Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Парламент Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жалпы жыйынында социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги жактырылды. Ал эми Аида Исмаилованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине дайындоо боюнча өкмөттүн сунушу колдоо тапкан жок. Жалпы жыйында депутаттар Сурабалдиеваны бир добуштан жактырып, ага анча көп суроо беришкен жок. Ал эми Аида Исмаилованын талапкерлигине келгенде суроолор жаады.

Жыйынтыгында парламент Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок. Бул акыркы жылдары өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн парламент жактырбай койгон алгачкы учур болду.

Депутаттар Аида Исмаилованы коронавирус эпидемиясы күчөп, бир күндө 40-50 адам ушул илдеттен каза болуп жаткан кезде кырдаалды жөнгө сала алган жок деп айыпташты. Мындан тышкары "кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге ушул күнгө чейин компенсация төлөнбөгөнү, анын ичинде Исмаилованын жеке жоопкерчилиги тууралуу да маселе көтөрүлдү.

Ынандырбаган жооптор

28-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талапкерлиги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлүп жаткан Аида Исмаилова депутаттардын катуу сынына кабылды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Улукбек Кочкоров бир күн мурда өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып жаткан кезде депутат Үмбөталы Кыдыралиев быйыл июль айында коронавирус эпидемиясы күчөп турганда ал вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, талапкер катары шайлоого кетип калганын, моралдык жоопкерчилигин эске салды.

«Сиз алты ай мурун вице-премьер кызматка дайындалып жатканда депутаттар «сиз шайлоого барбаңыз» деп суранышкан. Бирок сиз бизге берген сөзүңүзгө турбай шайлоого бардыңыз. Муну кандай түшүндүрөсүз? Сиз сыяктуу аткаминерлер бардык эрежелерди уятсыздык жана жоопкерчиликсиздик менен жерип, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга салым кошту».


Депутаттардын сынына жооп берип жатып Аида Исмаилова дайыма элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келгенин, коронавирус эпидемиясы башталган кезде депутат болуп турганда бул маселени көп көтөргөнүн айтты.

Ошондой эле ал күнөөсү жок экенин белгилеп, парламенттик шайлоого талапкер болуп өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жөнгө салынгандан кийин гана барганын айтты.

«Мен кызматта турган төрт ай ичинде көптөгөн жумуштар жасалды. Ошонун натыйжасында оорунун көрсөткүчү азайды. Эл үчүн жакшы эле иштеп бердим. Негизи саламаттык сактоо тармагы 30 жылдан бери ураган абалда. Биз ошого карабай вирус менен күрөшүп жаттык. Ошондуктан мен бул системаны билем».


Исмаилова өкмөттө социалдык маселелер үчүн жооптуу вице-премьер-министр болуп быйыл апрель айында дайындалган. Июль айында Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын алгачкы толкуну эң курч көрсөткүчкө жетип, өлүм-житим көп катталган.

Исмаилованын кызматын убактылуу таштап, августта «Биримдик» партиясынан шайлоого кеткени коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Социалдык түйүндөрдө апрелде дайындалган өкмөт мүчөлөрү октябрдагы шайлоого катышпай турганына убада бергени да кызуу талкуу жараткан.

Исмаилова вице-премьерлик кызматтан 27-октябрда өз арызынын негизинде бошотулуп, ошол замат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталган.

Депутат Дастан Бекешев Исмаилованын кайра парламенттик шайлоого барар-барбасына кызыкты.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Июль айында эл арасында нааразылык күчөп, абал оор болду. Ошол учурда өкмөт өтө начар иштеди. Эл карайлап дары издеп жүрдү. Жеке сиз кандай иштедиңиз? Эми келерки шайлоого катышасызбы?».

Исмаилова парламенттик кайра шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок. Мындан тышкары ага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тийиштүү бир топ суроолор берилди. Бирок Исмаилова алардын көпчүлүгүнө жалпылап жооп бергени болбосо, конкреттүү жооптор менен депутаттарды ынандыра алган жок.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Биримдик» партиясынын тизмесине 36-орунда туруп, парламенттик шайлоого катышкан. 44 жаштагы саясатчынын негизги кесиби экономист. Ал эмгек жолун 1998-жылы баштап, 2015-жылга чейин өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарда иштеп келген. Исмаилова 2015-жылы парламенттик шайлоого катышып, мандатты «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери менен соттошуп жүрүп алган.

2020-жылдын апрель айында вице-премьерлик кызматка дайындалып, негизги милдети өкмөттүн коронавирус пандемиясына каршы ишин уюштуруу болгон. Бирок пандемия курчуп турганда Исмаилованын иши коомчулуктун сынына кабылган болчу. Пандемия учурунда ыктыярчы катары иштеген журналист Тынчтык Алтымышев буларга токтолду:

Тынчтык Алтымышев
Тынчтык Алтымышев

«Аида Исмаилованын вице-премьерлик кызматка келиши өтө шашылыш чечим болгон. Ал бул тармакка даяр эмес эле. Ал кызматка келгенде эле тармакты билбегени үчүн аябай чайналып калган. Пандемия учурунда ыктыярчылар, бейөкмөт уюмдар, активисттер ишти колго алып, элди дарылап, дары-дармек, медициналык жабдыктар менен камсыздоону уюштура баштагандан кийин гана өкмөт ойгонгон. Алардын аракети кечигип башталган. Ошондуктан коронавирус илдетинин Кыргызстандагы биринчи, экинчи толкунунда Аида Исмаилованын чоң жоопкерчилиги бар. Мен анын ишине эч убакта канааттанган эмесмин».

Президенттик жана өкмөт башчылык милдетти бир колго алган Садыр Жапаров кыска мөөнөт ичинде көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин алмаштырды. Бирок коомчулукта жаңы дайындалгандарга карата «эскилер же тажрыйбасы жоктор келди» жана «жек-жаат топтолду» деген айыптар жаңырууда. Адистер кадрлар шашылыш жаңыланып жатканын алдыдагы шайлоолор менен байланыштырышууда.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматов өкмөттүн кадрдык жүрүшүн сынга алды.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Кадр саясатындагы системанын жолго салынбаганы ушуга алып келди. 2005-жылдан бери бийликтин, кызматтын аздектелиши, кадыры, урмат-сыйы кетти. Буга биз да күнөөлүүбүз. 2005-жылдан бери деп айтып жатканымдын себеби ошол кездеги президент Аскар Акаевди тактан кулаткандан кийин ушундай көрүнүш орун алды. Андан бери бийлик кайсы кызмат болбосун анын аброюн кайтара албай жатат. Кыскача айтканда, кызматтын аброю жоголгондуктан азыр Садыр Жапаровго кыйын болуп жатат. Ушундан улам аны укпай, чечимдерин колдобой жатышат. Башка мамлекеттер азыркы бийликтин легитимдүү экенин тааныбай жатат дейбиз. Адегенде өзүбүз тааныйлы да».

28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен кошо ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач парламентте премьер-министрликке шайланган, кийин Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG