Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Өлкөдөн чыккан миллиард доллардын чатагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Атайын кызмат 1993-2002-жылдар аралыгында чет элдик банктар менен келишип алган коррупциялык схемалардын негизинде Кыргызстандан 1 миллиард доллар өлчөмүндө насыя-акча каражаты чыгарылып кеткенин ырастаган документтер табылганын жарыялап, тергөө амалдарын баштады.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда кырктан ашуун насыя мамлекеттик үлүшү бар ишканаларга өкмөттүн кепилдиги менен алынып, мамлекеттин алтын-валюта корунун бир бөлүгү күрөөгө коюлуп, насыя акча уурдалып, ал эми күрөөдөгү алтын чет элдик банктардын колунда калганы көрсөтүлгөн. Бул боюнча Москвадагы Акаевдердин үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы, мурдагы финансы министри Марат Султанов ал ишканалар атайын банкрот болуп, насыялар төлөнбөй, алтын күрөөдө калганын ырастады.

"Сол чөнтөккө" кымырылган насыя

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 1993-2002-жылдары Кыргызстандын ошол кездеги жогорку кызмат адамдары чет элдик банктар менен келишип алып, тамак-аш, жеңил өнөр жайы, фармацевтика, тоо, кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү деген шылтоо менен алынган насыяларды кымырып алган фактыларды аныктады.

Буга байланыштуу тергөөнүн корутундусунда «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АК, «Жибек-Жолу» АК, «Казкоммерцбанк», «Жылдыз» АК, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АК, «Чүй агроөндүрүш компаниясы», «Ала-Тоо» мейманкана-ресторандар комплекси, «Кыргыз Агробизнес» компаниясы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы өкмөттүн кепилдиги менен чет элдик банктардан бир миллиард доллар өлчөмүндө 40тан ашуун насыя алган.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов насыя акча өлкөгө келбей, күрөөдөгү алтын чет элдик банктарда калганын тергөө аныктап чыкканын айтты:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Бул насыяларды алуу учурунда республиканын алтын-валюта корунун кайсы бир бөлүгү күрөөгө коюлуп, бирок ал алтын кийин кайтарылган эмес. Насыялардын акчасы биздин өлкөгө келбестен, чет элдик банктардан кайра башка чет элдик банк эсептерине которулганы иликтөө учурунда аныкталган. Насыя алган ишканалар атайын эле банкротко учуратылып, жоюлуп кеткен. Күрөөгө коюлган алтын резервинин бир бөлүгү насыя берген чет элдик банктарда калып кеткен».

Ошол кезде өлкөнү мурдагы президент Аскар Акаев башкарып, 1993-жылдан 2002-жылга чейин өкмөттү Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев жана Курманбек Бакиев жетектеп турган.

2005-жылы бийликтен кеткен мурдагы президенттин жубайы Майрам Акаева «Азаттык» радиосуна жаңы кыргыз бийлиги тараткан бул маалымат боюнча Аскар Акаев жакында кеңири билдирүү жасай турганын айтуу менен чектелди. Ал эми мурдагы өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышевге чалып, анын жетекчилиги учурундагы өлкөдөн ири өлчөмдө акча чыгарып кетүү жагдайлары тууралуу пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиев 1 млрд. доллар өлчөмүндөгү насыяга алынган акча уурдалып кеткен кыңыр иштер тууралуу укпаганын айтты:

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

«Менин бул тууралуу кабарым жок. Муну терең иликтеп көрүш керек. Ошондой иштер болгону тууралуу биз кезинде билген эмеспиз. Ошондуктан бул маалымат каяктан чыкканын иликтеш керек. Мен өкмөт башчысы болуп турган кезде мындай маселе чыккан эмес».

Чет элдик банктардан өкмөттүн кепилдиги менен насыяларды алуу үчүн Улуттук банкта сакталган мамлекеттин алтын-валюта резервинин бир бөлүгү күрөөгө коюлган. Бирок УКМК тараткан учкай маалыматта күрөөгө коюлган алтындын так көлөмү көрсөтүлгөн эмес. 1992-1993-жылдары Кыргызстандын алтын-валюта корун кармаган Улуттук банкты маркум Кемелбек Нанаев жетектеп турган. Ал кезде «алтын чатагы» деген ат менен белгилүү бул ишти маркум Турдакун Усубалиев баштаган парламенттик комиссия иликтеп, бирок аягына чыга алган эмес.

Кийин Улуттук банктын төрагасы болгон Марат Султанов анын учурунда мамлекеттин алтыны күрөөгө коюлбаганын айтып, этикалык себептерден улам ага чейинки кыңыр иштер тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү туура көрбөдү:

Марат Султанов
Марат Султанов

«Мен Улуттук банкты жетектеп турган мезгилде алтын запасынын эсебинен чет элдик банктарга күрөөгө коюлган учурлар болгон эмес. Ал эми 1992-93-жылдары алтынды сыртка чыгаруу окуясы боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу чыкканы коомчулукка белгилүү. Ошого байланыштуу алтын каякка чыгарылып кеткенин издеп, биз УКМКнын, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен биргеликте Европага чейин барып, бирок анда бизге толук маалыматтар берилбей калган. Ошол мезгилде алтындын чыгарылып кеткени боюнча кылмыш иштери ачылган. Азыр ал тууралуу айтуу бир аз туура эмес болуп калат. Анткени каза болуп калган киши тууралуу жаман сөз сүйлөгөнгө болбойт. Анан калса, жаманбы-жакшыбы мен ал кишинин кол астында иштеп калганмын».

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубан Мамбеталиев 2010-жылы бир чет элдик компания кыргыз бийлигине мурдагы мамлекет башчыларынын учурунда ар кандай коррупциялык схемалар аркылуу өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондогон доллар акчаны кайтаруу үчүн кызматташууну сунуштап, бирок ал сунуш четке кагылганын айтты:

Кубан Мамбеталиев.
Кубан Мамбеталиев.

«Ал компания бизге ошондой сунуш менен чыккандан кийин, демек акча кандай жолдор менен чыгарылып кеткенине алардын көздөрү жеткен. Ошондуктан ал компаниянын кожоюндары Акаев менен Бакиевдин учурунда Кыргызстандан чыгарылып кеткен акча каражаттарын кайтарып, бере алабыз деген. Шарт боюнча аларга биз акчаны издегенге макулдук гана берип, аны расмийлештирип, кийин табылганын акчанын 1,5 пайызын алар акы катары ала турган болушкан. Бизден эч нерсе кетмек эмес. Бирок биздин ошол кездеги бийлик башында макулдук берип, бирок компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келген кезде алар менен жолукпай, качып коюшту. Алар Бишкекте 4-5 күн күтүп турушту. Бирок биздин бийлик кабыл алган жок. Кийин Алмазбек Атамбаев бийликке келген кезде дагы бир жолу аракет жасап көрдүк. Бирок анда деле муну ишке ашырууну каалаган эч ким болбоду».


2005-жылдагы элдик толкундоонун натыйжасында келген бийлик качкын президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана анын жакын чөйрөсү сыртка чыгарып кетиши мүмкүн деген акча каражатын издөө үчүн «Либерман» эл аралык юридикалык компаниясын жалдап, бирок андан жыйынтык чыккан эмес.

2010-жылы өлкөдөн качкан Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын чет элдик банк эсептерин таап чыгууну убада кылып, бирок натыйжа болгон жок.

XS
SM
MD
LG