Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

ИИМ киши колдуу болгон ишкерден улам абак жетекчилерин сындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ишкер экени айтылган кишинин өлүмү боюнча абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматында, кармалгандардын бири Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну, ал мурда уурулук, зордуктоо жана каракчылык үчүн соттолгон. Экинчи 32 жаштагы шектүү Ош облусунун тургуну. Ал мурда контрабанда жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо үчүн соттолгон.

Баштапкы тергөөнүн маалыматына караганда, 27 жаштагы шектүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №38 жатак абагында, ал эми 32 жаштагы шектүү №26 жатак абагында жазасын өтөп жаткан. Алар жатак абагына 2018-жылдын октябрь айында которулган.

Мындан сырткары бул кылмышка тиешеси бар деген шек менен Ош облусунун 26 жаштагы дагы бир тургуну аныкталган. Ал дагы мурда каракчылык жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда ал шектүүнү кармоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары кармалган шектүүлөрдүн башка оор кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда. Учурда сотко чейинки териштирүү башталды.

Ички иштер министрлиги мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кылмышка жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар барганын белгилеп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилерин сындады. Милиция кылмышкерлерди кармоо үчүн ири ыкчам иш-аракеттерди жүргүзгөнүн маалымдады.

23-октябрда «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. 39 жаштагы маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмү («Карактоо үчүн киши өлтүрүү») менен иш козголгон. Милициянын маалыматына караганда, маркум баалуу буюмдарды ташуу жана бандероль менен алектенген. (TSh)

XS
SM
MD
LG