Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Канадалык фирма жана Жапаровдун командасы


Садыр Жапаров Кочкордо. 2020-жылдын 25-октябры.
Садыр Жапаров Кочкордо. 2020-жылдын 25-октябры.

Эл аралык «Foreign Lobby Report» агенттиги Кыргызстандын жаңы бийлиги башка өлкөлөрдөн жардам алыш үчүн «Dickens&Madson Canada» компаниясы менен келишим түзгөнүн жазды.

Басылма чет элдик фирма израилдик экс-чалгынчыга караштуу экенин, ал АКШ менен Жакынкы Чыгышта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын коргош үчүн бир миллион доллар алары белгиленет. Жапаровдун администрациясы окуяга башкача түшүндүрмө берүүдө.

Күмөндүү келишимдин изи

Чет элдик лобби темасын иликтөөгө адистешкен «Foreign Lobby Report» медиа-мекемеси Кыргызстандын бийлигине байланыштуу материалын өзүнүн foreignlobby.com сайтына 3-ноябрда жайгаштырды.

Басылманын негиздөөчүсү жана башкы редактору Жулиан Пеккет (Julian Pecquet) өз макаласында, бийликке жаңы келген Садыр Жапаров АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин аткаминерлери менен жолугушуусу үчүн чет элдик компанияны жалдаганын жазды.

Жулиан Пеккет.
Жулиан Пеккет.

«Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоону, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды», деп белгилейт Жулиан Пеккет.

Иликтөөдө келишим АКШнын Юстиция министрлигинин сайтынан табылганы жазылып, ал да кошо тиркелген. Документте көрүнүп тургандай Садыр Жапаровдун атынан кыргызстандык Карчыгаев Абдыманап Жолдошевич кол койгон. Карчыгаев буга кошумча өзү ээлик кылган «Ренессанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын мөөрүн баскан.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маселе боюнча «Азаттык» радиосуна комментарий берип, Садыр Жапаровдун бир млн. долларлык документке жана лобби боюнча келишим түзүүгө эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекет жеке компаниялардын келишимдерин көзөмөлдөбөйт. Демек, мамлекет башчы тараптан бул сыяктуу макулдашууга кол койгону жөнүндө сөз да болбошу керек. Кол койгон тараптар Садыр Жапаровдун атын жамынып алышы мүмкүн. Башкача айтканда, президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок», - деди Галина Байтерек.

Ал ошондой эле муну келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу кайсы бир тараптарды каралоо болушу мүмкүн деп баалады.

Мунун алдында «Азаттык» Абдыманап Карчыгаевдин өзү менен байланышууга аракет кылган. Бирок аны менен сүйлөшө алган жокпуз. Анын уулу, «Ренессанс» компаниясынын директору Алтынбек Карчыгаев кеп болгон келишимге кол коюлганын ырастаган. Ал иштин деталдары тууралуу кыскача гана маалымат берип, чоо-жайы тууралуу комментарий берүүдөн карманды.

«Азырынча эч нерсе айта албайбыз. Келишим түзүлгөн, ооба. Анын негизги максаты тышкы карызды жоюу болчу. Атам ошонун үстүндө иштеп жатат. Андан башкасын айта албайбыз. Калган маселелер боюнча атам өзү түшүндүрмө берет. Анткени фирмага мен, иним жана карындашым ээлик кылабыз, бирок фирманын атынан жумуштарды, сүйлөшүүлөрдү атам өзү жүргүзөт», - деди ал.

«Азаттык» радиосунун: «Анда Садыр Жапаровдун атын эмнеге колдонуп жатасыздар?» деген сурообузга Алтынбек Карчыгаев «ага комментарий бере албайм» деп гана жооп берди.

Документке Садыр Жапаровдун атынан Абдыманап Карчыгаев кол койгон.
Документке Садыр Жапаровдун атынан Абдыманап Карчыгаев кол койгон.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөндөй, «Ренессанс» фирмасынын кожоюндары катары Алтынбек Карчыгаев, Кайратбек Карчыгаев жана Күмүшай Абдыманап кызы турат. Мекеменин дареги катары Бишкектин Ак-Ордо конушу көрсөтүлгөн. Ал эми Абдыманап Карчыгаев өзү башка он чакты фирмага ээлик кылары ушул эле сайтта баяндалып турат. Карчыгаев ошондой эле мурдараак Орусияда бир нече фирма ачып, кайра жапканы орусиялык салык мекемелеринин баракчаларынан көрө алабыз. Ачык булактарда ал тууралуу башка маалыматтар азыраак.

Дагы бир көңүл буруучу жагдай - Абдыманап Карчыгаев менен Алтынбек Карчыгаевдин аты-жөнү Кыргызстандын шайлоочуларынын онлайн тизмесинен чыккан жок.

Канадалык компаниянын талаштуу таржымалы

Канаданын өкмөттүк порталы «Dickens & Madson Canada Inc» фирмасы Монреаль шаарында катталганын, 19 жылдан бери иш алып барарын, анын жетекчиси Ари Бен-Менаше экенин ырастап турат. Азырынча бул компания менен байланышып, кыргыз тарап менен түзүлгөн келишими тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек. Бирок ачык булактардан бул компаниянын ишмердигине жана жетекчисинин таржымалына байланыштуу бир топ талаштуу маалыматтарды таптык. Алардын айрымдарына токтоло кетели.

Ари Бен-Менаше.
Ари Бен-Менаше.

Кошмо Штаттардын чет өлкөлүк агенттерди каттаган реестриндеги маалыматка ылайык, «Dickens & Madson Canada Inc» 2019-жылдын 7-майында Судандын жаңы бийликке келген Өткөөл аскердик кеңеши менен алты миллион долларлык келишим түзгөн. Ага фирманын кожоюну Ари Бен-Менаше менен Судандын аскердик кеңешинин жетекчисинин орун басары, дарегине бир топ сын айтылган генерал Мохамед Хамдан Дагало кол койгон.

Канадалык лоббистик фирма Судандагы аскердик жетекчилердин имиджин оңдоо, аларды медиада жакшы жагынан чагылдыруу жана кызыкчылыктарын алга сүрөө үчүн АКШ, Орусия, Сауд Арабиясы сыяктуу бир катар өлкөлөрдө иш алып барууга бел байлаган. Ошондой эле жаңы бийликке АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын жогорку жетекчилери менен менен жабык сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүүгө убада берген. Мындан тышкары Судандын армиясын каражат жана жардам менен камсыз кылуунун жолдорун сунуш кылган. Маселен эгер Судан тарап Ливиядагы борбордук бийлик менен күрөшүп келген генерал Халифа Хафтардын армиясына аскердик жардам көрсөтсө, ал жактан каражат келерин белгилеген.

Былтыр апрель айында Суданда өкмөткө каршы узакка созулган акциялардын натыйжасында президент Омар аль-Башир бийликтен кулатылып, көзөмөл генерал Хамдан Дагало сыяктуу армия жетекчилеринин колуна өткөн. Армия бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүгө убада бергени менен июнь айында демократиячыл митингчилерге ок аткан. Натыйжада 100дөн ашуун адам мерт болгон.

«Dickens & Madson Canada Inc» фирмасынын Судан менен мындай келишими былтыр жайында Канаданын маалымат каражаттарында бир топ талкууланган. 2019-жылдын 30-июнунда «Amnesty International» укук коргоо уюму Канаданын өкмөтүнө кайрылып, Монреалда катталган лоббистик фирманын Судан менен талаштуу келишимин иликтеп чыгууга чакырган. Уюм Судандагы убактылуу кеңеш бир топ укук бузууга жол бергенин, ондогон адамдардын өлүмүнө себеп болгонун белгилеген.

«Канадада жайгашкан агенттикти жетектеген Канада жаранынын Судандын Өткөөл аскердик кеңеши менен келишим түзгөнү терең тынчсыздануу жаратат», - деп белгилеген «Amnesty International» уюму.

Amnesty International уюму.
Amnesty International уюму.

Канадалык «The Globe and Mail» гезити былтыр декабрь айында жазгандай, Бириккен Улуттар Уюмунун Ливия боюнча эксперттер тобу судандык миңдей аскердин Ливияга талаа командиринин күчтөрүнө колдоо көрсөтүш үчүн жөнөтүлүшүндө «Dickens & Madson Canada Inc» компаниясынын кандай ролу болгонун иликтөөгө киришкен. Азыр ал иликтөөдөн кандай майнап чыкканы так белгисиз. Фирманын кожоюну Ари Бен-Менаше аскерлердин мыйзамсыз жөнөтүлүшүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Ал былтыр «Би-Би-Синин» «Newshour» программасына маек куруп, Судан менен келишимде айтылган убадаларды аткара аларына ишендирүүгө аракет кылган.

«Биз аларга алдыга жылууга жардам бериш үчүн, жарандык өкмөттү түзүш үчүн, премьер-министрге өлкөнү башкарууга көмөктөшө турган кесипкөй экономисттерди тартып келиш үчүн жана башаламан кырдаалды жөнгө салыш үчүн алар менен консультациялык келишимге кол койгонбуз», - деп билдирген Бен-Менаше.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Ари Бен-Менаше 1951-жылы Ирандын баш калаасы Тегеранда теги ирактык жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 15 жашында Израилге көчүп кетип, 1974-жылдан 1987-жылга чейин Израилдин Коргоо министрлигинде жана Аскердик чалгын башкармалыгында иштеген.

1990-жылдардын башында Израил менен мамилеси үзүлүп, өзүн «өлкөсү жок адам» катары мүнөздөгөн жана көп өтпөй Канаданын жарандыгын алган. Ал Израилдин тыңчысы катары иштеп турган учурларында көргөн-билгендери боюнча 1992-жылы китеп жазган.

Интернеттеги ачык булактарда Ари Бен-Менаше Зимбабвени 37 жыл башкарган, диктатор атыккан Роберт Мугабе жана Ливиядагы талаа командири Хафтар менен да иштешкени тууралуу маалыматтар бар. Бен-Менаше «Newshour» программасы менен болгон маегинде Мугабе менен байланышын коргоп, Хафтарды Ливиядагы «бириктирүүчү күч» деп мүнөздөгөн.

«Бир миллион доллар кайдагы акча?»

«Foreign Lobby Report» басылмасынын макаласын кыргыз медиалары да которуп, жайылта баштаганда социалдык тармактардын колдоочуларынын арасында кызуу пикирлерге жем таштады. Бир тобу муну айыптап чыкты.

«Реформа» партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мындай деди:

«Канаданын мыйзамдары боюнча лоббиге тыюу салынган эмес, аларда мындай лобби жүргүзгөн компаниялар көп эле. Бирок кеп болуп жаткан Бен-Менаш аттуу киши эл аралык лобби менен алектенип жүргөн экен. Биздин өзүбүзгө келгенде, сырткы саясат - бул мамлекеттин чоң функциясы. Аны аткара турган адамдар, бүтүндөй министрликтер бар. Тышкы саясатты президент аныктайт, өкмөт, анын ичинде Тышкы иштер министрлиги түздөн-түз ошол милдетти аткарат. Соңку аракет болсо «ошол милдетти мамлекет, министрлик аткара албай калды, бизди эч ким тааныбай жатат, биздин колубуздан келбей калды» деп, жеке жактарга кайрылып жатканыбызды түшүндүрөт».

Сооронкулова ошондой эле, тышкы саясаттагы маселелерге жеке компаниялар жана жеке адамдар аралашып калганы да шек туудуруп жатканын белгилейт.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Ошондо да биз бул милдетти башка бир өлкөнүн чалгын кызматында иштеп кеткен адамдын колуна берип, «башка мамлекеттин жетекчилери менен мамиле түзүп бер» деп жаткандыгыбыз - маскаралык. Башкача айтканда чет элдик жаранды биздин мамлекеттин иштерине кийлигиштирип жатабыз, буга биздин мыйзамдарда тыюу салынган. Бул ачыктан-ачык мыйзам бузуу. Бул үчүн «Ренессанс» компаниясынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголушу керек. Керек болсо муну Жогорку Кеңеш да көтөрүшү керек. Жөнөкөй бизнес менен алектенген фирмага мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ким укук берди? Мамлекет башындагы адамдар менен алардын кандай байланышы бар? Бир миллион долларды ким берди? Ал кимдир-бирөөгө пара катары берилдиби, же кандай? Ал акчага салык төлөндүбү? Ушунун баарын иликтеш керек», - деди Клара Сооронкулова.

Канадалык «Dickens&Madson Canada» компаниясы менен кыргызстандык «Ренессанс» ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде экономикалык, коопсуздук жана карызга байланыштуу иштешүүдөн сырткары Бишкекке инвестицияларды тартуу маселеси да козголгон. Тагыраагы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынан жол инфратүзүмүнө, көмүргө жана мунайга байланыштуу кендерди иштетүүгө инвесторлорду табуу боюнча Эр-Риядда жана Абу-Дабиде сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү көрсөтүлгөн.

Айрымдар мындай практика өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саясаты үчүн көндүм нерсе экенин белгилешип, мында өөн нерсе жок деген ойдо турушат.

Саясатчы Равшан Жээнбеков буларга токтолду:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Кеп болгон документтин чын же жалган экендиги өзүнчө маселе. Бирок бул эл аралык практикада нормалдуу, көп колдонулган тажрыйба болуп эсептелет. Өзгөчө бизге окшогон транзиттик өлкөлөр, авторитардык багыттан демократияга багыт алып жаткан өлкөлөр өнүккөн мамлекеттер менен мамиле кылууда тажрыйбасы жок болуп, ушундай жолго барат. Мен өзүм мурдагы элчи катары да жакшы билем, көп иштерди Тышкы иштер министрлиги жасай албайт. Дипломаттардын колунан келбей калат. Ошондой учурда лоббисттик компаниялар жалданат дагы, так тапшырмалардын үстүнөн иштешет. Маселен, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили АКШга эң жакын президент болчу. Бирок ал ошого карабастан келгенден кеткенге чейин, жаңылбасам үч-төрт америкалык лоббисттик компанияны жалдап, АКШ менен мамилени оңдоого, маанилүү мамлекеттик кызматчылар менен жолугушууну уюштурууга иштетти. Анткени элчилердин потенциалы дайыма эле жетиштүү боло бербейт. Ал эми кайсы акчага жалдады - бул башка маселе, аны өзүбүздүн ичибизде териштирип алсак болот».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылыктын соңу өлкөдө бийликти жарым-жартылай алмашууга алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президентик кызматтан кетип, анын милдетин 6-октябрда түрмөдөн чыгып премьер-министрликке дайындалган Садыр Жапаров аркалап келет.

Мунун алдында эл аралык бир топ басылмалар Жапаровду криминалдык дүйнө менен байланыштырып, «Кыргызстанда «адамды барымтага алып соттолгон киши бийликке келди» деп жазып жатышкан.

Буга оро-пара Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдон башка бир да мамлекеттин жетекчиси куттуктаган эмес. Бул жагдай «Жапаровдун бийлигин башка өлкөлөр тааныбай жатат» деген кеп-сөздү жараткан.

20-октябрда «Al Jazeera» («Аль-Жазира») телеканалындагы маегинде Жапаров өзү да ушул темага кайрылган эле:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Кыргызда «чындык эшикке чыккыча, калп дүйнөнү кыдырып келет» деген жакшы сөз бар. Мен жөнүндө айтылып жаткан калптар дүйнөнү бир эмес, үч тегеренип келди. Ошон үчүн дүйнөлүк коомчулук мага ишенбей турат. Кошуна мамлекеттер, Европа Биримдиги, АКШ сыяктуу мамлекеттер жана уюмдар күмөн санап жатышат. Бирок көп күттүрбөйт, биздин айткан сөзүбүз ишибиз менен далилденет. Жакын арада, үч айдын ичинде президенттик шайлоо болот, парламенттик шайлоону да өткөрөбүз. Мыйзам алкагынан чыкпай өткөрөбүз. Ошондо биз ишибиз менен далилдеп беребиз».

Кыргызстанда конституциялык реформаларга байланыштуу парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылган. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын билдиргени менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бере элек.

Саясий жарышка ат салышуу үчүн «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев, талдоочу Бакыт Бакетаев, саясатчы Бектур Асанов, коомдук ишмер Назарбек Нышанов, экономист Кубан Чороев, ишкер Арстанбек Абдылдаев жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG