Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Абжапарова: Миңден ашык кишинин ипотека насыясын төлөө мөөнөтү жылды


Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу 1-апрелден бери миңден ашык жарандын ипотекалык насыясын төлөө мөөнөтү артка жылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору Элмира Абжапарова 13-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, компания түзүлгөндөн бери беш жыл аралыгында 5,5 миллиард сомдук 4 700 насыя берилди.

"Ушул жылдын апрель айында биз 42 миллион сомдук насыянын төлөө мөөнөтүн артка жылдырдык. Төлөө убактысын артка жылдырыш үчүн жарандар өздөрү насыя алган банкка арыз бериши керек. Андан кийин биз аны карап чыгабыз".

Элмира Абжапарованын маалыматына караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания 1-майдан тартып 2,5 миңден ашуун үй-бүлөнүн пайыздык ченемин бир пайызга азайтты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы экономикага олуттуу зыян алып келди. Марттын аягында киргизилген карантиндик чектөөлөр эки айга созулду. Коомчулукта насыя алгандардын арасында аны төлөй албай калгандар көп болду.

Буга чейин бир катар банктар насыя төлөө шартын жеңилдетип, мөөнөтүн узарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG