Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Чет элдик портал Кытай карызын эскертти


Кыргызстан менен Кытайдын туулары.
Кыргызстан менен Кытайдын туулары.

Финансы министрлиги Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө байланыштуу финансылык туңгуюкка кабылганы тууралуу маалыматка жооп берди.

Мекеме насыянын көбү болушунча төмөн пайыз менен узак мөөнөткө алынганын жана карызды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады.

Буга чейин чет элдик маалымат каражаттарынын бири Кыргызстан тышкы карыздан, анын ичинде Кытайга болгон бересесинен кутулууда маселе жаралганын жазган. Анын үстүнө кытай тарап ушул күнгө чейин тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүнө жооп бере элек.

«Ia-centr.ru» деген сайт «Финансылык туңгуюк алдында: Кыргызстан карыздарын кечүүнү суранат» деген макаланы жарыялады. Анда президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 21-сентябрдагы жыйынында пандемиянын өлкө экономикасына тийгизген таасирин жүйө келтирип, тышкы карызды реструктуризациялоону суранганын жазган.

Сайт карыз маселесин көтөрүүгө бул аянтча жакшы мүмкүнчүлүк болгонун, айрым финансылык институттар башка мамлекеттерге карызды төлөөдө жеңилдик берип жатканын, Кыргызстан мындай өлкөлөрдүн катарында эмес экенин баяндаган. Аны Кыргызстан дефолт абалынан көп жылдан бери сырткы каржылык жардам менен гана кармалып келатканы менен түшүндүргөн.

Портал Кыргызстандын Кытайга болгон карызына өзүнчө токтолду. Расмий Бишкектин Бээжинге болгон карызы 1,7 млрд. доллар экенин белгилеп, өздүк булактарына шилтеме берип, Кытай карызды төлөөдө кыргыз тарапка жеңилдик бергиси келбей жатканын билдирди. «Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И менен жолукканда белгилүү болду» дейт басылма.

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И жана президент Сооронбай Жээнбеков. 14-сентябрь, 2020-жыл.
Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И жана президент Сооронбай Жээнбеков. 14-сентябрь, 2020-жыл.

Кытай менен Кыргызстандын бажысындагы аткезчилик токтобой жатканы, өлкөдө кытай инвесторлору менен жергиликтүү элдин ортосунда пикир келишпестиктер негизги себеп катары көрсөтүлгөн.

Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулуктан, анын ичинде Кытайдан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү бир нече жолу суранды. Акыркы жолу президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини Бишкекте кабыл алганда ушул маселени көтөргөн. Жээнбеков май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, анда да коңшу өлкөдөн карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну суранган.

Бирок ушул күнгө чейин расмий Бээжин кандай жооп бергени белгисиз. Жээнбеков «Биринчи радиодогу» соңку маегинде карыз тууралуу буларга токтолду:

«Биздин тийиштүү органдар бул багытта Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюму, 20 ири өлкөнүн тобуна кирген мамлекеттер менен катар Париж клубу, ошондой эле Кытай, Жапония сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул иштин ийгилиги бизден гана көз каранды эмес. Негизинен, чечимди карызды берген мамлекеттер жана институттар кабыл алышат. Биз, албетте болгон аракетибизди кылып жатабыз».

«ia-centr.ru» сайтынын карыз боюнча материалына Финансы министрлиги жооп берди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, мамлекеттин тышкы карызы 200гө жакын насыя берүүчү тараптарга туура келет. Алардын 98% көбү 0,75, 2,0% пайыздык чен менен 40 жылга чейин төлөө мөөнөтү жеңилдетилген шарттарда алынган.

31-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы төрт млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен төрт млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - бир млрд. 861 млн. доллар көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга тийиштүү. Бир млрд. 776,29 млн. доллар Кытайдын Эксимбанкына туура келет. Бул тышкы карыздын 42,6% түзөт.

Министрлик Кыргызстандын тышкы карызын азайтуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, быйыл пандемияда да четтен карыз алынганын кошумчалды. Өлкө бул жылы тыштан 338 млн. доллар каржылык жардам алды. Анын 269 млн. доллары насыя.

Мунун ичинен Кытайга болгон карыз коомчулукту тынчсыздандырып келет. Бул боюнча буга чейин да бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров Кытай менен карыз маселесинде мунасага келсе болорун айткан эле:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Карызды төлөөнү 20 жыл эмес, 40 жылга чейин узартуу, пайыздарын түшүрүү боюнча сүйлөшсө болот. Мен мүмкүн болсо карызды Кытайдын Эксимбанкына эмес, Финансы министрлигине которуу боюнча демилге көтөрөт элем. Эгерде бул ишке ашып калса, ал мамлекеттик карыз болуп саясий чечим менен аны кечип жиберүүгө да жол ачылат. Ар бир жерде иш жетекчинин ишине жараша болот. Талаптарды туура коюп, «силер берген акча кыргыз элине жетип атат, досчулугуз артат» деп баарын орду-орду менен жасаш керек. Биз куда тоскондо деле 1000 жылдык бололу деп болгон күчтү жумшайбыз да. Ал эми кошуна түбөлүк болгондон кийин тил табышыш керек».

Кытай карызынын коркунучу тууралуу эл аралык басылмалар мындан эки-үч жыл мурун эле эскертип, «Кыргызстан Кытайдын карыз кылтагына илингенин» жазышкан. Алар Кыргызстан Кытайга карыз өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы беш мамлекеттин ичине киргенин жарыялаган эле. Ошондой эле Бээжин карыз төлөөдө оңой менен жеңилдик бербей турганын эскертишкен. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов да ушундай эле ойдо.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Кытай карыз төлөөдө эч кимге жеңилдик берген эмес. Алар берген карызын келишим кандай түзүлсө ошол бойдон кайтарып алат. Азырынча карызды төлөө боюнча Кытай бизге эч кандай жеңилдик бере элек. Эгерде ал ишке ашканда эбак эле маалымат таратылат эле. Биз карызды убагында бергенди да үйрөнүшүбүз керек. Анткени карызды төлөөдө жеңилдик берилгени менен ал жоюлбайт да. Эртели – кеч баары бир төлөйбүз».

Жарандык активист Гүлжигит Исаков мамлекеттик карызды башкарууда өлкө жетекчилери ката кетиргендиктен азыркыдай кырдаал түзүлгөнүн айтып жатат. Ал карыз маселесин чечүүнүн жолу катары анын шарттарын жеңилдетүүдөн эмес, экономиканы көтөрүүдөн көрөт.

«Кыргызстан кен байлыктары жана башка ресурстары жакшы эле. Кыргызстан ички ресурстарын туура колдонсо беш млрд. доллар карызды төлөп койсо болот. Ал үчүн компетенттүү жетекчилер иштеш керек. Ал үчүн саясий эрк керек. Мыйзамдарды да өзгөртүү зарыл», - деди ал.

Ушул тапта тышкы карыз ички дүң өнүмдүн 56,2% туура келет. Өкмөт ал жыл аягына чейин 59,8% чейин жетерин кабарлаган. Ошентип 2020-жылдын соңунда мамлекеттин ички жана тышкы карызы беш млрд. доллардан ашары күтүлүүдө.

Кытайдан алынган карыздын көбү негизинен Кыргызстанда жолдорду салууга жана энергетика тармагына жумшалган.

XS
SM
MD
LG