Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Сүйүн Өмүрзаковго нааразы болгон ишкер митингге чыкты


Жайнагүл Турдуева ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковду кызматтан четтетүүнү талап кылууда. 24-октябрь, 2019-жыл.
Жайнагүл Турдуева ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковду кызматтан четтетүүнү талап кылууда. 24-октябрь, 2019-жыл.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго каршы даттанган Ош шаарынын тургуну, жеке ишкер Жайнагүл Турдуева президенттик администрациянын алдына митингге чыкты. Ал Өмүрзаковго караштуу «Мухаммед-Умар» спорт клубунун спортчуларына карата эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып, ага эч ким компенсация төлөбөй жатканына нааразы болуп жатат.

- 2016-жылдын апрель айында «Мухаммед-Умардын» спортчулары дүкөнүбүздү тоноп, күйөөмдү уурдап кетип, уруп салышкан. Ошол боюнча бардыгы такталып, балдардын баары кармалган. Теңинин иши сотко өттү, теңи тергөөдөн чыкпай жатат. «Ош облусуна ишенбейбиз» дегенибизден УКМКнын Бишкектеги бөлүмүнө которушкан. Бул жакта да ишти кыскартып жиберишти. Мунун башында турган Сүйүн Өмүрзаков жана анын бир тууган иниси Улук Өмүрзаков тергөөнүн жүрүшүнө түздөн-түз тоскоолдук кылып жатат. Ошондуктан аларды кызматынан четтетип турууну талап кылып келдим. Спортчулардын да жоопко тартылышын талап кылам. Президент Сооронбай Жээнбековдон жана 120 депутаттан ушул ишти көзөмөлгө алышын өтүнөм, - деди Жайнагүл Турдуева акцияда журналисттерге жооп берип жатып.

Өмүрзаковдордун өздөрүнөн мындай доомат боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Буга чейин Ош облустук прокуратурасында иштеген Улук Өмүрзаков өзүнүн дарегине карата айтылган айыптарды төгүндөп, тергөө иштерине аралашпаганын билдирген.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго караштуу Оштогу спорт клубдун балдарынан жабыр тарткандар боюнча «Азаттык» биринчи жолу 2016-жылы «Өмүрзаковдун «өзгөчө» балдарынын жоруктары» аттуу иликтөө чыгарган. Анда ишкерлердин бири Жайнагүл Турдуева аталган клубдун балдары анын дүкөнүн көз алдында карактап кетишкенин, күйөөсүн сабап, акчасын тартып алышканын билдирген.

Маселе 2018-жылы «Бандиттер байырлаган Ош» иликтөөсүндө да көтөрүлгөн.

Бир тууган Өмүрзаковдор «Мухаммед-Умар» спорт клубун Ошто 2005-жылы негиздешкен. 10 жыл аралыгында алар жалпысынан миңге жакын баланы машыктырып чыгарышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG