Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 16:14

«Кант» базасы: Кремлден колдоо издөө аргасы


Канттагы аскердик база.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин Канттагы орус аскердик аба базасын кеңейтүү боюнча сунушу жаңы өкмөттүн Кремлден колдоо издөө аракети катары бааланууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Москвадагы иш сапарынын алкагында жаңы бийлик Канттагы орус аскердик аба базасын кеңейтүүгө даяр экенин айткан билдирүүсү Орусия менен Кыргызстандагы медиа каражаттарында кеңири талкууланып жатат.

Орусиядагы аскердик эксперттер Кыргызстандагы азыркы кысталыш кырдаалды жөнгө салуу максатын эске алганда, бул демилге өзүн актай турганын айтып, көз карашын билдиришкен. Алардын айтымында, Кантта орусиялык аскердик контингентти кеңейтүү өлкөгө экстремисттик жана террорчул топтордун сырттан кирип келишинин алдын алат.

Ал эми жергиликтүү басылмаларда жана социалдык тармактарда бул билдирүү жаңы өкмөттүн Кремлдин көңүлүн өзүнө буруп, анын саясий жана укуктук легитимдүүлүгүн таанытууга жасаган аракети катары мүнөздөлүүдө.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев аны козголоңдон кийин келген бийликтин Москвадан саясий жана каржылык колдоо алуу үчүн «соодалашуу» аргасы катары баалады:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Муну мен азыркы келген бийлик Орусия бизди таанысын деп, аны менен кызматташууга даярбыз деген мааниде айтып жатат. «Эгерде силер биздин бийликти таанысаңар, анан калган мамлекеттер тааный баштаса, анда биз силердин аскердик базаны кеңейтүүгө даярбыз» деген мааниде саясий жактан «соодалашуунун» белгилери турат. Анткени, азыркы мезгилде эки тарапка тең эле аскер базасын кеңейтүүнүн өтө деле зарылчылыгы жок. Ал мурда кандай иштесе, ошондой эле иштеп келе жатат. Бул жерде Орусиянын президенти Владимир Путиндин «биз Кыргызстандын азыркы абалына абдан кейип турабыз» деп айтканында чоң маани жатат. Анткени азыркы мамлекет башчыбыз бир күнү бирди айтып, экинчи күнү башканы сүйлөп, эки анжы ойго алып келип, өлкө укуктук нукка түшө албай турат. Ошондуктан Москва азыркы бийликти тааныганга шашпай турат. Себеби, Орусия бийликти күч менен басып алууну тааныса, анда буга окшогон башка окуяларга карата да калыс баасын бере албай калат. Ал мындай тобокелчиликке барбайт. Ошондуктан, биз шайлоолорду өткөрүп, укуктук алкакка келип, бийлик толук легитимдүү болгонго чейин аны Орусия же башка мамлекеттер тааныйт дегенге ишенбеш керек».

Үмүт арттырган ишарат

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан соң кыргыз өкмөтү аны менен стратегиялык өнөктөштүк сактала турганын белгилеп, жакында президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун алгачкы расмий сапары Москвага болорун жарыялаган.

Коомдук жана саясий ишмер Тойгонбек Калматов бул боюнча тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн айтып, расмий Москва жаңы кыргыз бийлигин таанууга ишарат берди деп эсептейт.

«Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Орусияга расмий сапарын уюштурууга макулдук берилип, аны даярдоо иштери жүрүп жатканы жакшы жышаан, - деди ал. - Эгерде Москва азыркы бийликти тааныгысы келбесе, анда биздин тышкы иштер министрибизди ал жактан кабыл албай деле коюшу мүмкүн эле. Ошондуктан, Орусия азыркы бийликти тааныйт. Бирок бизде саясий туруктуулук болуп, саясий оюндар токтоп, тынчтык болуп турганы баарыбыз үчүн абдан маанилүү. Азыр стратегиялык өнөктөш катары Садыр Жапаровдун алгачкы расмий сапарын уюштурууга даярдык көрүлүп жатканы Москванын көңүлү түз экенин айгинелейт».

Буга чейин кыргыз бийлиги Орусияга түштүктө экинчи аскер базасын ачууну сунуш кылып келген. Бирок расмий Москва 2018-жылдан баштап Канттагы базаны кеңейтүү жана андагы аскер контингентин көбөйтүү демилгесин көтөрүп келген. Муну Орусия тарап жалаң эле Кыргызстандын аба мейкиндигин эмес, бүтүндөй чөлкөмдөгү аскердик коопсуздукту чыңдоо аракети менен түшүндүргөн. Эркин аскердик эксперттер мындай кадамы аркылуу Москва Борбор Азия чөлкөмүндөгү геосаясий таасирин арттырууну көздөп жатканын айтышкан болчу.

Коргоо министринин мурдагы орун басары, аскердик эксперт Мурат Бейшенов Канттагы базаны кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр мурдатан бери болуп жатканын айтып, бирок азыр ал маселени көтөрө турган убак эмес болчу деген оюн билдирди:

«Биринчиден, бул үчүн азыркы убакыт туура эмес. Азыр ошол маселе курч болуп турабы? Бирок Орусия Канттагы авиабазасын кеңейтүү боюнча буга чейин туура эле сүйлөшүүлөр болуп жаткан. Анткени, база кайрадан оңдолуп-түздөлүп, аны оор салмактагы аскердик жана жарандык учактардын конушуна ылайыктоо маселеси турат. Себеби, ал бир эле учурда аскердик жана жарандык каттамдарды камсыз кылышы кажет. Бул биздин да кызыкчылыкка туура келет. Ошондуктан, бул багытта буга чейинки бийликтин учурунда эле сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрүп жаткан».

2018-жылы Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орус аскер базалары күчөтүлөрүн билдирген. Шойгу мындай чара Ооганстандагы террор коркунучунун Борбор Азияга жайылышына бөгөт коюш үчүн көрүлүп жатканын айткан. Бирок бул боюнча бир катар сүйлөшүүлөр болгону менен конкреттүү иш-аракеттер жүрө элек болчу.​

Күттүргөн легитимдүүлүк

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орусияга Канттагы авиабазаны кеңейтүү маселеси геосаясий жактан маанилүү болгону менен, азырынча бул маселе боюнча сүйлөшүүгө шашылбай турганын айтып, муну азыркы кыргыз өкмөтү көтөрүп жаткан демилге катары мүнөздөдү:

«Бул сунуш Москва тараптан боло турган болсо, анда алар аны мурун эле жасамак. 2015-2016-жылдары эле бул багытта иш жүргүзүлүп, тиешелүү макулдашууларга жетишилет болчу. Чынын айтканда, Орусияга азырынча бул базаны кеңейтүү саясий, аскердик же экономикалык жактан өтө деле зарыл эмес. Зарыл болгон учурда Москва ушундай демилге көтөрүп, аны аягына чыгарууга белсенип аракет кылмак. Бул жерде биздин жаңы келген бийлик Орусия менен алака түзүп, өзүн таанытыш үчүн башка сунуш кыла турган нерселер жок болгондуктан, аскер базасын кеңейтүү маселесин көтөрүп жатат. Азыр бизде укуктук эрежелер так сакталып, шайлоо өткөрүлүп, анан бийликтин легитимдүүлүгү күмөн санатпай турган болушу зарыл. Ошондо Орусия кызматташууну улантуу боюнча өзү эле байланышка чыгат».

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Жакында Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы соңку бийлик алмашууну бул өлкөнүн шору катары баалап, бирок Москва анын ички ишине кийлигишпей турганын билдирген болчу.

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG