Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Карантинде чыгымсыз үйлөнгөн жаштар


Айбек Алмазов жана Айдай Токтогул кызы.
Айбек Алмазов жана Айдай Токтогул кызы.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу той-аштарды жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок карантин учурунда ондогон жаштар үй-бүлө курду.

Бишкек шаарынын тургуну Элзада Чынарбекова бир ай мурда турмушка чыккан. Жолдошу экөө тойду бир нече ай мурун пландап, атүгүл тойканага акчасын төлөп, чакыруу кагаздарына чейин таратып коюшкан экен.

«Үйлөнгөн күндүн эртеси эле үйдө коноктор көп болуп, жаңы келген келиндин уйкусу канбай кыйналат го. Менде андай болгон жок. Эч ким келин көрөм деп келген жок».

Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал шартында Элзаданын тою шаан-шөкөтсүз өттү.

Элзада Чынарбекова.
Элзада Чынарбекова.

«Тоюбузду 4-апрелге белгилеп, тойкананы тандап, бардык даярдыктарды көрүп койгон болчубуз. Анан эле мартта той-аштарга тыюу салынганын уктук. Кайненем «анда келинди үйдөн алып кетели, жакшылыкты токтотпойлу» деп айтты. Ошентип үйүмдөн алты адам алып кетти. Күйөөм менен кошуна жашагандыктан кыйынчылык болгон жок. Анын үйүнө да туугандар келген жок. Эртеси, андан кийин да келин көрүп келем дегендер болбоду. Эми карантин бүтсө элди чакырып, батасын алсак деп турабыз. Жылкынын, тойкананын акчасын камдап отурабыз. Бирок мен акыркы кырдаалдан кийин көп киши катышкан тойду каалабай калдым».

Өкмөт эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө 17-мартта тыюу салган. Өкмөттүн ал токтомуна ылайык, Бишкектеги жана аймактардагы жүздөгөн тойканалар убактылуу жабылган.

Кочкор районунун тургуну Айбек Алмазов карантинде баш кошкон ондогон жубайлардын бири. Ал да башкалар сыяктуу келинчеги менен үйлөнүү тоюн алдын ала пландап алган, бирок кырдаалга жараша тойдун форматын өзгөрткөн. Айбек азыркы жагдай жаштар үчүн үнөмдүү шартта үйлөнүүгө шарт түзгөнүн айтты:

«Келинчегим экөөбүз 1-класстан бери чогуу окуганбыз. Үч жыл кыз-жигит болуп жүрдүк. Тоюбузду 9-апрелге белгилегенбиз. Анан 15-апрелге жылдырдык. Бирок абал өзгөрбөгөнүнө байланыштуу 18-апрелде үйдө эле өткөрө берели деп чечтик. Негизи мен деле ысырапка каршымын, дүңгүрөгөн той деле бергим келген эмес. Бирок Бишкекке барып, жаштар үчүн чакан кече уюштурабыз деп ойлогонбуз. Шаарга өтө алган жокпуз. Ал эми Бишкектеги досторумдун көбү бизге келе алган жок. Айылдагы туугандарыбыз чогулду. Кадимкидей көшөгө тартылып, ак жоолук салып, калпак кийип отурдук. Эстеликке телефонго сүрөткө түшүп койдук».

Той үчүн чогулткан акчаны жаңы түптөлгөн үй-бүлө өз бюджетине жумшай турган болду. Айбектин 20 жаштагы келинчеги ​Айдай Токтогул кызы буларды кошумчалады:

Айбек Алмазов жана Айдай Токтогул кызы.
Айбек Алмазов жана Айдай Токтогул кызы.

«Биз жаштарга өзүнчө чакан той өткөрөбүз деп ак көйнөгүмдү камдап койгом. Себеби ар бир кыз ак көйнөк кийгиси келет эмеспи. Бирок мен кырдаалды туура эле кабыл алдым. Себеби той бергени да, бербегени да бирдей эле жашайт деп ойлойм. Акча жетишпей калса карызга алып, аны төлөйбүз деп жүдөбөй, тынч эле жашаганыбыз оң го».

Акыркы он жылда кыргыз коомунда той-аштар ашыкча ысырапкорчулук менен өтүп жатканы байма-бай айтылып келсе да биринен-бири өтүп жарышкан, насыяга байланган тойлорго чектөө киргизүү багытында олуттуу кадамдар жасала элек болчу.

Экономисттер кыргызстандыктар жылына аш-тойго 2 миллиард доллардан ашык акча жумшаарын да эсептеп чыккан. Өз алдынча иликтөөлөрдө Кыргызстанда бир жыл ичинде жарым миллиондон ашык үй-бүлө ар кандай той өткөрөөрү белгиленип жүрөт.

Жыйырма жылдан бери той алып барып жүргөн тамада Мади Итикеев белгиленген той өтпөй калган учур буга чейин болбогонун айтты:

Мади Итикеев.
Мади Итикеев.

«Карантин маалында онго жакын той өтпөй калды. Алар балким күзүндө өтүшү мүмкүн. Негизи акыркы жылдары той сезонго карабай жыл бою өтүп турчу. Ошон үчүн жазында деле той өткөргөндөр көп эле болчу. Биздин элдин менталитетине байланыштуу туугандары, ондогон адамды чакырып батасын алууну эп көрүшөт. Азыр эми тойлор токтоп, бул чөйрөдө иштегендер үчүн да залакасы тийиши мүмкүн деп айтылууда. Андай учурга баарыбыз даяр болушубуз керек».

Социолог Айнура Усубалиеванын айтымында, соңку кырдаал адамдардын ой жүгүртүүсүнө, көз карашын өзгөртүүгө шарт түзүп жатат. Бул болсо келечекте аш-тойлордун форматына да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Айнура Усубалиева.
Айнура Усубалиева.

«Той үчүн насыя алуу ысырапка себеп экени көп эле жолу айтылып келген болчу. Аны төлөш үчүн Орусияга кетип, же ал жактан келген акчага той өткөргөн адамдар аз эмес. Учурда вируска байланыштуу тойлор өтпөй жатканы менен, бирок алар таптакыр токтоп калат же өзгөрөт деп айтуу азырынча эрте. Себеби адамдардын аң-сезими өзгөрүшү керек. Алар ушул пандемия учурунда кайсы бир нерселерге болгон мамилесин өзгөртүүгө да аракет кылышы керек».

Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда той-аштарды чектөө боюнча атайын мыйзамдар бар. Мисалы, Тажикстанда үйлөнүү тоюнда 150дөн ашык адам чакырууга, үчтөн ашык машине менен чыгууга тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG