Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Лидерлерди сынаган телетаймаш


Теледебат учурунда. 28-сентябрь.
Теледебат учурунда. 28-сентябрь.

Беш партиянын дебатындагы урунттуу учурлар.

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) саясий партияларын баштап бараткандар катышкан негизги дебаттар башталды. Байкоочулар 28-сентябрда «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Реформа» жана «Социал-демократтар» партияларынын ортосундагы телетаймаш кызуу өткөнүн белгилеп жатышат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Жанарбек Акаев менен «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков телетаймаштын кириш сөзүндө эле азыркы бийликти кескин сынга алып киришти.

Жанарбек Акаев: «Чимкирик парламенттин, чабал өкмөттүн кандай иштегенин көрдүк. Жетишет! Туугандашкан, кландашкан бийлик, аке-үкө, куда-сөөк болуп башкарам дегендердин жолун кан буугандай бууш керек».

Темирлан Султанбеков: «Жээнбеков, Матраимовдордун үй-бүлөлүк, кландык режимин, эски чиновниктердин баарын жок кыла турган саясий күч бар. Биздин партия люстрация мыйзамын сунуш кылат».

Ал эми «Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова шайлоого криминал менен паракорлор баратканын айтып, туура тандоого чакырды:

«Биз эртең бандиттер менен паракорлорду бийликке алып келсек, балдардын жаркын келечегинен үмүт үзүлөт. Туура тандоого чакырам».

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров реалдуу программаларды ишке ашырыш үчүн баратканын айтса, «Ордо» саясий партиясынын жетекчиси Мирбек Мияров жаңы жүздөр келатканын белгиледи.

Мирлан Бакиров: «Калктын жашоо турмушун оңдоо, мамлекетибиздин экономикасын көтөрүү, эл аралык маселени чыңдоо, чек ара маселесин чечүү».

Мирбек Мияров: «"Ордо" саясий партиясы - бул келечекке жаңы өзгөрүүлөр, жаңы көздөр, жаңы жүздөр, жаңы инсандар».

Телетаймаштын алып баруучусунун партиялардын убадалары жөнүндө суроосуна байланыштуу «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова парламентке өтүп келип, 500 күндө программасын аткара албаса депутаттары мандатын тапшырып кетерин жарыялады. Ал эми «Ата Мекен», «Ордо», «Социал-демократтар» партияларынын өкүлдөрүнүн айтымында, көпчүлүк коалицияга кирбей калса, парламенттеги чыныгы оппозицияга айланышат. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров айтылган убадалар аткарыларына ишенип жатканын билдирди.

Партиялардын лидерлери акыркы төрт күндөн бери башкы темага айланган, «Биримдик» партиясынын лидери, КСДП фракциясынын азыркы депутаты Марат Аманкуловдун «евразиячыл интеграция» тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу да үн катышты.

«Реформа» партиясын баштап бараткан Клара Сооронкулова Аманкуловдун сөзү эгемендикке шек келтирет деп эсептейт.

«Февралда болгон жолугушуу азыр ачыкка чыгып жатат, - деди ал. - Демек, бул бир топ жылдан бери келе жаткан процесс. Бир күнү «кошулабыз» деп референдум кылат. Урматтуу кыргызстандыктар, эгемендигибизден ажырап калабыз».

«Ата Мекендин» өкүлү Жанарбек Акаев Клара Сооронкулованын сөзүнө үндөш эле пикирди айтса, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Мирлан Бакиров мындай деди:

«Марат Аскерович боюнча - эгерде ошол сөзү чын болсо, аны колдобойм. Ал киши айта турган сөз эмес. Өз билдирүүсүндө «Белековго жооп бердим» деп жатат, лидер катары дебатка келсе өзү жооп бергени туура болор».

Жалпы жолунан дебатта «Реформадан» Клара Сооронкулова менен «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков оппоненттерин сындап, активдүү болушту. «Ата Мекендин» өкүлү Жанарбек Акаев менен «Ордонун» өкүлү Мирбек Мияров позициясына гана көбүрөөк токтолуп, өздөрүн токтоо кармашты. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы убактысынын көпчүлүгүн каршылаштарынын сын-пикирлерине, дооматтарына жооп берип коротту.

Клара Сооронкулова шайлоочулардын №2 форма маселеси боюнча «Мекеним Кыргызстанды» сындады.

«Участоктон участокко көчүргөндөрдүн саны жарым миллионго жакындап калды. Мындай эч качан болгон эмес, ошол жарым миллионду эки миң сомго көбөйтсөңөр канча болуп жатат? Ошол каражатты силер кайдан таап атасыңар? Миң сомдуктарды жамгырдай эле жаадырдыңар го», - деп суроо салды ал.

Мирлан Бакиров бул көрүнүштү кыргыздын көчмөн калк экени менен байланыштырып, мындай жооп берди:

«Клара айым - укук жагын жакшы билген партиянын төрайымдарынын бири. Ар бир жаран өзүнүн шайлоо участогун өзгөртүүгө акылуу. Эгерде так далилиңиз болсо тийиштүү органдарга кайрылып тактаңыз».

Буга удаалаш эле социал-демократ Темирлан Султанбеков да «Мекеним Кыргызстан» партиясына доомат койгон суроо узатты:

«Уурулардын партиясынан баратканыңарга уяласыңарбы? Эл астында, балдарыңардын астында?»

Мирлан Бакиров Султанбековго жооп берип жатып Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияны эске салып, ал үчүн мурунку бийликти айыптады:

«Системаны түптөгөн уурулар түрмөдө отурат. Алар кыргызга кыянаттык кылып, бир млрд. 800 млн. доллар алып, анын үчтөн бирин оңго-солго бурмалаган. Мына, ЖЭБ бардыгын ачыкка чыгарды».

Телетаймашта «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү, 22 жаштагы Темирлан Султанбековдун бул жолку суроо викторинасына «Ата Мекендин» талапкери Жанарбек Акаев туш болду. Султанбеков алгач Акаевден либералдык демократиялык теориянын авторун сурады.

Акаев: - Авторун айта албайм.

Султанбеков: - Айта албасаңыз билбейт турбайсызбы? Социалисттик партия менен бара жатасыз. Социализм идеологиясын ким жазды эле?

Акаев: - Социализм идеологиясын айта албайм, анткени сиз «Гуглдан» суроо даярдап отурганда биз аймактарда эл менен иштеп жүрдүк.

Эки талапкердин айтышын байкап турган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Мирлан Бакиров Жанарбек Акаевдин «Социал-демократтар» менен «Ата Мекен» канатташ партия деген мааниде айтканын эске салып, өзүнө упай алууга аракет кылды.

«Мына «эки партия санаалаш, үзөңгүлөшпүз» деп жатты эле, кайра пикир келишпестик болуп атат. Урматтуу шайлоочу, бул дебат, бирок ошол да эртеңки добуш берүүгө таасир эте турган маселе болуп жатат».

Султанбеков ага дароо минтип жооп берди:

«Бизде «Ата Мекен» менен идеологиялык талаш болуп жатат. Сиздердей болуп Араванда согушуп, тебишип жүргөн жокпуз. Бизде маданият бар».

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы саясатчыларга каршы куугунтукту, сөз эркиндигине жасалган басымды жана кандай шайлоо өткөрүлгөнүн шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча азыркы бийликти кайра-кайра сындап жаткан социал-демократ Темирлан Султанбековдун эсине салды.

Сооронкулова: - Кандай ойлойсуз, Атамбаев мураскор кылып кимди калтырышы керек эле?

Султанбеков: - Ал тандоону элге берсе болмок.

Сооронкулова: - Ал берген жок да?

Султанбеков: - Административдик ресурс колдонулган... Мүмкүнчүлүгү бар бардык партиялар.

Сооронкулова: - Атамбаев административдик ресурс колдонуп, Жээнбековду бийликке алып келген.

Бул жолку телетаймашта да журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимов туурасында кеп болду.

Социал-демократ Темирлан Султанбеков Жанарбек Акаевден мурдагы бажычы менен эмнеге жолукканын сурады. Акаев эч ким менен жолукпаганын билдирип, ал сөздөрдү курулай ушак катары мүнөздөдү.

Дебатта «Реформанын» лидери Клара Сооронкулованын Райымбек Матраимов менен жолукканы жаңылык болду. Сооронкулова Матраимов менен кезиккенин өзү айтып, бирок эмнеге жолугушканын айтпай сөздү башкага буруп кетти.

«Темирлан мырза, «Чайна-таун» кафесинде былтыр октябрда Райымбек Матраимов менен кезиккем. Ошол жерде шайлоо жөнүндө сөз болуп калды. Райымбек Матраимовдун айтканы боюнча - Мирлан мырза, сизге суроо берсем. Маалыматыңыз болсо айтып коёсузбу, президенттин батасын алдыңарбы?»

Сооронкулова суроосуна кайра-кайра тактап жатып, Бакировдон мындай жооп алды:

«Кыргыз элинин батасын алганга насип этсин. Кыргыз элинин ичинде президент да бар».

Кыскасы, «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Реформа» жана «Социал-демократтар» партияларынын ортосундагы телетаймашта көбүнчө саясат жөнүндө талаш жүрдү.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбектин пикиринде, талапкерлер шайлоочунун ой-пикирин өзгөртө алгыдай өзүн көрсөтүшкөн жок.

«Мисалы, Жанарбек Акаев оратор катары өзүн көрсөтөт деп күтүшкөн. Андай эмес, алсыз болуп койду. «Реформадан» ири оппозициялык пикирди күткөнбүз. Аны толук көрсөткөн жок. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» үчүн дебат маанилүү деле эмес. Аларга шайлоодогу ресурсту туура пайдалануу маанилүү. Ал эми «Социал-демократтар» канчалык оппозиция болбосун, эл билет. Ушул бийликти алар алып келген», - деди ал.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага жалпысынан 16 партия ат салышууда.

Лидерлер катышкан телетаймаш: урунттуу учурлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:11 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG