе бардык көйгөйлүү маселелер – жакырчылык, билим берүү, саламаттык сактоо, тышкы карыздан кутулуу жана башкалардын баары чечилет. Болбосо Африканын кылымдап өнүкпөгөн, жакыр өлкөлөрүнүн катарында кала беребиз. Ошол идеяны таппай туруп, «биз саламаттык сактоо тармагын оңдоп салабыз, айлыкты көтөрүп, элди жыргатабыз» деген сөз - популизм. Менин түшүнүгүмдө шайлоодо партиялар ошондой программа сунуш кылышы керек эле. Кыргыздар «капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» дейт го. Туңгуюкка кептелип турган биздин өлкөгө азыр ошондой жолду көрсөтүп бере ала турган программа керек.

Анткени шайлоодо жеңип чыккан партия жоопкерчиликти өз колуна алып, өкмөт түзөт, кадрларды дайындап, экономикалык саясат жүргүзөт. «Биринчи бийликке жетип алалычы, жетсек эле баарын кыйратып салабыз» деген ой - чоң жанылыштык. Алдын көрө албаган, проблема кайда экенин жана эмне кыларын так билбеген өкмөт эч качан ийгиликке жетише албайт.

Бул бийликтин партияларына гана эмес, оппозициялык маанайдагы партияларга да тиешелүү. Бийликтин партияларында (антип мен бийликтеги адамдар КСДПдан чыгып кирип алган «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын айтып жатам) жаңы ой жок экени бештен белгилүү. Болсо аны алар эчак ишке ашырып, экономиканы көтөрүп салмак. Анткенде эл азыркыдай нааразы болбойт эле. Алар «бийликти колдон чыгарып жиберип, жем жеп турган акырдан ажырап калбайлы» деп мурдагы күү менен баратышат. Эгерде шайлоо калыс өтсө, алар ээрден шыпырылып түшөрү турган иш.

Не бар, не жок. Ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да оппозициялык партиялар да бийликти татыктуу алып кетүүгө дайыма даяр турушу зарыл. Эмне кыларын жакшы билбей, 100гө жакын жаш балдардын өлүмү менен түзүлгөн жакшы кырдаалды текке кетиришкен, 2010-жылда бийликке келген партиялардын жолун кайталоо азыр чыккынчылык менен барабар.

Мен партиялардын программаларын ушундай өңүттөн карап көрдүм. Толук жарамдуу программа эч бир партияда жок. Көпчүлүк партиялар ураан жана чакырык менен чектелген. Ал эми шайлоодо чуу жараткан «Чоң Казат» менен «Социал-демократтар» партияларында ал да жок. Алардын программаларынан экономика жөнүндө мен бир да сөз таба алган жокмун. Партиялардын программалары - баш-аягы жок, бири экинчисине анча коошпогон, ар кандай сүйлөмдөрдүн топтому. «Программасы жок» деп айтпасын деп эптеп бир нерсе чампалай коюшканы байкалат. Аны да айрым партияларда экономикадан түшүнүгү жок адамдар кылганбы деген ойдо калдым.

Маселени автор өзү жакшы түшүнүп, айтайын деген ою өзүнө чайыттай ачык болгондо гана башкаларга түшүнүктүү текст жаза алат эмеспи. Жетелеп кетчү ой болбосо, логика болбосо текстти башкалар окуса да кыйналат. Расмий супсак кагаздардын далайын окуган мен 16 партиянын жазгандарын өзүмдү өзүм зордоп араң окуп чыктым. Жөнөкөй адамдар окуюн десе уйкусун келтирди го деген ойго келдим.

«Бир Бол» партиясы «Кыргызстандын ички дүң өнүмүн (ИДӨ) беш жыл ичинде эки эсе көбөйтөбүз» деп алдыга дымактуу максат коет. Ошого окшош эле максатты «Республика» (ИДӨнүн бир жылдык өсүшүн 15% жеткизип, анын көлөмүн 1,5 триллион сомго чейин көбөйтүү) жана «Замандаш» (7,5 млрд. доллар ИДӨнү 15 млрд. долларга жеткирүү) партиялары да көздөшөт (булар ар кандай цифра келтирип жатышканы менен аларды пайызга айландырганда «Бир Болдун» эки эсеси эле келип чыгат). Бирок алар бул максатка кантип жетерин негиздеп бербегендиктен ал жөн эле популисттик убадага окшоп калган. Ага кошулуп башка максаттары, мисалы «Республиканын» «айыл чарбасына беш пайыздык насыя, ипотокага пайыздык насыя беребиз» дегени, «Бир Болдун» «медицина кызматкерлеринин айлыгын эки эсе көтөрөбүз» дегени анча ишеним жаратпайт. Экономика өнүкпөсө кайдагы насыя, кайдагы айлык?

Дүйнөлүк рейтингге таянган жалган түшүнүктөр

Адилеттик үчүн айтып коюш керек, айтылбаганы жана ырааттуу жазылбаганы менен, айрым партияларда «Дүйнөлүк банктын ишкерлик жүргүзүү боюнча долбоорундагы Doing Business») өлкөнүн рейтингин көтөрүп, чет өлкөлөрдөн инвестиция тартып экономиканы өнүктүрөбүз» деген ою байкалат. Мисалы ошол эле «Бир Бол» партиясы «Кыргызстандын рейтингин 30-орунга жеткиребиз» деп жазат. Ал эми убадага март «Республика» жана бул жагынан андан кем калбаган, «Кыргызстанды дароо эле «Илбирс» кылып жиберем» деген «Мекеним Кыргызстан» болсо 20-орунду айтыптыр. Бирок дүйнөлүк практика «өлкөнүн рейтинги жогоруласа инвестиция суудай агып келет» деген ой да, «инвестиция келсе экономика күркүрөп өнүгүп кирет» деген ой да жалган экенин көрсөтүп жатат.

Алыска барбай эле кошуна Казакстан менен Орусияны алалычы. Дүйнөлүк банктын былтыркы изилдөөлөрүнө ылайык алардын биринчиси 25-орунга, экинчиси 28-орунга чыкты. Бул «Бир Бол» көздөгөн чектен (30-орун) да жогору. Эгерде рейтинг жардам берсе, ушул өлкөлөр өнүгүп кетет эле го?

Канакей, бул өлкөлөргө инвестициянын суудай агып келип, экономиканын тез өнүгүп киргени? Алардын өсүш темпи 80-орунду ээлеген биздикинен да аз болуп жатпайбы. «ЕАЭБдин ичинде Кыргызстандын экономикасы тез өсүп жатат» деп алар тескерисинче бизге суктанып жатканы жалганбы? Эгерде бул идея туура болсо Кытай эч качан өнүкмөк эмес. Акыркы жылдары эле Дүйнөлүк банк уялгандан Кытайдын рейтингин алдыга чыгарып жатат, болбосо 2015-жылга чейин Кытай бир да жолу 90-орундан өйдө көтөрүлө алган эмес. Мен билгенден кытайлар буга аракет да кылган эмес.

Кытайдын жана башка «Азия жолборстору» атка конгон өлкөлөрдүн экономикасы чет өлкөдөн келген инвестицияга көтөрүлгөн эмес. Алар бизге окшоп инвестиция тарталы деп жанталашкан деле эмес. Корея, мисалы, «империалистер бизди алдап басып алат экен»​ деп, тескерисинче чет өлкөлүк инвестицияга тыюу салган. Бул өлкөлөргө чет өлкөлүк инвестиция алар өнүгө баштагандан кийин гана келе баштаган. Анткени инвесторлор Дүйнөлүк банктын рейтингине анча деле ишене беришпейт. Алар өлкөнүн өз ишкерлери инвестиция кылып, экономика өнүгүп жатканын өз көзү менен көргөндөн кийин гана «бул өлкөдө ишкерлик кылып, пайда тапса болот турбайбы»​ деп ал өлкөгө келе башташат.

Ал эми кыргыз экономикасы жөнүндө айтсак, кыргыз экономикасына инвестицияны чакалап куюп жиберсең да өнүкпөйт. Ал өлкөнүн тышкы карызын көбөйтүп гана тешиги бар чакага куюлган суудай тез эле сыртка агып кетет. Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүк инвестициялардын салыштырмалуу көлөмү башкалардыкынан аз эмес экенин, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде ортодон жогору экенин мен бир макаламда конкреттүү цифралар менен көрсөтүп бергем. Кыргыз экономикасынын жарасы акчанын жоктугунда эмес. Менин түшүнүгүмдө, партиялардын милдети - ооруга туура диагноз коюп, аны айыктыруунун жолдорун таап, элдин ишенимине ээ болушу керек болчу.

Пайдасынан зыяны көп сунуштар же интеллектуалдык белимчилик

Партиялардын программаларында экономикага түздөн-түз зыян алып келчү, аны пайдаланса экономиканы өнүктүрбөй эле талкалачу сунуштар да бар. Айрым партиялар анын ичинде өзүн экономикага жакын, өзүн ишкерлердин партиясы көрсөтүп жүргөн «Кыргызстан» партиясы өз программасында жеке менчик фермерлик чарбаларды кооперативдерге бириктириш керек экендигин айтып жатат. Бул идеяны өткөн шайлоодо «Өнүгүү-Проргресс» партиясы да кызуу жайылтып жүргөн. Өлкө ЕАЭБге киргенден бери «майда чарбалар аз өндүрүм чыгарып, Орусияга сата алышпайт экен» деп, бул идеяга экинчи дем кирди. Мен бул идеянын ката экени жөнүндө «Малый бизнес как болото кыргызской экономики» деген макаламда кенен түшүндүрүп бергендей болдум эле (https://rus.azattyk.org/a/25333356.html, макаланы толук окуңуз келбесе акыркы бөлүмүн караңыз) Мен бул макалада көп партиялар сунуш кылып жаткан дагы бир жаңылыш ой жөнүндө айтып берейин.

Өткөндө Сапар Исаков премьер болуп шайланып өз программасын жарыялаганда мен аны талдоого алып «Фейсбукка» жарыяласам айтылуу Феликс Куловго аябай жагып калган өңдөнөт, ал менин постума «мен премьер болуп иштегенде сен кайда жүрдүң эле» деп комментарий жазыптыр. Генералдын антип айта турган жөнү жок. Мен ушул жерде эле болчумун. Биз илгери эле жакшы тааныш болчубуз. Болгону урушуп кеткенбиз. Аны Кулов унутуп калган өңдөнөт. Кийин чайга чакырыптыр, ошондо эсине салдым.

Окуя мындайча болгон. Мен анда Экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик комиссияда иштечүмүн. Кулов болсо өлкөдөгү экинчи киши - вице-президент болчу. Анын бир классташы биз менен комиссияда иштечү. Ал мага бир жолу: «Сени Кулов менен тааныштырып коеюнбу?» - деп калды. «Менин эмнем короп жатыптыр, мейли», - дедим. Кулов «Ак үйдүн» жетинчи кабатында отурчу. Бир күнү кирдик. Алар мурдатан сүйлөшүп алышса керек. Кулов мага ишкерлердин башын кошуп бир экономикалык программа иштеп чыксам деген ою бар экенин айтты. Мени ошол программага илимий жактан жетекчилик кылышымды суранды. Менин даяр идеяларым бар эле, макул болдум.

Программага тематика түзүп, аны иштеп чыгууга тартылган адамдарды топ-топко бөлүп койдум. Салык маселелери боюнча топто Гофлин деген бир аял бар болчу. Ал бардык салыктарды жоюп, сатуудан түшкөн акчадан (выручкадан) алынуучу бир эле салыкка өтүү жөнүндө сунуш менен келиптир. Мен дароо эле андай болбой турганын айттым. Анткени ар бир тармактын, аларга кирген ар бир ишкананын өндүрүм чыгарууда технологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Бири өндүрүм жасап чыгарыш үчүн жумушчу күчүн көп сарптайт да, өндүрүмгө өзүнүн күчүн (наркты) көбүрөөк кошот. Экинчисинде болсо тескерисинче чыгымдын көбү чийки зат жана башка материалдарды сатып алууга кетет да, жумушчу күчү аз сарпталат. Сатуудан түшкөн акчага салык салса, чийки затка көп акча жумшаган ишканалар, чийки зат акыры барып өндүрүмдүн наркына отургандыктан жумушчу күчүн көбүрөөк пайдаланган беркилерге караганда салыкты көп төлөп калышат.

Бул идеяны Гофлин өзү ойлоп тапты дейсиңби? Ошол кезде Орусияда кээ бир экономисттер ошондой ой айтып, аябай жайылтып жатышкан. Анын артыкчылыгы – көптөгөн салыктар жоюлуп, алардын ордуна бир эле салык болот. Бул салык төлөгөн ишканалар үчүн да, салык жыйнаган мамлекеттик орган үчүн да жеңил. Анын үстүндө салыктын өлчөмүн 3% кылса эле ошо кездеги 20% кошулган наркка салыктын, ар кандай деңгээлдеги акциз салыгын, бажы төлөмдөрдүн баарынын ордун толтуруп, бюджетке ошондой эле акча жыйналат.

Мындай салык киргизүүгө болбой турганын Гофлинге мен ошол кезде иштеп жатышкан Токмоктогу жүндү алгачкы кайра иштетүү фабрикасы (ПОШ) менен Биринчи май атындагы кийим тигүү фабрикасынын мисалында конкреттүү цифралар менен түшүндүрүп бердим. Жүндү жууп-тазалаган фабрика 100 сомго дүң өндүрүм чыгарыш үчүн 80 сомго колхоз-совхоздордон жүн сатып алат. Фабриканын өзүнүн кошкон таза өндүрүмү 20 сом. Анын 10 сому жумушчулардын айлыгы, калган 10 сому пайда (таза киреше). Ал эми Биринчи май атындагы фабрика 100 сом дүң өндүрүм чыгарыш үчүн тескерисинче чийки зат (кездеме) сатып алууга 20 сом эле коротот. Кездемеден кийим чыгаруу көп жумушту талап кылгандыктан ал өндүрүмгө наркты көбүрөөк кошот. Менин мисалымда 80 сом. Анын 70 сому эмгек акы, 10 сому пайда.

Эми салык эки ишкана бирдей көлөмдө таза өндүрүм чыгарганда канча дүң өндүрүм чыгарууга тийиш экенин эсептеп көрөлү (салык ошо дүң өндүрүмгө салынат да). Бир млн. сомдук таза өндүрүм чыгарыш үчүн Токмоктун жүн жууп-тазалаган фабрикасы беш млн. сом дүң өндүрүм чыгарышы зарыл. Биринчи май атындагы фабрика болсо бир млн. 250 миң сомдук таза өндүрүм чыгарышы керек болот. Салыктын өлчөмү 3% болгондо ПОШ 150 миң сом салык төлөйт. Ал эми Биринчи май атындагы фабрика болсо 37,5 миң сом төлөйт. Эмне үчүн Токмоктун ПОШу Биринчи май атындагы фабрика менен тең өндүрүм чыгарып, салыкты төрт эсе көп төлөшү керек? Токмоктун ПОШу өндүрүштө көп чийкизат пайдаланганы үчүн эле салыкты башкалардын көбүрөөк төлөшү туурабы? Албетте жок, салык баарына бирдей болушу керек.

Айырма товар саткан дүкөндүн мисалында ого бетер оркоюп көрүнөт. Анткени дүкөн таза өндүрүмдү дээрлик чыгарбайт. Ал товарларды ишканалардан дүңүнөн сатып алып, элге бирден сатат. Анын сатыктан түшкөн акчасынын (выручкасынын) 99% ишканалардан сатып алган товардын наркы түзөт. Мындай теңсиздик жараткан салык айрым (салыкты көп төлөгөн) тармактардын бара-бара жок болушуна алып келет.

Эртеси Гофлин «андай болсо ар бир тармакка салыкты теңдей турган коэффициент киргизели» деп келиптир. Мен макул болгон жокмун. Анткени ал коэффициентти аныктоо өтө татаал. Аныктаган күндө деле кээ бир тармактарда бирден эле ишкана болгондуктан ар бир ишканага өзүнчө коэффициент киргизүүгө туура келет. Бул болсо коррупцияга түз жол ачат.

Бирок Гофлин Куловго кирип, аны өзүнүн идеясына ынандырып алыптыр. Куловго ал салык аябай жагып калат. Бирок экономиканын катаал мыйзамдары бар. Аны каалагандай калчай берүүгө болбойт. Ал сен президент экениңе карабайт. Кийин андай кылууга болбой турганын түшүнүштү окшойт. Сатыктан алчу салыкты Кыргызстан гана эмес, салыктын демилгечиси Орусия өзү да киргизген эмес.

Мен муну айтып жатканым - ушул салыкты киргизүүнү «Республика», «Мекеним Кыргызстан» партиялары өз программаларында сунуш кылып жатышыптыр. Жүгүртүүгө карата салык (налог с оборота) деп аты бир аз башкараак, бирок заты ошол эле - сатуудан түшкөн акчадан алынуучу салыктан эч айырмасы жок. Мындай ойго булар бул партиялар өз алдынча келди деп ойлобойм.

Бизде бир жаман оору бар. Биздикилер өз алдынча ой жүгүртө албай эле Орусияда айтылган ойдун баарын туура, гениалдуу деп ойлой беришет. Орустарды туурашат. Орустар да адам, алар да жаңылышы мүмкүн экенин эске алышпайт. Орустар ошончо эле акылдуу калк болсо Батыш өлкөлөрүнөн артта калбайт эле да? Эски идея кайтадан айтылып жатышы ушуга байланыштуу экени билинип турат. Анткени азыр да Орусияда бардык салыкты жоюп салып, жүгүртүүдөн алынуучу бир салыкка өтүү жөнүңдө пикир айтылып, ал азыр талкууга коюлуп жатат.

Деңгээли төмөн дебаттар

Кайсы партиянын программасы жакшы экени, кайсыныкы начар, анын кандай кемчилиги бар экени, кимдин ою туура, кимдики жалган экени партиялардын ортосунда өткөрүлгөн дебаттарда даана билинет. Азыркы шайлоодо дебаттар көп өткөрүлүп жатат. Бул, албетте, жакшы. Чындык талашта жаралат дегендей, программалардын жакшысы партиялардын ортосундагы талкууда алардын бири-бири менен талашып-тартышуусунда аныкталат. Бирок дебаттардын сапаты өтө эле төмөн болуп жатат. КТРКда өткөрүлгөн дебаттарды да, ЭЛТРде өткөрүлгөн дебаттарды да теледен көрдүм. Талаш-тартыш дээрлик жокко эсе. Болсо да алар программага тиешеси жок талаштар.

Талкууланган маселелердин жашка жана жыныска тиешеси жок болсо да КТРК эмнегедир жаштардын жана аялдардын дебаты деп бөлүп коюптур. Бул баалуу убакытты текке кетирүү менен барабар. Анткени ошол эле маселелер негизги деген лидерлердин дебатына кайрадан коюлат. Андан көрө ошол убакытты лидерлердин дебатына кошуп берсе жакшы болмок - бир жолу өткөргүсү келбесе, эки-үч күнгө улантып. Телевидение ошончо эле бөлгүсү келсе экономика боюнча дебат, айыл чарбасы боюнча дебат дептематика боюнча бөлсө болмок.

Дебаттарга бир партиядан бир эле киши катыштырбай, көбүрөөк катыштырыш керек эле. Анткени бир киши баарын эле биле бербейт. Анан да убакыттын көбү «Силердин программаңарда чек ара маселеси каралганбы?», «Пенсияны канча пайыз көтөрөсүңөр?» деген өңдүү шайлоочулардын суроолоруна кетип жатат. Менин оюмча убакыттын баары болбосо да, көпчүлүк бөлүгү партиялардын бири-бирине суроо берип, талашып-тартышуусуна жумшалышы зарыл. Алып баруучулар суроо берип коюп жок болуп кетпей, талашка кызуу катышып, аны өчүп бараткан жерден кызытып турушу зарыл. Ошондо дебат кызыктуу гана болбостон, программалардын кемчиликтери атаандаштар тарабынан айтылып, пайдалуу да болот.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG