Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.

Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин иштеп берүүгө макулдугун беришкен.

16:47 28.10.2020

16:19 28.10.2020

Премьер-министр Садыр Жапаров, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, вице-премьер-министрлер Равшан Сабиров, Максат Мамытканов, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, өкмөттүк аппараттын башчысы Бакыт Аманбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, юстиция министри Марат Жаманкулов, финансы министри Кыялбек Мукашев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов ант беришти.

16:15 28.10.2020

14:17 28.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG