Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Талапкерлер эфирди бөлүшүп алды


15-сентябрда президенттикке талапкерлердин үгүт материалдарына мамлекеттик телерадиоберүүлөрдө акысыз эфирдик убакыт жана мамлекеттик гезит беттеринен акысыз орун бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак кармалды.

Чүчү кулак кармоо учурунда КТРК жана ЭлТР тарабынан талапкерлерге берилүүчү эфир убактысы боюнча талапкерлердин өкүлдөрү менен телеканал жетекчилеринин ортосунда пикир келишпестиктер да болуп, жыйынтыгында талапкерлер телеканалдардын шарттарына макул болушту.

Дебат, талкуу жана жеке кайрылуу болот

Президенттик шайлоого катышып жаткан 13 талапкер үчүн мамлекеттик бюджеттен каржыланган телеканалдарда, радиодо жана басылмаларда акысыз үгүт жүргүзүү убактысын жана ордун бөлүштүрүү жараянына талапкерлердин өкүлдөрү, телерадиоканалдардын жана гезиттердин жетекчилери катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун журналисттерге билдиргени боюнча, телеканалдардан ар бир талапкер үчүн бир сааттан убакыт бөлүнүүдө:

- Бир сааттан кем эмес убакыттын бир бөлүгү дебаттарга берилет деп шартташтык. Дебаттар эки айлампа менен өткөрүлөт. Биринчи айлампада ар бир дебатка талапкерлер төрттөн жана бир топко беш талапкер катышат. 2-айлампада алты жана жети талапкер катышат. Алып баруучулардан тышкары ар бир талапкерге тиешелүү убакыт берилет. Андан тышкары талапкерлердин жеке кайрылуулары болот. КТРКда, ЭлТРде да ушундай форматта болот. Биринчи радиодо да талапкерлердин катышуусунда түз ободо талкуулар жана талапкерлердин жеке кайрылуулары болот.

Коомдук Биринчи телеканалдын шарты боюнча, талапкерлер үч форматта акысыз үгүт жүргүзүп, өздөрүн шайлоочуларга тааныштыра алышат. Бул тууралуу КТРК жетекчисинин орун басары Калыйбек Асылбашев маалымдады:

- Биринчи формат дебат, мында ар бир талапкерге 20 мүнөттөн убакыт каралган. Экинчиси - талапкердин катышуусунда тегерек үстөл, маектер алдын ала КТРКнын студиясынан жазылып алынат, убактысы 20 мүнөт. Үчүнчүсү - талапкерлердин жеке кайрылууларына 15 мүнөт убакыт берилет. Жеке кайрылуулар түз ободо болот.

Ушундай эле форматты ЭлТР телеканалы да сунуштады. Айрым талапкерлердин өкүлдөрү жеке кайрылууларды алдын ала жаздырып баруу форматын кошумчалоону сунушташты, бирок телеканал жетекчилери ага макул болушкан жок.

"Чагымчыл суроолор болбосун"

ЭлТР телеканалы талапкерлердин жеке кайрылууларын санарип айдыңындагы негизги каналына эмес, "Илим жана билим" каналы аркылуу түз ободо берүү шарты президенттикке талапкерлердин өкүлдөрүнө жаккан жок. Алардын бири Жаркын Бапанова ЭлТР мамлекеттик канал болгон соң негизги бөлүгүнөн берүүгө тийиш деген талап койду:

- Биз "Илим жана билим" деген каналы аркылуу чыкканга макул эмеспиз. Анткени ал каналды элдин көпчүлүгү ачпайт. Ошондуктан шайлоочуларга жана талапкерлерге ыңгайлуу убакыт берилсин. Мыйзам ошону талап кылат.

Буга телеканалдын жетекчи орун басары Кылычбек Мурзалиев негизги каналда прайм-тайм сааттары мурда эле сатылып кеткенин айтып, убактысын 19:40-20:05ке жылдырууну сунуштады. Бир катар талаш-тартыштардан соң талапкерлердин өкүлдөрү ЭлТРдин негизги каналынан бул сааттарда чыгууга макулдугун беришти.

КТРК
КТРК

Ошондой эле айрым талапкерлердин өкүлдөрү дебат учурунда берилүүчү суроолордун мазмунуна кызыгып, чагымчыл суроолор берилбөөсүн талап кылышты. КТРК жетекчисинин орун басары Калыйбек Асылбашев талапкерлердин баарына жалпы суроолор даярдалып жатканын, суроолор аларга лотерея тибинде берилерин билдирди.

Жыйынтыгына ылайык, КТРК жана ЭлТР президенттикке талапкерлерге акысыз эфир убактысын 18-сентябрдан тарта кечки саат 19:00-24:00 аралыгында бере башташат. Ал эми 1-радио күндүз 12:00-13:00 аралыгында түз эфирден убакыт бөлүп бермей болду. Мындан тышкары мамлекеттик басылмалар "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" гезиттери бардык талапкерге бирдей шартта гезит беттеринен орун берүүгө милдеттендирилди.

Менчик ММКнын сунушу

Мамлекеттик телеканалдардан акысыз эфир берүү убактысы аз деген жүйө менен 12 талапкердин өкүлдөрү БШКга 14-сентябрда кайрылышкан. Бул тууралуу талапкердин өкүлү Айбек Бузурманкулов "Азаттыкка" маалымдады:

- Мыйзам боюнча, ар бир талапкерге көбүрөөк убакыт бергиле деп кайрылдык. Бир саат эң аз убакыт. Мыйзам жалпы талапкерлерге 34 саатка чейин убакыт берет. Бизге болсо 13 саат гана берип коюшту.

Бул кайрылуу боюнча БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов төмөнкүдөй жооп берди:

- Ооба, биз бир сааттан көп ала алган жокпуз. Бирок биз мүмкүн болушунча башка түрлөрүн алууга аракет кылдык. Мисалы, биз менчик сайт, телерадиолор менен сүйлөшүп, алардан да акысыз үгүт убактысын жана ордун берүүнү сурадык. "Акипресс" макул болду. "Марал" радиосу да сунушун берди. Учурда аймактык телеканалдар менен да сүйлөшүү жүрүп жатат. Бардык талапкерлер буга макул болсо, биз талапкерлерге жеке маалымат каражаттарына да акысыз үгүт жүргүзүүгө шарт түзүп бере алабыз. Эгер бирөө баш тартса анда ишке ашпай калат. Анткени андай учурда биз кээ бир талапкерлерге артыкчылык бергендей болуп калабыз.

Аягында талапкерлердин өкүлдөрү чүчү кулак кармап, телерадиодо жана гезит беттеринде акысыз үгүт жүргүзүү боюнча убактыларын аныкташты.

Мурунку шайлоолордон айырмаланып, бул жолу мамлекеттик телеканалдар аркылуу болуучу дебаттарга төрттөн кем эмес талапкер бир убакта катышмай болушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG