Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

Ишкерлерге кесепети тийген салык карызы


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика министрлигинин коомдук кеңеши бюджетти толтуруу деген негиз менен салык органдарынын ишкерлерге карата кысымы күчөгөнүн жарыялады.

Анда коомдук кеңеш салык органдары пандемия маалындагы чектөөлөргө байланыштуу салык карыздарын төлөө мөөнөттөрүн жылдырып, туумдарды токтотуп туруу боюнча өкмөттүн токтомун аткарбай, катаал салык өндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айыптады.

Коомдук кеңештин маалыматында кээ бир өндүрүштүк ишканалардын банк эсептерине бөгөт коюлуп, андагы акча каражаттары соттун чечимисиз эле Борбордук казыналыкка которулуп жатканы көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик салык кызматы салыктарды чогултуп, казынаны толтуруу боюнча мыйзам чегинде иш алып барып жатканын билдирип, дооматты четке какты.

Айрым ишкерлер узартылган мораторийге карабастан негизсиз текшерүүлөр токтобой жатканына даттанышты. Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит да фискалдык органдардын бизнеске басымы күчөгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, бийликти катаал чаралардан баш тартып, бюджетти толтуруш үчүн экономикалык реформага барууга үндөдү.

Өкмөт фискалдык органдарга аткезчилик менен алектенген, такыр салык төлөбөгөн же салыгын жашырган ишканаларды, көмүскө коррупциялык чийимдерди аныктоо милдетин жүктөгөн. Бул тапшырманын алкагында салык органдары салык жашыруу фактыларын аныктоо жана буга чейин салыктан карыздары бар ишкерлерден салык өндүрүү иштерин күчөткөнү белгилүү болду.

Бирок бул чаралар өкмөттүн карантин маалында ишкерлердин салык карыздарын төлөөнү жеңилдетүү шарттарын караган башка бир токтомуна каршы келип жатканы айтылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү, «Ишеним» консалтинг компаниясынын башкы директору Алтынай Абдыкеримованын кайрылуусунда көрсөтүлгөн.

Өкмөт коронавирус пандемиясынын айынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу ишкер чөйрөнүн буга чейинки салык карыздарын төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу боюнча 12-июнда токтом кабыл алган. Парламент 25-июнда «Салык карыздарын, алардын туумдарын, пайыздарын жана айып пулдарын төлөөнү токтотуп туруу» боюнча мыйзам кабыл алган.

Бирок салык карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча өз убагында кабардар болбой калган ишкерлер азыр эми салык органдарынын кысымына дуушар болуп жатканы белгиленди.

Кечиккен жеңилдик, сая түшкөн салык карызы

Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Алтынай Абдыкеримова салык органдары пандемия маалында иши токтоп калган ишкерлерге жеңилдиктер тууралуу түшүндүрмө бербей, азыр эми аларга салык карыздары боюнча кысым кылып жатканын айтты:

Алтынай Абдыкеримова.
Алтынай Абдыкеримова.

«Биздин бизнестин өкүлдөрү ошол өкмөттүн токтому менен, кийин мыйзам менен бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууну өз убагында билбей калышкан. Негизи салык органдары аларга эскертип, ошол боюнча өз убагында арыз берип, салык карыздарын төлөө мөөнөттөрүн артка жылдыруу боюнча түшүндүрмө беришкен эмес. Ошонун кесепетинен алар убагында арыз бере албай калган. Азыр эми салык органдары алардан салык карыздарын төлөөнү талап кылып, кысымга ала башташты. Биз болсо салык органдарынын кызматкерлерине өкмөттүн токтому жана мыйзамдын талабы боюнча айтсак, алар кайра ишкерлер өз учурунда арыз жазбаганын айтып, күнөөнүн баарын кайра алардын өзүнө оодарып коюшту. Салыкчылар салык карыздарын төлөтүү боюнча катаал чараларды колдонуп, алардын жүгүртүүдөгү каражаттары турган банк эсептерине бөгөт коюп кыйнап жатышат. Натыйжада ошондой салык карыздары бар ишкерлер жүгүртүүдөгү бир аз акчасын алдырып коюп, банкрот болууда. Аларга иштегенге мүмкүнчүлүк берип, салык карыздарын аз-аздан төлөөгө шарт түзүлгөн эмес. Ал эми пандемиядан кийин кыйналган ишкерлердин иши жүрүшпөй, эми гана аракет кыла баштаса, аларды салыкчылар кысымга алып, бюджетти толтуруу деген негиз менен мурдагыдан калган салык карыздарын төлөөгө мажбурлашууда. Алар салык карыздарын төлөшөт. Бирок ага убакыт берилсе болот эле го?».

Быйыл март айынан бери көптөгөн ишканалар иштебей, салык чогултуунун жүрүшү начарлап, мамлекеттик бюджетти толтуруу чоң маселеге айланганы белгилүү. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы казынага каражат топтош үчүн салык жашыруу фактыларын аныктап, мурдагы салык карыздарын өндүрүү чараларын күчөтүүгө киришкен.

Банк эсептеринен алынган акча

Салык кодексинин талаптарын жетекчиликке алган салык органдары жапырт түрдө салык карыздарын камсыз кылуу тууралуу чечимдерди кабыл алып, салыктан карызы бар ишканаларга 15 күн ичинде карыздан кутулуу боюнча эскертүүлөрдү жибере баштаган.

15 күн ичинде салыктан карызы барлар өз ыктыяры менен төлөбөсө, анда Салык кодексинин 74-беренесине ылайык, салык органы анын колундагы каражатынын эсебинен салык карызын өндүрө тургандыгы кайрылууда көрсөтүлгөн.

Алтынай Абдыкеримова буга байланыштуу салык органдары соттун чечими жок эле жеке ишкерлер менен ишканалардын банк эсептерине бөгөт коюп, андагы каражатты казыналыкка которткон фактылар бар экенин билдирди:

«Компаниялардын банк эсептериндеги акчасын алып коюшуп, анан иш жүзүндө кийин банк өкүлдөрү «бүгүн сиздин эсебиңизден мынча акча салык органдарынын берген катынын негизинде казыналыкка которулду» деп гана эскертип жатышат. Негизи банк эсептерин бөгөп, андагы акчаны котортуу соттордун чечимдери боюнча жүрүшү керек эле. Бирок соттун чечими жок эле ишкерлердин банк эсептерине бөгөт коюп, алардын макулдугу жок, салык карызына туура келгидей өлчөмдөгү акча каражаттары ал жактан алынып жатканы туура эмес. Ишкердин банк эсебинде акча жок болсо, анда акча түшкөнгө чейин күтүп, акча түшөрү менен банк салык органдарынын мурда берилген суроо-талабын аткарууну камсыздап жатат. Буга Салык кодексинин талаптары негиз болуп жатканы менен ишкерлердин менчик укугун коргой турган башка мыйзамдарга көңүл бурулбай калып жатат. Анан дагы ишкердин акчасы жок, бирок анын башка бирөөлөрдө аласасы болсо, салык органдары акчаны үчүнчү тараптын банк эсебинен котортуп алуу боюнча да чара көрө алат экен. Биз ушуга түшүнө алган жокпуз».

Ал эми салык органдары салык карыздарын өндүрүүнү камсыздоо чараларын соттун чечими жок эле колдонууга мыйзам жол бере турганын жүйө келтиришти. Анткени Салык кодексине ылайык, салык органы кабыл алынган чечимдин жана салык төлөө талабын аткаруунун негизинде ишкердин банк эсебинен акча каражатын алууга укугу бар экени белгиленген. Бирок кайсы бир чекти караган салык карызынын өлчөмү анда көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан Мамлекеттик салык кызматы мыйзамдуу чаралардын натыйжасында буга чейин төлөнбөй келген салык карыздарын өндүрүүнүн эсебинен быйылкы октябрь айынын салык чогултуу планынын көрсөткүчү 1,4 млрд. сомго ашык аткарылганын жарыялады.

«Кысым эмес, мыйзамдуу чара»

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков ар бир салык карызынын жагдайына жараша өзүнчө чечим кабыл алына турганын айтып, аны ишкерлерге карата кысым катары кароого мүмкүн эмес экенин белгиледи:

Эркин Сазыков.
Эркин Сазыков.

«Мамлекеттик салык кызматы бул маселеде мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде милдеттерин аткарып жатат. Салык карыздарын өндүрүү чаралары Салык кодексинде каралган тартипте жана мыйзамдын талаптары менен аткарылууда. 15 күн мурун кабарлама жиберилип, анан анын негизинде салык карызын төлөтүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Мунун бардыгы мыйзамда көрсөтүлгөн. Анткени салыктан карызы бар жаран аны төлөөгө милдеттүү. Соңку беш ай аралыгында салык чогултуу планынын ашыгы менен аткарылып жатышы да ошол салык чогултуу тартибин күчөтүүгө жана андагы кемчиликтерди жоюуга байланышкан факторлордон улам жүзөгө ашууда. Болбосо салык чогултуудагы мындай көрсөткүчтөр оңой менен ишке ашмак эмес. Анан мындай шартта салык органдарынын жүргүзүп жаткан аракеттерине ишкерлерди кысымга алуу катары мүнөздөмө берүү туура эмес. Бул жерде бардыгы мыйзамда каралган тартипте аткарылып, мыйзамдын талабын сактоонун негизинде гана салык чогултуу ишинде бир топ жылыш байкалды».

Ишкердин үшүн алган текшерүүлөр

Буга чейин фискалдык жана укук коргоо органдары кимиси көп коррупцияга каршы банктык эсепке акча которот деген негизде өз ара атаандашып, ишкерлерден акча опузалаган учурлар бар экени айтылган.

Ошондой эле жыл сайын дайындалган салык планын аткаруу көрсөткүчү, салык органдарынын кандай гана катаал чаралар болбосун салыктын жетиштүү топтолушун камсыз кылуу милдети ага түрткү болгону талкууланып келген.

Бизнес-омбудсмендин кеңсеси тараткан учкай маалыматта бюджетти толтуруу милдетинин аркасы менен ишкер чөйрөгө басым күчөп жатканы айтылып, бул жагдайга аталган мекеменин тынчсызданып жатканы көрсөтүлгөн.

Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит буга чейин кыргыз өкмөтүнө ушул маселе тууралуу бир нече ирет кайрылганын белгилеп, катаал чаралар аркылуу бюджеттин таңкыстыгын жоюу мүмкүн эмес экенин жана бул үчүн натыйжалуу экономикалык реформа керек экенин эскерткен.

Анда ал ансыз да пандемиянын айынан жабыркаган ишкер чөйрөнү кысымга алып, кыйнабай, фискалдык текшерүүлөрдү токтотуп, бийликти бизнестин өнүгүшү үчүн шарт түзүүгө үндөгөн. Буга чейин Экономика министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдардын ишканаларды пландуу текшерүүсүнө тыюу салган мораторий узартылганын жарыялаган.

Бирок айрым ишкерлер ага карабастан ар кандай жасалма арыздардын негизинде фискалдык органдардын негизсиз текшерүүлөрү улантылып жатканын айтышууда.

Балык чарбасынын башчысы Ренат Досаев бизнести ошондой арыздар аркылуу текшерип, ага басым жасаган аракеттер бар экенин айтып, ага мисал келтирди:

Бир эле арызын бир нече ирет улам кайталап жаза бере турган жазмакер ушундай адамдар бар.

«Бизди азыр тиешелүү фискалдык органдар кандай болгон күндө да текшерип жатат. Анткени текшерүүгө мораторий киргизилгени менен мыйзам боюнча арыз жазылган учурда ИИМ болобу, Мамлекеттик салык кызматыбы же Финансы полициясы болобу, бардыгы арызды карап, териштирүү ишин жүргүзөт экен. Бирок бизде бир эле арызын бир нече ирет улам кайталап жаза бере турган жазмакер ушундай адамдар бар. Анан текшерүүчү органдар да алар улам арыз жазган сайын алардын арыздарынын негизинде кайра эле баягы текшерүүлөрүн баштай берет. Ошентип улам эле кайра текшерүүлөр жүрүп, ишке тоскоол болгон учурлар аз эмес».

Анткен менен Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков салык жашырбай, кирешесинин көлөмүн так көрсөтүп, мыйзамдуу иштеген ишкерлерге эч кайсы салык кызматкери басым жасай албай турганын белгиледи.

Ал азыркы учурда салык чогултуу тармагындагы башкаруу күчөтүлүп, фискалдык саясаттын алкагында салык алуу тартибин электрондук жоболоштуруу буга чейин жабык иштеп келген айрым ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн бушайманга салганын айтты:

«Мурда салык төлөөчүлөр кагаз түрүндө гана отчёт тапшырып, салыктан кирешесин жашырган учурлар болсо, азыр бизде электрондук автоматташтыруу тутумуна кошулгандан кийин бир топ ишкерлер андай көмүскөдө калып кетип, салык төлөгөндөн оңой эле кутулуп кете албай калышты. Анан бардыгы жайында болсо эле биздин салык органдары ал ишкерлердин тынчын алып, жөндөн-жөн эле алардын ишине тоскоолдук кыла беришпейт. Кандайдыр бир мыйзам менен көйгөйү болгондо гана аларга карата ар кандай териштирүү иштери жүрүшү мүмкүн».

2019-жылдан баштап, үч жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда ишкердикти текшерүүгө тыюу салган өкмөттүн токтому чыккан. Анда кылмыш же административдик иштер козголгон учурлардан сырткары ишкердик субъектилерин негизсиз текшерүүгө жол бербөө боюнча талап киргизилген.

Бирок Кыргызстандын Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов кийинки убакта буга чейин ачык иштеген ишканаларга жана чет элдик инвесторлорго карата кирешесинин көлөмүн жана салыкты жашырууга байланышкан ар кандай шылтоолор менен салык органдары менен Финансы полициясынын үстөккө-босток негизсиз текшерүүлөрү күчөгөнүн билдирди.

Темирбек Ажыкуловдун айтымында, кайра эле ачык иштеген ишканалар кысымга кабылып, аткезчилик менен алектенген көмүскө ишкерлер жоопкерчиликтен сырткары калган өнөкөт күч алган.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

«Бизде төңкөрүш дейбизби же ыңкылап дейбизби, ошондой окуялардан кийин салык органдары жана Финансы полициясы «текшеребиз, бюджетке акча алып келебиз» деп эле буга чейин таза иштеп, расмий каттоодо турган ишканаларды барып баса калышат. Азыр эми Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев баш болуп алып «аларды сындырабыз, кустурабыз» деген куру саясий популисттик ураандарга өтүп алышты. Бул бизнес үчүн аябай кооптуу сөздөр. Анткени ошол текшерүүлөрдү ишке ашыра турган баягы эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери. Алар өзгөрүп кеткен жок. Көмүскө ишканалар алардын сол чөнтөгүнө иштеген үчүн ал жакка бара алышпайт. Аларды ачыкка алып чыгып, көмүскө ишкердиктин бетин ачып, алардын буга чейин төлөнбөй келген салыгын төлөтүп, өздөрү айткандай «кустурганга» батына алышпайт. Анткени көмүскө бизнестин, аткезчиликтин артында абдан чоң күчтөр турат. Премьер-министр ушул жагдайга көңүл бурса жакшы болот эле. Анын ордуна алар ылгабай эле бардыгын «кустурабыз, сындырабыз» дегенге өтүп алышты».

Кыргызстанда мамлекеттик текшерүүчү органдар менен бейформал топтордун кысымынан улам ишкердигин жыйнаштырып, өлкөдөн капиталын чыгарып жаткан жергиликтүү жана чет элдик компаниялар көбөйгөнү буга чейин жарыяланган болчу.

Ошондой эле айрым жергиликтүү өнөр жай ишканалары үстөккө-босток түшкөн фискалдык текшерүүлөрдөн улам өндүрүшүн токтотуп, жарым-жартылай жабылганы белгиленген.

Ушундай жагдайдан улам Улуттук статистика комитетинин отчётуна караганда, капиталдын сыртка чыгарылышы былтыркыга салыштырганда быйыл 2,5 эсе көбөйгөн. 2019-жылы ушул учурда анын көлөмү 180 миллион доллар болсо, быйыл 400 миллион доллардан ашкан. Ошондо өткөн жылга караганда 200 миллион доллардан ашуун капитал сыртка чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG