Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн узартып алды


Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» резиденциясындагы жыйыны. 28-октябрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» резиденциясындагы жыйыны. 28-октябрь, 2020-жыл.

Премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти.

Аткаруу бийлигинин бул жолку ант берүү аземи парламенттин шайланганына туура беш жыл болуп, анын легитимдүүлүгү талаш жараткан учурга туш келди. Депутаттар Жогорку Кеңештин мөөнөтүн 2021-жылдын жарымына чейин узартып, муну өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал менен байланыштырышты. Юристтер менен талдоочулар парламентте кабыл алынган документти мыйзамсыз деп эсептеп, бийликти узурпациялоо катары мүнөздөшүүдө.

31-өкмөттүн анты

Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында өкмөт башчылыкка бир добуштан шайланган Садыр Жапаров дээрлик бардык жетекчилерди алмаштырды. Мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьер, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалып, 28-октябрда алар менен кошо төмөнкү жетекчилер ант беришти:

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев, финансы министри Кыялбек Мукашев, транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев, Өнөр жайы, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров ант бергенден кийинки сөзүндө Жогорку Кеңештин кароосуна экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун киргизгенин айтып, аларды тезирээк кабыл алып берүүнү өтүндү. Ошондой эле конституциялык реформалар тууралуу да айта кетти:

«Өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалайм. Болгон күч-аракетиңиздерди, билимиңиздерди кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө, абал тез арада турукташып кетишине жумшап, анан конституциялык реформаны бир кишинин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жасоого жардам бересиңер деп ишенем».

Садыр Жапаровдун командасы Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөт. Жогорку Кеңештин VI чакырылышы ушуну менен алтынчы аткаруу бийлигинин антын укту. Ант берүү аземи парламенттин бул жолку чакырылышы ишин баштаганына туура беш жыл болуп, анын легитимдүүлүгү суроо жараткан убакытка туш келди.

Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди. 28-октябрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди. 28-октябрь, 2020-жыл.

«Өмүрү узарган» парламент

22-октябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык депутаттар парламенттин мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узарткан. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин «өмүрүн» узартып алышын мыйзамдуу деп эсептейт.

«Бизде эле эмес, дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүнүн Конституциясында «бийликтин боштугу болбосун» деген принцип кабыл алынган, - деп түшүндүрдү ал. - Жаңысы келгенде мурункусу кетет. Өкмөт кызматтан кетсе да жаңысы келгенче эскиси иштеп турат. Эгерде парламенттик шайлоо кандайдыр бир себептер менен мөөнөтүнөн мурун өтүп калса мурунку парламент эрте кетет. Мүмкүн кеч өтүп калса Жогорку Кеңеш жаңы парламент келгиче иштейт».

Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүндө «Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат» деп белгиленген. Баш мыйзамдын 71-беренесинин 3-бөлүгүндө «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат» деп жазылган.

Ушул жерде кайчы пикирлер жаралды. Анткени, «VI чакырылыштагы парламент ишин жыйынтыкташ керек» деген да, «ишин улантышы зарыл» деген да тараптар ушул эки беренеге таянып жатышат.

Ал эми парламенттин VI чакырылышына 2015-жылы 4-октябрда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 15-октябрда шайлоону өттү деп таап, алты партия Жогорку Кеңешке келген. Ошол жылдын 28-октябрында VI чакырылыштагы парламент алгачкы жыйналышын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

«Азыркы парламент келерки жылдын жарымына чейин иштеши керек» дегендердин бири - «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

«Ооба, биз беш жылга шайланганбыз, - деди ал. - Азыркы кырдаалга жараша айлык албай иштейбиз, ыйгарым укуктарыбыз жаңы парламент шайланганда токтойт. Мисалы, футбол болуп жатат. Оюндун жыйынтыгын чыгарганга 90 мүнөт жетпей калды. Оюн бүтүш үчүн ага кошумча убакыт берилет да. Бирок ошол эле футболдун эрежесинде «оюн 90 мүнөт болот» деп жазылган. Ошондуктан, биз бийликте боштук болуп калбаш үчүн жаңы парламент келгенге чейин иштешибиз керек».

«Депутаттарды жоопко тартса болот»

Буга чейин жергиликтүү юристтер жыйын өткөрүп, парламенттин мөөнөтүн узартып алышын Конституцияга каршы келет деп табышкан. Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов да ушундай пикирде. Ал VI чакырылыштын депутаттарынын мындан ары кабыл алган мыйзамдары менен чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес деген ойдо:

«Конституцияда «Жогорку Кеңеш пропорциялык система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат» деп так жазылып турат. Бул императивдик норма. Муну логикалык жактан, юридикалык жактан чечмелесең да беш жыл деген мөөнөт так жазылып турат. Депутаттар эле эмес, башка кызмат адамдары да белгилүү бир мөөнөткө шайланып жатпайбы. Ал мөөнөт бүткөндөн кийин кызматын тапшырат. Мисалы, мен сот болуп иштегем. Соттор да белгилүү бир убакытка чейин шайланат, ал бүткөндө кызматтан кетет. Процессуалдык мыйзамда гана бир артыкчылык бар. Ал сот бир ишти өндүрүшкө алып карап жатканда мөөнөтү бүтсө ошол ишти жыйынтыктап коюп кызматтан кетет».

Коомчулукта сындан башы чыкпаган VI чакырылыштагы парламент мөөнөтүн узартып дагы жарым жыл иштешине моралдык укугу жок деген пикирлер да айтылып жатат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков да депутаттар беш жылдан ашык иштей албайт деген пикирде. Ал мөөнөтүн узартып алган эл өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылып каларын эскертти.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Парламенттин мөөнөтү - беш жыл. Бул абсолюттук норма. Депутаттар болсо Конституциянын 70-71-беренелерин кошуп карап жатышат. Ал туура эмес. 70-беренеде депутат жана анын мөөнөтү тууралуу сөз болууда. Ал эми 71-беренеде Жогорку Кеңештин мөөнөтү жөнүндө. Баш мыйзамда жеке инсан менен парламент бөлүп жазылган. Анын себеби, эгерде парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтүп калса иштеп жаткан депутаттар беш жылды күтпөй жаңы шайланган депутаттарга орун бошотуп бериши керек деген эле сөз. Азыркы чакырылыш мөөнөтү бүткөнүнө карабай аны узартып алды. Бул үчүн депутаттарга иш козгоп жоопко тартса болот».

Спикердин кызматына байланышкан маселе

Парламенттин легитимдүүлүгү талкууланып жаткан кезде Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевдин кызматына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Сайдулла Нышановдун сөзүнө караганда, парламентте Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүлүп, кол топтолуп жатат.

«Мага келип, кол коюуну суранышты, мен макул болгон жокмун, - деди депутат. - Угушума караганда 80ге жакындап калыптыр. Демилге фракциядан же көпчүлүк коалициядан болсо, ачык чыкмак. Бул депутаттардын эле демилгеси болсо керек. Коомдо парламентке ишенбестик, нааразылык көбөйдү. Коомдо «Эмне үчүн төрага президенттин милдетин аткаруу укугун жеке менчигиндей кылып өткөрүп берип койду? Эгер Садыр Нургожоевич (Жапаров-ред.) шайлоого чыкса кимге беребиз?» деген чоң суроолор болууда»,-деди Нышанов.

Спикер Канатбек Исаев болсо өзүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге боюнча так маалыматы жок экенин 28-октябрда «Азаттыкка» билдирди:

«Мага да ошондой сөздөр жетти. Бирок депутаттардын «кол койдум» же «койгон жокмун» деген так сөзүн уккан жокмун. Демилге көтөрүп жаткандардын ой-пикирин сурайбыз да. Чогуу угабыз».

Исаевдин сөзү боюнча, төрагага ишеним көрсөтпөш үчүн 40тан кем эмес депутат демилге көтөрүшү керек, чечим кабыл алынышы үчүн 80ден кем эмес депутаттын добушу талап кылынат.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келген. Президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна мамлекет башчылыкты Конституция боюнча парламент төрагасы алышы керек болчу.

Спикер болуп шайланган Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартып койгон. Азыр президенттин милдетин өкмөт башчы Садыр Жапаров аткарып жатат.

XS
SM
MD
LG