Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Пандемияда 50% ашык насыянын төлөө мөөнөтү узарды


Кыргызстандын улуттук валютасы.
Кыргызстандын улуттук валютасы.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу банктарда жана чакан насыя компанияларында 200 миңдей насыя реструктуризация болду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-августтагы брифингде билдиргендей, муну менен насыялардын 50% ашыгынын төлөө мөөнөтү узарды. Анын жалпы суммасы 80 миллиард сомду түзөт.

Толкунбек Абдыгулов насыялардын төлөө мөөнөтүн жылдыруу иштери улана турганын кошумчалады.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы экономикага олуттуу зыян алып келди. Марттын аягында киргизилген карантиндик чектөөлөр эки айга созулду. Коомчулукта насыя алгандардын арасында аны төлөй албай калгандар көп болууда. Буга чейин бир катар банктар насыя төлөө шартын жеңилдетип, мөөнөтүн узарткан.

Быйыл мартта Улуттук банк COVID-19 пандемиясынан улам коммерциялык банктарга насыяларды өз убагында төлөй албагандарга туум кошууга тыюу салган. (NT)

XS
SM
MD
LG