Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Ишкерлер коопсуздугу ири маселеге айланды (видео)


Милиция таза иштесе ишкерлер качпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

Милиция таза иштесе ишкерлер качпайт

Акыркы убакта ишкерлердин коопсуздугуна байланышкан маселелерге бийлик өкүлдөрү көңүл бурууга аргасыз болууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу салтанатта сөз сүйлөп жатып, айрым учурда ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай, аларга ишенимдин жоктугунан өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Жээнбеков өлкөдөгү ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу менен экономиканын өнүгүшү тыгыз байланышта экенин эске салды:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Ишкерликти коргоо - силерге берилген өзгөчө тапшырма. Силердин милдетиңер - мыйзамсыздыкка жол бербей, бизнеске коопсуз шарт түзүү. Бүгүн кыргыз милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзөт. Тилекке каршы, ички иштер кызматкерлеринин арасында «бир карын майды бир кумалак чиретет» дегендер да бар.

Ички иштер органдары өз катарында колу туткак кызматкерлер бар экенин өздөрү деле жокко чыгарышпайт. Жыйынга катышкан Бишкек шаардык кайгуул күзөт бөлүмүнүн кызматкери Насыржан Эсенгулов «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып чындыгында милициянын атын пайдаланып өз кызыкчылыгын коргогондор бар экенин билдирди.

- «Бир карын майды бир чиритет» деп коет эмеспи. Анын сыңарындай жаман адаттары менен милициянын катарында жүргөндөр бар. Андай кызматкерлер биздин атыбызга көө жабууда. Мындай көрүнүштүн болушу биз үчүн оор. Бирок мындай нерседен жакында арылабыз деп ойлойм. Бул үчүн биз бири бирибизди көзөмөл кылышыбыз керек. Адегенде өзүбүздөн башташыбыз керек. Ошондо коом тазарат.

Милициянын майрамында ишкерлердин коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатканы бекеринен эмес. Анткени алардын айрымдары өз көйгөйүн чечүүнүн башка жолдорун таппай, президентке кайрылууга мажбур болгон учурлар кездешет.

Алыс барбай эле, жакынкы мисалдарды алсак, 24-октябрда ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго каршы даттанган Ош шаарынын тургуну, жеке ишкер Жайнагүл Турдуева президенттик администрациянын алдына митингге чыккан. Ал Өмүрзаковго караштуу «Мухаммед-Умар» спорт клубунун спортчуларына карата эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып, ага эч ким компенсация төлөбөй жатканына нааразы экенин билдирген.

Жакында укук коргоочу, «Адилет» клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылган. Анда ал «коомдо жана ЖМКда өлкөдөн капиталдын эбегейсиз өлчөмдө чыгарылышы согуш жүрүп жаткан мамлекеттердеги деңгээлге жетип калганы ачык эле айтылып жатат», деп билдирген.

«Укук коргоо органдары коррупция менен күрөш боюнча эсеп деген нерсени толтурууда өз ара мелдеш уюштуруп жиберишти, бирок алардын Сиздин атыңызды пайдаланып «саап», бөрк ал десе баш алган аракеттеринен жөнөкөй жарандар жана ишкерлер жабыр тартып жатышат», деген Чолпон Жакупова.

Анын үстүнө мурда ишкерлер негизинен талап-тоноо, ашыкча текшерүү сыяктуу жагдайлар боюнча арызданса, кийинки убакта аларга каршы кылмыштар алда канча оор мүнөзгө өттү.

4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталса, 23-октябрда кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылып, ал да ишкер болуп чыккан. Булардын ичинен Абдурахеман Хуфурду өлтүргөн деп шек саналгандардын ичинде мурдагы милиция кызматкерлери аралашканы да ИИМдин дарегине сын пикирлерди күчөткөн.

Сөз болуп жаткан кылмыштар парламенттин деңгээлинде сөз болуп, депутат Жанарбек Акаевдин сынына ИИМ менен өкмөт жооп берген. Антсе да ишкерлер башкаруу органдарынан алда канча натыйжалуу аракеттерди күтүп жатканын айтышууда.

Жеке ишкер «Азаттыкка» комментарий берип жатып Уланбек Турдалиев мындай көрүнүш өлкөдө ишкерлердин коопсуз иш жүргүзүшүнө терс таасирин тийгизерин билдирген:

Уланбек Турдалиев.
Уланбек Турдалиев.

- Мындай жагдай сөзсүз бизнеске терс кесепетин тийгизет. Биз «инвестицияны коргоп, инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылыш керек» деп дайыма какшап келебиз. Бул жактагы абалыбыз ушундай болсо, каяктан анан инвестор келет? Бир аз эле баш көтөргөн ишкерлерди тоноп, карактап, өлтүрүп кетип жатса, ким тынч отуруп ишкердик кылат? Бир нерсе деп айтардан мурун адегенде криминогендик кырдаалды жөнгө салышыбыз зарыл. Бул мыкаачылык ишке мурдагы эки милиция кызматкери аралашкан экен. Бул бизде милициянын өзү криминалдык чөйрө менен жуурулушуп кеткенинен кабар берет.

Бул кылмыштар боюнча күч түзүмдөрү бири-бирин сындаганга да жетишти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан табылган адамды өлтүргөн деп шек саналып жаткандардын боштондукта жүргөнү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) сынга алды. Министрлик тараткан маалыматка караганда, эки шектүү мурда кылган кылмыштары үчүн бири №38 жатак абагында, экинчиси №26 жатак абагында жазасын өтөп жүргөн.

ИИМдин билдирүүсүнө ЖАМК азырынча жооп кайтара элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG