Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Аймактар жакырчылык сазынан чыга элек


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Кыргызстанда 2013-жылдан бери жакырчылыктын деңгээли 37 пайыздан 20% түштү. Жагдай аз-аздан жакшырууда, бирок башкалаа менен аймактар ортосундагы ажырым аябай эле чоң бойдон калып келет.

Киши башына эсептелген ИДП

Ички дүң өнүмдүн киши башына эсептелиниши чыныгы жагдайды так көрсөтө алабы деген талаштарга карабастан, ал элдин экономикалык абалын чагылдырган бирден бир көрсөткүч бойдон калууда.

2018-жылы киши башына эсептелген ИДП өлчөмү Кыргызстан боюнча орто эсеп менен 93,8 миң сомду түзгөн. Бишкекте - 220,2 миң сом. Маанилүүсү - беш жыл ичинде башкалаа менен аймактар ортосундагы айырма 2,2 эседен 2,3 эсеге чейин өсүп кетти.

Бишкек менен эң кедей деген аймактар ортосундагы айырма андан дагы жогорулаган. Айталы, 2013-жылы Бишкекте киши башына эсептелген ИДП Ош облусуна караганда 5,8 эсе арбын болсо, 2018-жылы ортолук айырма 6,3 эсеге жеткен.

Мунун себеби, өлкөнүн башка аймактарына караганда Бишкекте экономикалык өнүгүү ыкчам жүрөт. Акыркы беш жыл ичинде ИДПнын киши башына эсептелген көлөмү башкалаада 50% жогорулаган, жалпы республика боюнча - 44% түзгөн. Ош облусундагы жагдай мындан да төмөн - болгону гана 37,5%.

Орточо акча кирешелери

Буга келгенде жагдай тескерисинче. Орточо акча кирешелери Бишкекте өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу кыйла жай көтөрүлүүдө. Бирок аймактардын башкалаа деңгээлине жетишине дагы кыйла бар.

Четтен келчү тикелей инвестициялар

Аймактардын экономикалык активдүүлүгүн ойготууда четтен келген инвестициялардын ролу зор. Келген инвестициялардын үчтөн биринен көбү Бишкекке түшөт, кээ бир жылдары баш калаа жарымына жакынын алчу.

Эми салыштырып көрөлү: 2013-жылдан тартып чет элдик инвесторлор Бишкекке 2 млрд. 640 млн. доллар каражат салышкан, республикадагы экинчи ири шаар Ошко болгону 1,8 млн. доллар келген. Айрымасы - 1500 эсе.

Жумушсуздук

Расмий айтылган жумушсуздук менен жакырчылыкты байланыштыруу мүмкүн эмес. Бишкектеги жумушсуздук жалпы республикалык деңгээлден жогору. Көмүскө экономиканын чоңдугу жана утурумдук жумушта иштегендердин көптүгү жумушсуздуктун реалдуу жагдайын аңдоого мүмкүнчүлүк бербейт.

Бирок Улуттук статкомдун адистеринин түшүндүрмөсү башкача: жетиштүү жана жакыр жашагандар арасындагы жумушсуздук иш жүзүндө бирдей эле, жакырчылыктын себептерин аныктоо үчүн жумушсуздуктун деңгээлин эмес, анын түзүмүн изилдөө керек.

Мисалы, калктын кедей жашаган катмарынын арасында фермердик чарбада иштегендер арбын. Айыл жериндеги кедейликтин деңгээли шаарга караганда кыйла жогору, фермердик чарбада иштөө айыл жеринде иш менен камсыз болуунун кеңири таралган түрү.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Жакырчылык динамикасын талдоого алуу экономиканы жана социалдык тармакты реформалоонун жыйынтыктарын баалоо үчүн маанилүү дейт “Аймактар боюнча калктын жакырчылыгын аныктоонун ыкмалары” аналитикалык катын даярдаган авторлор. Мындан тышкары кедейликти азайтуу экономикалык абалдын жана калк турмушун жакшыртуунун маанилүү индикатору катары кызмат кылат.

2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын бири катары экономиканы туруктуу өнүктүрүп, жакырчылыкты 3% чейин азайтуу белгиленген. Дүйнөлүк банктын эсебине караганда дүйнөдө жакыр жашагандардын саны 10% ылдый төмөндөсө да, Кыргызстан үчүн бул актуалдуу жана создуктурбай чечилчү проблемалардын катарында турат.

Маалыматтар ырастагандай, Кыргызстанда башкалаа менен аймактарда жашагандар ортосундагы оңурайган айырмачылык жагдайды ансайын оорлотууда.

Өнүгүү шаарда элеби?

Улуттук статкомдун аналитикалык катында топтолгон маалыматтардын негизинде шаарда жашоонун өзү кедей болуп калуу коркунучун азайтат, себеп дегенде, шаар жеринде жумуш табуу кыйла оңой, айылдарда андай мүмкүнчүлүк жок.

Жаамы дүйнөдө калктын көбү шаарда жашоого ыңгайлашып, ошого умтулса, кыргызстандыктарга айыл жери жашоо-турмушуна жакын – республика калкынын 33% гана шаарда жашайт. Анткен менен сөздүн чыныгы маанисиндеги шаар деп Кыргызстан борборун Бишкекти гана айтса жарашат.

Эл аралык McKinsey консалтинг компаниясынын эксперттеринин ырасташынча, ири шаарлар эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнө алып келет, бул болсо кезегинде жакырчылыктын азайышын шарттайт, анын мисалы катары Кытайдын тажрыйбасын көрсөтсө жарашат. Бул жагдай кедей өлкөлөргө өзгөчө тийиштүү, себеп дегенде, бул жерлерде шаарлардын кеңейүү, өнүгүү потенциалы жогору болот, жакырчылыктын жоюлушуна жагымдуу шарттар түзүлөт.

«Бул кылымда глобалдык экономикалык өнүгүүнүн башкы факторлорунун бири шаарлашуу (урбанизация) болот», - деп эсептешет McKinsey аналитиктери.

XXI кылым – чыгармачыл, акылдуу шаарлардын, «билим шаарларынын» кылымы, - деп жазышат Саншайн-Кост университетинин илимпоздору Пол Сальмон менен Николас Стивенс. Андай шаарлар адам ресурстарын, социалдык капиталды, билимди, инновацияны, байланышты анан да санарип технологиясын ыктуу пайдаланууга көңүл бурат.

Ошол эле кезде Кыргызстан бийлиги урбанизацияны болтурбоого умтулат. Президент үч жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылын жарыя кылып келет, өкмөт айыл жеринде жашагандар үчүн ар кыл субсидияларды бөлүү менен алек. Аны деле түшүнсө болот, элетте шайлоочулардын үчтөн экиси жашайт, алар шаар калкына караганда шайлоодо да кыйла активдүү.

Макаланын түп нускасы орус тилинде жарыяланган.

XS
SM
MD
LG