Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Жарышкан лидерлер, жарыгы өчкөн КТРК


30-сентябрдагы телетаймаш. КТРК.
30-сентябрдагы телетаймаш. КТРК.

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) саясий партиялардын лидерлери таймашкан дебаттар уланууда. 

30-сентябрда «Бир Бол», «Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы», «Республика» жана «Ыйман Нуру» партияларынын ортосунда телетаймаш өттү.

Партиялардын кириш сөзү

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевдин ордуна келген талапкер Асел Атабекова «ар бир лидердин артында аял турат» деп, кириш сөзүн аялдар маселесине арнады:

«Биздин артыбызда жеңил өнөр жайында эмгектенген аялдар турат. Биздин артыбызда майып балдарын багып жаткан энелер турат. Алар аялдардын күчүнө үмүт кылып жатышат».

Ал эми «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев саясий күрөш ыплас ыкмалар менен коштолуп жатканын белгилеп, элди туура тандоого чакырса, «Мекен Ынтымагы» партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков татыктууларга добуш берүүгө үндөдү.

Жээнчороев: «Биздин калыс, адилеттүү элибиз бул шайлоодо укук коргой албаган мамлекеттик органдардан, «Раим миллиондон», бандиттерден коркпой туура чечим кабыл алат».

Асанбеков: «Алгач партиялардын программасына, идеологиясына, экинчиден, ошол партиялардын тизмесине карагыла. Үчүнчүдөн, алардын баскан тарыхын карасаңар туура чечим чыгарасыңар».

Ал эми «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов партиясы 90% ашык жаңыланган курам менен баратканын белгилеп, эски системаны түп-тамырынан өзгөртөм деген дымагын ортого салды:

«Ушул системанын курмандыгы болгон инсан катары, мен бүгүн жаңы жүздөр менен жаңы ийгиликтерди, элибизге жаңы жашоону тартуулайын деп келе жатам».

«Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кириш сөзүндө партия программасынын негизги багытын жамактап тааныштырды:

«Биринчиси - банктарга элибизди тонотпойлу, экинчиси - ууру-кескилерди бийликке жолотпойлу, үчүнчүсү - кен байлыктарды сол чөнтөккө солотпойлу, төртүнчүсү - тышкы карыз беш миллиард долларга жакындады, ошондуктан мамлекеттин казынасын той-топурга, маанисиз нерсеге коротпойлу».

Теледебат үч айлампадан турат. Алгач алып баруучулардын суроосу берилет, анан талапкерлер бири-бирине суроо узатып, аягында элге кайрылууга убакыт бөлүнөт.

Модераторлордун өкмөт курамы, сот, коррупция тууралуу суроолоруна беш партия дээрлик бирдей эле жооп берди. Алар азыркы системаны кескин сындап, чакан өкмөт түзүп, айрым түзүмдөрдү кыскартып, өкмөт башчы болуп партияга байланыштуу фигура келип жоопкерчиликти алышы керек экенин белгилешти.

Телетаймашта алгачкы кайчы пикирлер «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков менен «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековдун ортосунда байкалды. Ыймандуулук тууралуу сүйлөгөн Кадырбековдун паракорлорду өлүм жазасы менен коркутуу жөнүндө сунушуна Асанбеков кескин каршы чыкты:

Темирбек Асанбеков.
Темирбек Асанбеков.

«Коррупцияга малынган адамдарды атууга кетирсек, анда Кыргызстандын жарымы калбай калат. Мындай кызуу кандуулук менен жакшылыкка барбайбыз. «Ыймандуу» дейсиңер. Киши өлтүргөн бандиттердин арасында намаз окугандар, депутаттардын жума сайын намазга баргандары бар. Ыйман менен эле адилеттүүлүктү орното калбайсың.

Адилеттүү сотту элдик таза шайлоо менен гана түптөй алабыз».

Кадырбеков буга дароо жооп берди:

Нуржигит Кадырбеков дебатка даярданып жатат учур.
Нуржигит Кадырбеков дебатка даярданып жатат учур.

«Элдик таза шайлоо барбы? Мына, шайлоого баратабыз. Элибиз да сатылып жатпайбы. Мен кээде «партиябызга добуш бергиле» деп эмес, «арамга алданбагыла, арам бир күнү башыңа балакет болуп келет» деп айтып жатам. Ыйманга шек келтирбегиле, чыныгы ыйман башка - анын сүрөтү башка».

Талапкерлер бири-бирине сын-пикир аралаш суроо узатып, телетаймаш кызып келатканда КТРКда жарык өчүп, дебат бири нече мүнөткө үзгүлтүккө учурады.

Кооз программа, кат-кат убада, өлкөнүн жаркын келечеги сөз болуп жаткан учурда жарыктын өчүп калганы социалдык тармактарда бир топ күлкүлүү билдирүүлөргө жем таштады.

Дебаттын жүрүшүндө «Мекен Ынтымагын» баштап бараткан Темирбек Асанбеков буга чейин парламентте отурган «Бир Бол», «Кыргызстан» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрүнө «Мурда эмнеге иштеген жоксуңар?» дегендей суроосун улам-улам кайталап турду.

Асанбеков өлкөдө бардык тармактар кризиске батып бараткан учурда парламентте отурган үч партиянын кайра жарышка аттанганын сындады:

«Урматтуу менин оппоненттерим, кайрадан парламентке жарышууга моралдык укугуңар барбы?»

«Бир Болдун» жетекчиси Алтынбек Сулайманов өзүн өлкөдөгү абалды жакшыртууга күрөшкөн саясатчылардын катарына кошорун айтып, Асанбековго контр суроо таштады.

Сулайманов: «Шайлоо башталганда пайда болуп, кайра беш жыл жоголосуз?»

Асанбеков: «Өзүңөр айттыңар, «системага карыш чыктым» деп. Өзүмдү курмандыкка чалган системага кирип мен жинди эмесмин. Коомдун кызыкчылыгын коргой турган программаны жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам».

Сулайманов: «Сиздин программаңызды эч жерден тапкан жокпуз».

Асанбековдун суроосуна «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Асел Атабекова жооп берип, мурдагы шайлоодо айтылган убадалар аткарылып жатканын билдирди:

Асел Атабекова.
Асел Атабекова.

«Мурунку фракциянын 18 депутатынын 14ү кайрадан аттанып жатат. Бул, демек башка партиялардан айырмасы - команда бар дегенди билдирет».

«Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев ​партиясы Жогорку Кеңешке келсе аны түптөгөн, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңдей добуш алган саясатчы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтөрүн жарыялады. Жээнчороев менен Сулайманов Бабановго байланыштуу суроонун айланасында бир топко талашып-тартышты.

Сулайманов: «Лидериңиз «саясаттан кеттим» деп бир нече жолу айтты эле го?»

Жээнчороев: «Ал Кыргызстандын азаматы, сурамжылоо болуп атат. Эл чакырып, коалицияга кирсек, сунуш кылсак артка кайтпайт го деп ойлойм. Ал Кыргызстан үчүн иштеп берет деп ойлойм. Мыкты азаматтардын бири».

Сулайманов: «Мыктысына шек жок. Президенттик шайлоодо 600 миң добуш алгансыңар. Бирок, ошол 600 миң шайлоочунун укугун коргой албай сыртка чыгып кеткенин эл унута элек. Мен да унута элекмин».

Жээнчороев: «Сиз унутуп калдыңыз, ахыбал кандай болгонун. Анткени ошол убакта президенттин шоопуру менен бекем позицияда болгонсуз».

Мындан тышкары Жээнчороев дээрлик бардык телетаймаштарда сөз болуп келе жаткан, чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов жөнүндө маселени көтөрдү.

Асанбеков: «Матраимов мырза көрүп жатат. Эгерде анын ар-намысы болсо талапкерлигин алып салмак. Анткени аябай резонанс болуп кетти. Мен анын ордунда болсом партияны жарыштан алып салмакмын».

Сулайманов: «Ал партиянын ичинде жакшы жигиттер жок эмес. Мага алардын келечеги туңгуюк болуп жатат. Ал эми бул партиянын өмүрү кыска болот. Бул партиядагыларды алдыда оор күндөр күтүп турат».

Кадырбеков: «Али Токтакунов маанилүү маалымат чыгарды. Ли Куан Юнун жакын досун жөн эле сөз ээрчиген. Ошону кабыл албай койгондо ал барып өзүн-өзү атып алган. Бизде аркасынан ушунча сөз ээрчиди, материалдар чыкты. Анан ошол адам партия менен шайлоого баратканы туура эмес. Буга жол бербеш керек болчу. Анан кантип бийликке элдин ишеними болот? Аны ар кимге, бизге жабыштырып атышат. Аныкы өзүнө кут болсун, мурдуна жыт болсун дейм».

Убактысы бүтүп калгандыктан Матраимов боюнча суроого «Кыргызстан» партиясы жооп бере албай калды. Ошондой эле күндүн маанилүү темаларынын бири болгон шайлоочулардын форма №2 тизмеси боюнча «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев менен «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бийликти сындашты.

Жээнчоров: «Кечээ бир партиянын төрагасынын көпөстүк сөзүн уктум. «Кыргыз көчмөн эл болчу» деп».

Сулайманов: «Бул бийликтин партиясы утту деген сөз. №2 форма боюнча элдин ичинде жакшы сөздөр көп эмес. Ал эми Мирлан деген ким? Ал жалданма лидер. Тапкан сөзү ошол».

«Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Кыргызстан» партиясынын лидеринин дебатка келбей койгонун сындап өттү:

«Лидерлик - бул жоопкерчилик. Өзүнүн оокатына эсирген «Кыргызстан» партиясынын жетекчиси келиши керек. Келбей койгону партиянын кадыр-баркын түшүрөт».

Биз КТРКнын түз эфирде кеткен телетаймашында айтылган урунттуу учурларды гана тизмектедик. «Азаттык» айрым лидерлер айыптаган адамдарга микрофон берүүгө даяр.

Жарык өчкөн дебатта "чымчылашкан" лидерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:29 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG