Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Насыянын жүгү, өкмөттүн убадасы


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт банктардан насыя алган адамдарды колдош үчүн бир миллиард 200 миллион сом бөлүп бермей болду.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров акча бюджеттен которуларын айтканы менен аны ишке ашыруу механизми тууралуу маалымат берилген жок.

Садыр Жапаров өкмөт банктардан насыя алган адамдарга колдоо көрсөтүү механизмин иштеп чыкканын 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушуу учурунда айтты. Анын сөзүнө караганда, каржылык булак аныкталып, жардам 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыясы барларга берилет деп чечилди. Бул үчүн бюджеттен бир миллиард 200 миллион сом жумшалат.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик», - деди ал.

Жапаров кошумчалагандай, жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилет. Алар үч айдын – декабрдын, январдын жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат. Өкмөт менен Улуттук банк анын шарттары, ишке ашыруу механизми жөнүндө маалымат бере элек.

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандардын маселеси олуттуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган. Өзгөчө пандемияда ишканалар жабылып, ири шаарларда чектөөлөр киргизилгенде банкка карызын төлөй албай калгандар наарызылыгын билдирип чыгышкан.

Август айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына насыя төлөөдө жеңилдик сурап, банктардан насыяны кечүүнү талап кылгандар мөөнөтсүз пикет башташкан. Алардын акциясы сентябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уланган.

Насыя төлөөдө кыйынчылыкка кабылгандардын башын кошкон «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марипа Алыйкулова өкмөт бөлүп жаткан бир миллиард 200 миллион сом маселени чечпей турганын мындайча негиздеди:

«Садыр Нургожоевичке бул маселе боюнча революциядан кийин 4-5 жолу кат жаздык. Булар бир миллиард 200 миллион сомду 600 миңдей үй-бүлөгө берип, «үч айдын үстөк пайызын же негизги суммасын жоюп алгыла» деп жатат. Бул акчаны 600 миң үй-бүлөгө бөлгөндө эки миң сомдон эле тийет экен. Ошондуктан маселе дагы эле чечилбейт. Азыр үйүндө наны, чайы жок отургандар толтура да. Аларды коммерциялык банктар карызга батырып салышса андан кантип чыгышат? Бир миллиард 200 миллион сом деңиздеги эле тамчы болуп калат».

Жарандар насыяны кайсы максатта алганы тууралуу Улуттук статистика комитетинин графикасы.
Жарандар насыяны кайсы максатта алганы тууралуу Улуттук статистика комитетинин графикасы.

Анын маалыматы боюнча, өкмөт насыясын төлөй албай жаткан адамдарга коронавирус пандемиясына байланыштуу жапа чеккендерге жардам деп каражат бергени жатат. Буга байланыштуу премьер-министрдин токтому чыгат.

Улуттук статистика комитетинин ушул жылдын алгачкы алты айына карата берген маалыматына караганда, жыл башынан бери 143 миңден ашык киши чакан насыя берүүчү уюмдардан жети миллиард сомго жакын насыя алган. Бул ушул жылдын I кварталында насыя алгандар тууралуу маалымат. Ал эми алардын жалпы саны боюнча так эсеп жок.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу насыя алгандар 7,6%, ал эми берилген акчанын суммасы 11,4% көбөйгөн.

Кардарлар насыянын 35,1% айыл чарба багытына, 26,1% керектөөчүлүк муктаждыктарына, 11,7% соода-саттыкка деп алышкан. Насыяны убагында кайтаруу 87,9% түзүп, былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу азайып кеткен.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Кыргызстандын экономикасынын абалын эске алганда өкмөттүн бул чечими натыйжа бербей турганын айтууда:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

«100 миң сомго чейин алынган насыяны керектөөчү насыя деп коёт. Адамдар ал акчага муздаткыч, телевизор, айрымдары мал сатып алышат. Анын ишкерликке тиешеси жок. Бюджеттен акчаны коротуп салганыбыз менен мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы, пенсия, жөлөк пул турат. Алар кантип төлөнөт? Ошол эле кезде бюджеттин тартыштыгы 30 млрд. сомдун тегерегинде деп айтылып жатат. Акча бергенден көрө насыянын пайызына байланыштуу маселени карап чыгышса жакшы болмок».

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Бирок Садыр Жапаров 14-октябрдагы парламенттин отурумунда дефицит 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан.

Ал тапта Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында ишкерлер да насыя төлөөдө кыйынчылыкка кабылганы тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Рада Туманбаева өзгөчө абал режиминде ишкерлерге насыяны төлөөнү токтото туруу боюнча чечим кабыл алынганын айтты. Ал эми мурда төлөнбөй калган каражатты бир-эки айдын ичинде кайтарып берүү боюнча талаптар коюлуп атканын кошумчалады. Муну «Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү» ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов да ырастады:

«Ишкерлер 3-4 айдан кийин насыяны төлөй башташты. Бирок ошол убакыт ичинде төлөмдүн суммасы көбөйүп кетти. Себеби, банктар карызды кечкен жок же үстөк пайызын азайткан жок да. Алар болгону «карызыңар бар, бирок үч айдан кийин төлөй баштайсыңар» деген. Ошол эле кезде азыр иш да жакшы болбой жатат. Чек аралар жабык, доллар көтөрүлүп атат, революция да болуп кетти».

Улуттук банк август айында банктарда жана чакан насыя компанияларында 200 миңдей насыя реструктуризация болгонун билдирген. Муну менен насыялардын 50% ашыгынын төлөө мөөнөтү узарган эле.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG