Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

«Манас»: Сыдыковдун дайындалышы, жамааттын каршылыгы


Бактыбек Сыдыков.
Бактыбек Сыдыков.

«Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлери жаңы жетекчи Бактыбек Сыдыковду «эски кадр» катары сыпаттап, анын дайындалышына каршылык көрсөтүүдө. Мындан тышкары Сыдыковдун аэропорт менен байланыштуу бизнеси бар экени да айтылып жатат.

«Манас» мамлекеттик ачык акционердик коомуна Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы беш эл аралык жана жер-жерлердеги алты аймактык аэропорт кирет.

Жаңы бийлик «Манаска» эски адамды алып келди

2015-жылы «Республика - Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортуна президент болуп барыш үчүн депутаттык мандатын 21-октябрда тапшырды.

Ал кызматка дайындалган күндүн эртеси, 22-октябрда аэропорттун жанында 30дай киши чогулуп, Сыдыковго каршы митинг өткөрдү. Алар ишкананын жетекчилик ордун басып алуу болгонун айтып, Сыдыковдун кызматтан кетишин талап кылышты.

«Манас» эл аралык аэропортунун кызматкери Элдияр Алиев каршылык акциясында мындай сөз сүйлөгөн:

«Бактыбек Сыдыков буга чейин да аэропортто иштеп, өзүнүн деңгээлин көрсөтүп кеткен кишилердин бири. Эми аны кайра жетекчи кылып отургузуп койду. Биз Сыдыковдун дайындалышына каршыбыз».

Бактыбек Сыдыковду башкармалыктын башчысы кылып дайындоо тууралуу чечим «"Манас" эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинде Мамлекеттик мүлк фондунун сунуштамасынын негизинде, премьер-министрдин макулдугу менен 20-октябрда өткөн жыйында кабыл алынган.

Жапаров элдин нааразылыгын укту

Бирок Садыр Жапаров мамлекеттик телеканалдардын бириндеги маегинде Бактыбек Сыдыковдун кызматтан кете турганын айткан эле:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«"Манас" аэропортуна жетекчини Мамлекеттик мүлк фонду дайындайт. Алар Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигине токтолушкан экен. Мен Сыдыковдун өзү менен сүйлөшүп: «Биз жаштарды алып келели, мурункулар кетип туруңуздар. Мындай болбойт», - деп айттым. Ал да эртең кызматтан кете турган болду. Мындайча айтканда эл нааразы болгон адамдарды жумушка койбой эле турабыз».

Бактыбек Сыдыков Садыр Жапаров журналисттердин суроосуна жооп берген күндүн эртеси өкмөт башчынын кабылдамасында болгонун билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаров Сыдыковдун аэропорт боюнча иш пландарын уккандан кийин буга чейин айткан сөзүнөн кайтып, 10 күндүн ичинде «Манас» аэропортундагы коррупциялык схемаларды аныктоону тапшырган.

Бактыбек Сыдыков аэропорттогу пикир келишпестик жоюлуп, кызматкерлер штаттык режимде иштей баштаганына ишендирген:

«Мен премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугуп жүргөн учурда 40-50дөй адам митинг уюштуруптур. Анын артында кимдер турарын жакшы билем. Алардын максаты - мени жумуштан кетирип, өз кишилерин кызматка алып келүү. 23-мартта кызматкерлер менен жолугушуу уюштурдум. Мага каршы болгондордун жүйөлөрүнө жооп бердим. Жыйынтыгында бир пикирге келе алдык. Азыркы маалда жалпы жамаат мага каршы эмес».

Бактыбек Сыдыков "Азаттыкка" ушундай маалымат бергендин эртеси - 24-октябрда аба бекетинде жолугушуу болуп, айрым кызматкерлер кайрадан Сыдыковдун кызматтан кетишин талап кылды.

"Манастагы" үй-бүлөлүк бизнес

Бактыбек Сыдыковдун аба бекетине байланыштуу бизнеси да бар. Анын үй-бүлөсүнө таандык деген «АККА күйүүчү май куюучу комлекси» компаниясы учактарга керосин ташыса, «АККА-Кейтеринг» «Ош» эл аралык аэропортунун кызматын колдонгон жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыз кылат. Бактыбек Сыдыков ал компаниялардан алыстап, «Манастын» кызыкчылыгын коргой турганын убада кылып жатат:

«Ооба, аэропорт менен иш кылган, менин үй-бүлөмө тиешелүү эки компания бар. «АККА күйүүчү май куюучу комлекси» 2014-жылы, «АККА-Кейтеринг» болсо 2011-жылы түзүлгөн. Ал учурда эч жерге тиешеси жок бизнесте жүргөн адам элем. Мен мамлекеттик мекемени жетектеп тургандан кийин ал компанияларга жан тартпайм. Бир гана «Манастын» кызыкчылыгын коргойм. Бизге тиешелүү компаниялар боюнча он күндүн ичинде жеке пикиримди билдирем, чечим кабыл алам».

Бактыбек Сыдыков аэропорттогу жетекчилик кызматка алгачкы жолу келип жаткан жок. Ал 2007-2010-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манаста» президент болгон. 2010-жылы ага кылмыш иши да козголгон.

«Манас» ачык акционердик коому Кыргызстанда 11 аэропортко ээлик кылат. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо регионалдык. Функционалдык жактан тогузу иштеп жатат, экөөнүн сертификаты жок. Каржы жагынан «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорттору гана кирешелүү болсо, калгандары дотацияда олтурат.

Активист Адил Турдукулов жаңы бийликтин Бактыбек Сыдыковду "Манас" аба бекетине дайындаганын сындады:

«Аэропорт менен байланышкан бизнеси бар адамдын "Манаска" жетекчи болуп дайындалышы туура эмес. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болбой койбойт. Бактыбек Сыдыков соңку беш жылдын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бирок өзүнүн активдүүлүгүн көргөзө алган жок. Үн катпай жүрүп убакыт өткөргөн көптүн бири болду. Ал буга чейин да "Манас" аэропорттун жетектеп кеткен. Анда деле алгылыктуу иш аткарган эмес. Андыктан мен бул кишинин талапкерлигине караманча каршымын. Мындан тышкары Бактыбек Сыдыков Бакиев бийлигинин ишенимдүү кишиси болчу. Стратегиялык, мамлекет үчүн маанилүү делген жерге Сыдыковду дайындоонун кажети жок эле».

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев буга чейин жаңы кадрлар кандай критерийлер менен тандалып жатканын мындайча түшүндүргөн:

«Коюлган кадрлардын бардыгы азыр түбөлүктүү коюлган жок. Алар белгилүү бир сыноо мөөнөтү менен дайындалып жатат. Жыйынтык чыгара алса чыгарды, чыгара албаса мурдагыдай көп убакыт берилбейт. Аларга көп талап бар. Эгер аларды аткара албаса кайра кызматтан алынат».

«Манаска» дайындалышы талаш жараткан Бактыбек Сыдыковдун атасы - белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков, ал эми анын уулу Алымбек Бактыбеков - Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Сыдыков өзү да 2015-жылы ушул партия менен Жогорку Кеңештен мандат алган. Ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышкан эле.

Жаңы өкмөттүн кадр саясаты туурабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG