Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Кыйчалыштагы кызмат талаш


7-октябрь, 2020-жыл.
7-октябрь, 2020-жыл.

6-октябрдан бери көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын жетекчилери алмашты. Соңку үч аптада кээ бир жетекчилик орундарга бир нече жолу дайындоолор болуп, айрым креслолор азыркыга чейин талашта турат.

«Арай көз чарай» талкуусунун кезектеги чыгарылышы жаңы бийликтин кадр саясатына арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков, «Саясий репрессияга каршы» комитетинин жетекчиси, журналист Адил Турдукулов, жарандык активист Максат Чаки катышты.

«Азаттык»: - Коомчулукта жаңы дайындалгандар тууралуу кызуу талкуулар жүрүп, айрым кадрлар боюнча талаш-тартыш жаралды. Жаңы бийликтин кадр саясаты боюнча кандай пикирдесиз?

Туратбек Мадылбеков: - Азыр иштин көзүн билген да, билбеген да баары эле Садыр Жапаровду ээрчип эле чуркап жүрүшөт. «Мен министр, мен премьер-министр болом» деп эле баары портфель алгысы келип турат. Менин баамымда кадрдык алешемдиктер көп кетип жатат. Кесипкөй эмес адамдар келип жатат. Мисалы, айыл чарба министри болуп келген Тилек Токтогазиев канчалык ишти алып кетет?

«Азаттык»: - Буга чейин аябай кесипкөй адамдар отурган деп ойлойсузбу?

Туратбек Мадылбеков: - Жок, буга чейин деле кесипкөй адамдар отурган дегенден алысмын. Тажрыйбасы аз адамдар тууралуу айтып жатам.

Максат Чаки: - 30 жыл ичинде түзүлүп калган система кызматка жаш же кары келеби, натыйжа бербей калганын көрсөттү. Мен «жаш» эмес, «жаңылар» деген сөздү колдонот элем. Бизге люстрация керек. Толук болбосо да кандайдыр бир критерийлер менен люстрацияны киргизбесек, мындан ары да кадрдык кризиске кептеле беребиз.


Адил Турдукулов: - Азыркы болуп жаткан окуялар табигый деп ойлоймун. Анткени буга чейинки шайлоолор кызматтарды бөлүштүрүү олигархиялык капитализмдин бир түрү катары болуп келди. Ошол эле соңку шайлоону алсак, «Мекеним Кыргызстан» же «Биримдик» партияларынын жаштарына маани берсек, алар кандайдыр бир олигархиялык топтун өкүлү экенин көрүүгө болот.

Бул репродукция – чириген система өзүн-өзү кайталоо этабы. Ушундан улам да элдин шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгы күчөп кеткен.
Бүгүнкү күндө жаңы адамдардын бийликке келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. Бирок туура дайындоолор алардын кесипкөйлүгүнө эмес, алардын 5-октябрдан кийинки кошкон салымына жараша болуп жатат. Бул деле көпкө созулчу процесс деп ойлобойм. Себеби буга чейинки толкундоолордон кийин деле мындай көрүнүштөргө күбө болгонбуз. Келет, бирок көпкө турбайт. Кээ бирлери камалып да кетет. Анткени коррупцияга малынат, чалынат.


Максат Чаки: - ​Кадр кызматы бар болгону менен резерв жок. Мына азыркы кадр кризисин көрүп атабыз. Менимче, азыр муун алмашуусу жүрүп жатат. Ушундай учурда буга чейинки кадр резерви болгондо сунуш кылышмак. Азыркы жагдай бул жаатта иштеш керек экенин көрсөттү.

Адил Турдукулов: - Жаңылар келгени менен да өзгөрүү болгон эмес. Бийликке болгон элдин ишеними арткан жок. Тескерисинче, акыркы жылдары бийлик институттарына, президент болобу, сот болобу, аткаруу бийлигине, өзгөчө парламент депутаттарына таптакыр ишеним кеткен болчу. Мисалы, соңку парламенттик шайлоодо добуш берүү күнүнө чукул калганга чейин 60% шайлоочу кайсы партияга добуш берерин так айта албай койгон. Себеби эч кимге ишеним жок. Эгер ишеним болбосо алгылыктуу реформа жасаганга да мүмкүнчүлүк түзүлбөйт.

Талкууну толугу менен бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG