Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Опузага кабылган ишкерлердин убарасы


Жабырлануучу Жайнагүл Турдуева.
Жабырлануучу Жайнагүл Турдуева.

14-январда "Оштогу "Мухаммед-Умар" спорт клубунун мүчөлөрүнөн жабыркадык" деген ишкерлердин иши Жогорку сотто каралып, айыпкерлердин адвокаты алмашканына байланыштуу сот 23-январга жылдырылды.

Буга чейин "Азаттык" спортчулар аралашкан чуулгандуу окуялар тууралуу кеңири иликтөө жүргүзүп, анда уюшуп алып кылмыш кылганы кеп болгон спортчулардын артында бийликтеги таасирлүү адамдар турарын жазып чыккан.

Тергөөнүн материалдары боюнча, 2016-жылы жабырлануучу ишкер Садырбек Зарамовду дүкөнүндө иштеп жаткан жеринен спортчулар машинеге салып алып, шаар четине алып барып ур-токмокко алышкан. Бул туурасында анын жубайы Жайнагүл Турдуева маалымат каражаттарына айтып чыгып, калыстык издеп жүрүп барбаган жери калбаганын билдирген.

Сотто айыпталуучулар ишкер Зарамовго барышканын моюнга алышкан, бирок аны сабаганын моюнга алышкан эмес.

Садырбек Зарамовду сабаган соң айыпталуучу спортчу Пирназар Махмудовду сот үй камагында калтырууну чечкен. Бирок тергөөнүн материалдарына ылайык аталган окуядан төрт айдан кийин, 2016-жылдын август айында Махмудов ошол эле жигиттерди ээрчитип алып, башка бир кыш чыгарган ишкананын ээлерин уурдап барып, талаага чыгарып, тапанча менен коркутуп, акча талап кылган.

Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат

Жабырлануучулардын маалыматына караганда, алгач Ош шаардык прокуратурасы бул окуялар боюнча «Бейбаштык» беренеси менен гана иш козгогон, бирок кылмышка шектүү алты жигитти издөөгө шашылган эмес.

«Азаттыктын» кабарчылары өткөн жылдын 12-сентябрында бул тууралуу кеңири иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялаган. Иликтөөдө «Мухаммед-Умар» спорт клубу ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы, Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Улук Өмүрзаковго таандык экени айтылган.

"Мухаммед-Умар" жана башка спорт клубдарынын мүчөлөрү Оштогу турнирде.
"Мухаммед-Умар" жана башка спорт клубдарынын мүчөлөрү Оштогу турнирде.

Жабырлануучу Жайнагул Турдуева маалымат каражаттары окуянын чоо-жайын иликтеп чыккан соң гана тийиштүү органдар калган каракчыларга издөө салып, облустук сот калыс чечим чыгарганын эскерди:

- Шаардык сотто биздин иш жакшы каралган жок. Силерге, «Азаттыкка» кайрылып, иликтөө жүргүзүлгөн соң гана облустук сот адилет чечим чыгарды. Ошондо деле уюштуруучу Пирназар Махмудовго жаза мөөнөтүн аз берди дагы, үй камагына чыгарганын бир күндөн, СИЗОдо отурганын эки күндөн эсептеп, ошол эле жерден эки-үч жылын алып коюп атпайбы. «Мейли эми» деп калдык эле, бирок ага карабастан «актап бергиле» деп каракчылардын адвокаттары бул жакка жазып атышат.

Кыш чыгарган ишкананын токмок жеген ээлеринин расмий өкүлү Айсалкын Карабаева соттук адилеттикке журналисттер болмоюнча жетүү мүмкүн болбой калганын белгиледи:

- Ош шаардык сотунда бул кылмышкерлерге аябай жеңил жаза берип коюшкан. Кийин биз журналисттерге кайрылып, бул окуяны кеңири жайылткандан кийин гана Ош облустук соту оор жазага тартты.

Спортчулардын жактоочулары жана туугандары «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Учурда аталган эки башка окуя бир эле кылмыш ишинин негизинде каралууда. Адвокат Замир Жоошев эки окуя боюнча айыпталуучулар бир болсо, анда эки башка кылмыш иши козголуп, бирок бир өндүрүшкө берилген учурлар болорун айтат.

- Булар бир өндүрүштө эки иш катары каралат, - деди ал. - Жаза мөөнөттөрү да эки башка берилип, кошулуп, бирок жалпы жаза мөөнөтү мындай учурда кыскартылат. Мисалы, эки кылмыш иши боюнча «төрт жылдан, төрт жылдан сегиз жыл берилди» деп, аны алты жылга кыскартып койсо болот.

Бул иште негизги фигурант катары Пирназар Махмудов аттуу жаран өтүп жатат. Ал «Мухаммед-Умар» спорт клубунун дагы беш спортчусун ээрчитип алып, ишкерлерди опузалап, кыйнаган фактылар тергөө учурунда аныкталган. Ош облустук соту Махмудовду алты жарым жылга, анын дагы бир өнөктөшү Нурсултан Ташкуловду 13 жылга эркинен ажыраткан. Калган спортчулардын аты-жөнү жана тек-жайы ушул күнгө чейин аныктала элек. Алардын үстүнөн материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG